Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 238
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-майындагы № 375 "Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомунун 2 жана 10-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-декабрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен камсыздоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |