ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 13-августандагы, №370 «Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө»

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2005-жылдын 13-августу № 370

Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтомунун редакциясына ылайык)

Менчиктештирүү боюнча нормативдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

       - (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобо.

      (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 токтомунун 1-пунктунун экинчи жана бешинчи абзацтары;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 277 токтомунун 2-пунктунун 2) пунктчасы.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ө. Бабанов