Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
         Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 1-мартындагы №136                            токтомуна ылайык                               КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-июлу № 304                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ              Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын             үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун наркын                           белгилөө жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  жарандарын  паспорт менен камсыздоо макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпыжарандык паспортунун наркы 330 сом өлчөмүндө белгиленсин (англиянын "ДеЛя Ру" компаниясынан алынган 10000 нуска санындагы бланктар үчүн).     2. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү  жалпыжарандык  паспортун берүүдө мамлекеттик пошлина "Мамлекеттик пошлинанынставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жыл-дын  18-июлундагы  №  521  токтомуна  ылайык эњ аз эмгек акынын бир эсеставкасынын өлчөмүндө алынат.     3. Ушул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо  органдарыныништери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 К.Бакиев