Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 29-июлу N 330 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы N 260 "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы N 260"Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтому менен бекитил-ген Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого төмөнкүдөйөзгөртүү киргизилсин: 38-главасынын 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8. Дарыкана мекемелерге карата атайын талаптарды, анын ичиндежайгаштыруунун нормативдерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактооминистрлиги белгилейт.". 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов