Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 26-сентябрындагы № 453 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна тиркелген
корутундунун негизинде макулдук берилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ПрезидентининАдминистрациясына жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов @1 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилге көтөрүлгөн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып жана КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып, анытөмөнкүдөй сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен КыргызРеспубликасынын Жоюрку Кењешине киргизүүгө макулдук берет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын аймагында бнрдиктүү салыктык система иштөөгө тийиш.Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Эл аралык валюталыкфонддун 2005-2007-жылдарга карата экономикалык саясат жөнүндөмеморандумуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берилчүбардык салыктык жњилдиктер Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндежана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде мамлекеттик мекемелердикисыяктуу чагылдырылат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2005-жылдын 28-июнундагы № 266 «Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндөкодексин (Салык кодексин) колдонууга киргизүу тууралуу» КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктар жанажыйымдар жөнүндө кодексинин (Салык кодексинин) долбоорлору жөнүндө»
токтому менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањыредакциясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна киргизилген. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 13-январындагы №3
буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссияаталган мыйзам долбоорду толуктап иштеп жатат жана КыргызРеспубликасынын Улуттук банкы үчүн тийиштүү салыктык жењилдиктерКыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясында эскеалынат. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорундагы 2-статьяны алып салуунусунуш кылабыз. Эл аралык валюталык фонддун сунуштарын эске алып, 4-статьянын 6-пунктунда: - «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 4-пунктунун 2-пунктчасын төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толуктоону сунуштайбыз: «Мындан тышкары, Кыргызстандын Банкынын монетардыкмилдеттенмелеринин 10 процентинен ашкан уставдык капиталынын жанамилдеттүү резервинин суммасынын үчтөн бири Кыргыз Республикасынынмамлекеттик бюджетинин кирешесине которулат.». Премьер-министр Ф.Кулов