Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 9-сентябры № 423 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2005-жылдын 23-июнунда Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттер үчүн аскердик кадрларды даярдоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2005-жылдын 23-июнунда Москва шаарында кол коюлган "Коллек-тивдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттер үчүн аскердиккадрларды даярдоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министри аталган мыйзамдын долбо-ору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов