КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-июлу № 305 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпыжарандык паспорт менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуугамаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлигине 1 жылдык колдонуу мөөнөтү ме-нен берилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдынүлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторунун колдонулуш мөөнөтүн 10 жылгаузартууга уруксат берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгүжалпы жарандык паспортторун узартуу үчүн акы мамлекеттик пошлинанынбелгиленген ставкаларына ылайык алына тургандыгы белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортто-рун узартуу жөнүндө тиешелүү штамптарды даярдасын. 4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортто-рунун колдонулуш мөөнөтүн узартуу жөнүндө чет мамлекеттердин тышкы иш-тер министрликтерине маалымдасын. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо иштери боюнчабөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев