Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек ш
аары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 19-августу № 385 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаевтарабынан демилге көтөрүлгөн "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзам долбооруна тиркелген
корутундунун негизинде макулдукберилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министрдин милдетин аткруучу Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикаеынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге кылынган "Мамлекеттикпошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кирги-зүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жанаКыргыз Республикасынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу мененаны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсеп-тейт. "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын МыйзамынанМыйзам долбоорунун 1-статьясында көрсөтүлгөн пункттарды алып салуу рес-публикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскарышына алып келет. Паспорт-торду берүү үчүн мамлекеттик пошлинаны жоюу республикалык бюджеттин са-паттуу аткарылышына таасир тийгизет. Алсак, паспортторду берүү үчүнмамлекеттик пошлинанын колдонуудагы ставкаларында боюджеттин болжолдон-гон жоготуулары 187,5 млн. сомду түзүшү мүмкүн "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпыжарандык паспортунун наркын белгилөө жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 304 токтомуна ылайык 60 сомөлчөмүндө мамлекеттик пошлина алынат. Фамилиясын, аты-жөнүн которуугажана улутун өзгөртүүгө байланыштуу, ошондой эле жоголгондордун жана жа-рабай калгандардын ордуна паспорт берүүдө "Мамлекеттик пошлинанын став-касын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын18-июлундагы N 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 303 токтому мененмамлекеттик пошлинанын ставкасы 600 сомдон 100 сомго чейин азайтылган. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республиканын жа-рандарына финансылык оорчулукту жењилдетүү боюнча чаралар көрүлгөн. Ко-омдун айрым социалдык жактан аярлуу катмарына мамлекеттик пошлинанытөлөө боюнча жењилдиктерди берүү аркылуу калкка андан ары жардамкөрсөтүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Буга кошумча "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам долбоорунун жањы редакциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2005-жылдын 22-июнундагы № 253 токтому менен жактырылгандыгын жана Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизилгендигин белги-лейбиз. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен көрсөтүлгөн мыйзам долбо-орун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов