Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 25-июлундагы № 314 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 9-статьясынын отузсегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынындолбооруна тиркелген
корутундунун негизинде макулдук берилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр К.Бакиев @1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты А.А.Сабиров демилге көтөргөн «КыргызРеспубликасынын Салык
кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүнчечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карапчыгып, Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык аны төмөнкүдөй пикирлерди эске алуу менен кабыл алсаболот деп эсептейт. Статьянын биринчи сүйлөмүндөгү «ошондой эле товарларды соттунчечиминин негизинде берүүдө» деген сөздөр алып салынсын, анткениКыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 9-статьясынын «Салык салынуучужөнөтүүлөр» деген отуз экинчи бөлүгүнө ылайык салык салынуучу субъектишке ашыруучу салык салынуучу жөнөтүүлөр деген: а) Кыргыз Республикасынын аймагында говирларды жонөтүүнү; б) Кыргыз Республикасында акы төлөп жүзөгө ашырылуучу жумуштардыжана кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет. Ушуга байланыштуу товарды соттун чечиминин негизинде берүү КНСжалпы негизде салынчу жөнөтүү болуп эсептелет. Ушул статьянын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Жоголгон товарлардын суммасы Кыргыз Республикасынын Эсептөөпалатасынын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамдекеттик салык инспекциясынынөкүлдөрүнөн, салыктык консультанттан жана аудитордон турган көзкаранды эмес эксперттик комиссиянын корутундусу менен ырасталуугатийиш.». Премьер-министр К.Бакиев