Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-июлу № 303                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          "Мамлекеттик пошлинанын ставкаларын бекитүү жөнүндө"       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы            № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Мамлекеттик  пошлинанын  ставкаларын  бекитүү  жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн  1994-жылдын  18-июлундагы  №  521  токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:     1.5-пункттун:     - "а" пунктчасында:     - биринчи абзацта "чет өлкөлүк" деген сөздөр "жалпы жарандык"  де-ген сөздөр менен алмаштырылсын;     - үчүнчү абзацта "алты эсе" деген сөздөр "бир  эсе"  деген  сөздөрменен алмаштырылсын;     - төртүнчү абзацтагы "чет өлкөлүк" деген сөз алып салынсын;     - бешинчи  абзацта "чет өлкөлүк паспорттор" деген сөздөр "паспорт-тор" деген сөздөр менен алмаштырылсын;     - "н" пунктчасында "жалпы жарандык" деген сөз алып салынсын;     - "о" жана "у" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:"-----------------------------------------------------------------------|о) Кыргыз Республикасынын жаранына паспорт жана жалпы  |   100 сом   ||   жарандык паспорт берүүдө фамилиясын, атын, атасынын |             ||   атын жана улутун өзгөртүүгө байланыштуу             |             ||-------------------------------------------------------|-------------||у) Кыргыз Республикасынын жаранына жоголгон жана       |   100 сом   ||   жараксыз болгон паспортунун жана жалпы жарандык     |             ||   паспортунун ордун берүүдө                           |             |-----------------------------------------------------------------------                                                                      "     2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.     3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Премьер-министр                                 К.Бакиев