Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 1-ноябры № 511
Контрабандага каршы күрөштү күчөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 272, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 171 "Укук бузуулардын жана (же) контрабандалык кылмыштардын куралы же объектиси болуп эсептелген буюмдарды сатуудан республикалык бюджетке түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар контрабандага каршы күрөшүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышканын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү товарларды, буюмдарды жана башка заттарды мыйзамсыз алып келүүгө жана алып чыгууга контролду күчөтүү, тамеки буюмдарды, алкоголдуу продукцияны, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана өтүмдүүлүгү жогору башка товарларды контрабандалоого каршы күрөштү күчөтүү боюнча бир топ токтомдорду чыгарды. Тышкы экономикалык ишти, контрабандага каршы күрөштү, товарлардын жана продукциянын мыйзамсыз өндүрүлүшүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук база өркүндөтүлүп жатат. Сапаты боюнча дүйнөлүк стандартка жооп берген көп керектелчү товарларды чыгаруучу ишканалардын кубаттуулугун арттыруу, спиртти жана алкоголдуу ичимдиктерди, тамеки буюмдарды, күйүүчү-майлоочу материалдарды чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.
Акцизделчү товарларды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү оперативдүү абалга талдоо жүргүзүү, товарларды контрабандалык алып келүүнүн жолдорун, мыйзамсыз алынып келген товарлар сакталчу жана сатылчу жерлерди аныктоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдардын, облустардын мамлекеттик администрацияларынын кызмат адамдарынан турган Штаб региондук бөлүмдөрү менен түзүлгөн.
Ошондой болсо да, акцизделчү жана өтүмдүүлүгү жогорку товарлардын жана продукциянын айрым түрлөрүн контрабандалоону көлөмү, аларды көмүскө өндүрүү жана мыйзамсыз сатуу жапырт мүнөздө болуп, ички рыноктогу товар жүгүртүүдө орчундуу үлүштү ээлейт. Мында контрабанданын көлөмү жөнүндө расмий маалыматтар көз каранды эмес эксперттер алган маалыматтардан 2-3 эсе аз.
Алсак, алкоголдуу продукциянын рыногун изилдегенде 2004-жылы ликер-арак ичимдиктерди көмүскө жүгүртүүнүн көлөмү эсептөөлөр боюнча 800,0 миң дал чукул болгон. Акыркы 10 жылда өндүрүлгөн жана сатылган көлөмдү эске алуу менен жүргүзүлгөн эсептөөлөр алкоголдуу ичимдиктердин бардык түрлөрүн контрабандалоонун жана көмүскө жүгүртүүнүн көлөмү 1200,0 миң дал болушу мүмкүн экендигин көрсөтүүдө. 2004-жылы укук коргоочу жана контролдоочу органдар спиртти жана алкоголдуу продукцияны уруксатсыз сактаган жана саткан 2034 фактыны аныкташып, эреже бузгандардан 6,76 тонна спирт, 4823,7 дал спирттүү ичимдик алып коюлганы да спирттүү ичимдиктерди контрабандалоонун жана көмүскө өндүрүүнүн көлөмү көп экенин ырастап турат.
Күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда да абал ушундай эле Нефти соодалоочулар ассоциациясынын маалыматы боюнча 2005-жылы бензинди контрабандалык алып келүүнүн көлөмү 35-40 миң тонна жана дизелдик отундун контрабандасы 60-70 миң тонна болгон.
Тамеки буюмдар рыногунда өтө кыйын абал түзүлдү. Өткөн жылдарда республикада тамеки буюмдарды жылдык орточо керектөөнүн негизинде эсептелген жылдык керектөөнүн саны эксперттердин берген баасы боюнча жылына 5,5 млрд. даана, же 275 млн. куту болот. Эсептөөдөн алынган маалыматтар жана ички рынокту изилдөө сигареттерди мыйзамсыз алып келүү жыл сайын болжол менен 0,9 млрд. даана экенин көрсөтүүдө.
Ички рынокту изилдөөдө контрабанда менен алынып келген пиво, чай, кофе, ширелер жана суусундуктар, жуугуч-самын каражаттар жана башка көптөгөн сапаты шектүү товарлар мыйзамсыз жүгүртүүдө көп экени айгинеленди.
Талдоодон көрүнгөндөй, республиканын пивого болгон керектөөсү акыркы 10 жылдагы маалыматтарды эсепке алганда жылына 3900,0 миң дал'ды түзөт. 2004-жылы 1160,0 миң дал пиво чыгарылган, бардык чарбакер субъекттер 2410,5 миң дал пиво импорттошкон. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, 2004-жылы 4008 миң дал пиво керектелген. Пивону көмүскө жүгүртүүнүн көлөмү 442,0 миң дал'га жетет, анын негизги бөлүгүн импорт продукция түзөт, мында "көмүскө капиталдын" жүгүртүлүшү алкоголдуу продукциянын рыногундагыдан кем эмес сумманы түзүшү мүмкүн.
Медициналык препараттар рыногундагы абал олуттуу тынчсыздандырат. Дары каражаттар республикага контролсуз жана көп санда алынып келүүдө, көп учурда сапаты шектүү, жарактуулук мөөнөттөрү бүткөн. Аларды колдон сатуу жапырт мүнөзгө өттү. Мына ушулардын бардыгы калктын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаратууда.
Иштин мындай абалы укук коргоочу жана контролдоочу органдардын контрабандага, товарларды көмүскө чыгарууга жана мыйзамсыз сатууга каршы күрөштөгү кемчиликтерин жана өксүктөрүн айгинелейт.
Товарларды, буюмдарды жана башка заттарды мыйзамсыз алып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтүү, ошондой эле сапатсыз товарларды лицензиясыз өндүрүү жана сатуу учурларын токтотуу, ички рыноктун корголушун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын бажы, салык кызматтарынын жана башка администрациялык жана укук коргоочу органдарынын иштерине түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2005-жылдын 1-октябрынан баштап кылмыш-жазык иштери жана администрациялык эреже бузгандык жөнүндө иштер боюнча соттун чечиминин негизинде мамлекеттин пайдасына кириштелген, мыйзамды бузуунун куралы же мыйзамды бузуунун жана/же контрабандалык кылмыштын түздөн түз объектиси болгон предметтерди сатуудан республикалык бюджетке түшкөн каражаттар төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөөрү белгиленсин:
- 20 проценти - мамлекеттик бюджетте калат;
- 10 проценти - фискалдык же укук коргоочу органдын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларын мыйзам бузууну жана/же контрабандалык кылмышты кармоого, тергөөгө жана ашкерелөөгө катышкан кызматкерлерин шыктандырууга жумшалат. Мында ар бир кызматкерди шыктандыруунун өлчөмүн тийиштүү фискалдык жана же укук коргоочу органдардын жетекчилери биргелешип аныкташат;
- 70 проценти - контрабанда жагындагы мыйзам бузуу жана/же кылмыш фактысы жөнүндө билдирген адамга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 272, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары менен бирдикте Мыйзам бузуунун жана/же контрабандалык кылмыштын куралы же объектиси болгон буюмдарды сатуудан бюджетке түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн тартибин бир айдын ичинде иштеп чыксын;
- каражаттардын фискалдык жана укук коргоочу органдардын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларын ошондой эле мыйзамды бузгандык жана/же контрабандалык кылмыш фактысы жөнүндө билдирген адамдарды шыктандырууга өз убагында которулушун камсыздасын;
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 272, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө, финансы бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |