Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы № 80/68-6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46, 68-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 "Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 642/44/12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 "Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.Боконтаев |