Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 26-марты N 168
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2005-жылдын 13-августундагы N 370 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо;
- Мамлекеттик мүлктү тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 370 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекет катышкан финансылык-кредиттик мекемелерди менчиктештирүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри | Н. Танаев |