Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-августу № 388

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

             нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү

                  жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

                        (КР Өкмөтүнүн

             2008-жылдын 26-августундагы № 471,

               2012-жылдын 31-январындагы №68, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  мурда  кабыл алынган чечимдерин

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык келтирүү максатында  Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

     2. "Токой өнөр жайынын жана токой чарбасынын эмгегин жана эс алуу-

сун  уюштурууда  жењилдик  берилүүчү  кызматкерлеринин Тизмесин бекитүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын  20-сентябрындагы

N 504 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

     - токтомдун  аталышындагы  "эмгегин  жана  эс  алуусун  уюштурууда

жењилдик"  деген  сөздөр "узартылган негизги отпуск" деген сөздөргө ал-

маштырылсын;

     - преамбуладагы  "464"  деген сандар "118" деген сандарга алмашты-

рылсын;

     - 1-пункттагы "эмгегин жана эс алуусун уюштурууда жењилдик (Кыргыз

Республикасынын Эмгек кодексинин 178-статьясы)" деген сөздөр  "узартыл-

ган негизги отпуск" деген сөздөргө алмаштырылсын;

     - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "2. Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик  токой кызматы жана токой

тармагында иш аткарган бардык чарбакер субъектилер  узартылган  негизги

отпускаларды берүүдө ушул Тизмени жетекчиликке алышсын";

     жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эмгегин жана эс алуусун

уюштурууда жењилдиктер берилүүчү токой өнөр жайынын жана токой

чарбасынын кызматкерлеринин тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү жана

толуктоо киргизилсин:

     - аталышындагы "эмгегин жана эс алуусун уюштурууда жењилдик" деген

сөздөр "узартылган негизги отпуск" деген сөздөргө алмаштырылсын;

     - төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

     "Жогоруда аталган токой өнөр жайынын жана токой чарбасынын кызмат-

керлерине узартылган негизги отпуск менчигинин түрүнө жана каржылоо бу-

лактарына карабастан берилет".

     3. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылай-

ык күчүн жоготту)

     4. Аталган нормалар командировкалык чыгымдарга  каралган  каражат-

тардын чектеринде киргизилет.

   

5.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

        6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансык.

 

     Премьер-министрдин милдетин аткруучу           Ф.Кулов