КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-июлу № 280 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө Саламаттык сактоо секторунда минималдуу мамлекеттик стандарттардыбюджеттик каржылоону жана аткарууну камсыз кылуу аркылуу саламаттыксактоо тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонунминималдуу стандарттарын аныктоо
методикасы; - 2005-жылга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттиккаржылоонун минималдуу стандарттарынын дифференцияланган
шкаласы; - облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелерин каржылоонун ар бир адамгакарата нормативинин жыныстык-курактык түзөтүү коэффициенттерининшкаласы жана аныктоо
методикасы; 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2006-жылдантартып Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттиккаржылоонун минималдуу стандарттарынын негизинде мамлекеттик бюджеттитүзүүгө даярдык көрүү боюнча иштерди уюштурсун. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонунминималдуу стандартынын негизинде саламаттык сактоого мамлекеттикбюджеттин чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү 2006-жылдантартып аныктасын; - жыл сайын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигименен бирдикте облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттыксактоону бюджеттик каржылоонун минималдуу стандартын жабуу нормативинаныктасын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу М.Керимкулов