КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 10-октябры, № 474 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын чегара жанындагы облустарында дүњ сервистик-соода рынок комплекстерин түзүү жөнүндө Агрардык сектордогу соода-экономикалык мамилелерди андан арыөнүктүрүү, экспорттук-импорттук операцияларды активдештирүү жанаайылдык товар өндүрүүчүлөрдүн тышкы экономикалык иштери үчүнмүмкүнчүлүктөрдү кењейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Республиканын облустары менен райондорунун мамлекеттикадминистрация башчылары Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жанакайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте КазакстанРеспубликасынын, Өзбекстан Республикасынын жана ТажикстанРеспубликасынын чектеш региондорунун жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынынчегара жанындагы облустарында дүњ сервистик-соода рынок комплекстеринтөмөнкүлөрдүн ортосундагы чегаралык участоктордо түзүү боюнчапрактикалык иш-чараларды иштеп чыгышсын жана жүзөгө ашырышсын: - Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда -Чүй облусунун Ысыката районундагы Дружба айылындагы "Девэри Ш" ЖЧКнынаймагында; - Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана КыргызРеспубликасынын ортосунда - Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылында; - Казакстан Республикасынын Тараз шаарына жакын жайгашканГродниково поселогу менен Талас облусунун Манас районунун ортосунда; - Ысыккөл облусунун Түп районунун (Каркыра-Кеген участогунда) жанаКазакстан Республикасынын Алматы облусунун Райымбек районунунортосунда. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, КыргызРеспубликасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги, КыргызРеспубликасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлери жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясыКазакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана ТажикстанРеспубликасынын тиешелүү структуралары менен бирдикте жогорудакөрсөтүлгөн чектеш чегаралык участоктордо дүњ сервистик-соода рыноккомплекстерин уюштурууга жана иштетүүгө байланыштуу маселелердибелгиленген тартипте иштеп чыгышсын. 3. Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясына түзүлө турган дүњсервистик-соода рынок комплекстерин кредиттөө маселесин белгиленгентартипте чечүү сунушталсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясы түзүлгөн дүњ сервистик-соода рынок комплекстери аркылууайыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларынтоскоолдуксуз экспорттоону камсыздасын. 5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институту(макулдашуу боюнча) сертификациялоо боюнча органдар менен бирдикте дүњсервистик - соода рынок комплекстеринин аймагында айыл чарбапродукцияларын жана аны кайра иштетүү продуктуларын алып келүү/алыпчыгуу боюнча уруксат кылуу документтерин берүү боюнча стационардыкпункттарды белгиленген тартипте түзүшсүн. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына КыргызРеспубликасынын чегара жанындагы облустарда түзүлүүчү дүњ сервистик-соода рынок комплекстеринде товарлардын кайдан чыкканы тууралуусертификаттарды өз учурунда берүү үчүн зарыл учурларда республиканынрегиондорундагы палатанын бөлүмдөрү менен өкүлчүлүктөрүндөгүкызматкерлердин санын көбөйтүү сунушталсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов