Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-февралындагы № 80/68-6 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2005-жылдын 9-сентябры №420/21/4
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасындагы накталай эмес
эсептешүүлөр жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу
Финансы-банк системасындагы жана эсептешүүлөр системасындагы
жүргүзүлүп жаткан реформаларга ылайык Кыргыз Республикасында накталай
эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин өркүндөтүү жана белгилөө мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улут-
тук банкы токтом кылышат:
1. Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө
тиркелген жобо бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, мамлекеттик комиссиялар, коммерциялык банктар жана башка финан-
сы-кредиттик мекемелер, ошондой эле ишканалар, уюмдар (макулдашуу боюн-
ча) жана мамлекеттик мекемелер бул Жобону аткарууга алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын 2001-жылдын 10-декабрындагы №773/30/8 "Кыргыз Респуб-
ликасындагы накталай эмес эсептешүүлөр тууралуу" токтому күчүн жоготту
деп табылсын.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасынын
милдетин аткаруучу
Ф.Кулов Ш.Молдоканов