Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 29-июлу N 323 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Кыргызгаз" акционердик коомунун ортосундагы маселелерди жөнгө салуу жөнүндө Республиканын калкын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуужана "Кыргызгаз" акционердик коому менен республикалык бюджеттин орто-сундагы эсептешүүлөрдү жөнгө салуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - 2005-жылдын 9 айында калк үчүн жаратылыш газына бааларды мамле-кеттик жөнгө салууга байланыштуу "Кыргызгаз" акционердик коомунун 29,9млн. сом суммасындагы сарптоолорун жабууга зарыл каражаттарды тапсынжана "2005-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-гизүү тууралуу сунушту белгиленген тартипте киргизсин; - "2005-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизгенге чейин квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентство тарабынан калкка жара-тылыш газынын сатылган көлөмү үчүн карыз фактысын ырастаган салыштырыптекшерилген актыларга жана калкка жаратылыш газын сатууга байланыштуу"Кыргызгаз" акционердик коомунун сарптоолоруна ылайык белгиленген берүүтарифтеринин ортосундагы айырманы компенсациялоо жүргүзүүгө уруксатберсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен ка-зып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов