КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-ноябры № 525 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 17-октябрындагы №468 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондукбаш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыла-рын шайлоону дайындоо жөнүндө"
Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин2005-жылдын 17-октябрындагы № 468 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын,поселокторунун жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө"
Жарлыгынжетекчиликке жана аткарууга алышсын. 2. Райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссияларына айыл-дардын, поселоктордун жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюш-туруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүү боюнча рес-публикалык штаб
тиркемеге ылайык түзүлсүн. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондукмаанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын башчыларыншайлоону өткөрүүнү камсыздоонун бардык уюштуруучулук-техникалык маселе-лерин чечишсин; - райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссияларына шайлоогодаярданууда жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгөжардам көрсөтүү боюнча тийиштүү штабдарды түзүшсүн; - райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссиялары жана добушберүү үчүн жайларды бөлүүгө, автотранспорт, материалдык-техникалык ка-ражаттар жана байланыш менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечиш-син; - жер-жерлердеги райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комисси-яларына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө такай иштиктүү жардамкөрсөтүшсүн; - шайлоо комиссияларын шайлоочулардын сапаттуу тизмелери мененкамсыздашсын; - "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын иштеши үчүнтийиштүү шарттарды түзүшсүн жана системалык администраторлордун ишинекөмөк көрсөтүшсүн; - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясына райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комис-сияларынын мүчөлөрүн өз убагында окутууну уюштурууга жардам беришсин. 4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги2005-жылга республикалык бюджетте шайлоо өткөрүү үчүн каралган каражат-тарды аныкталган тартипте каржыласын. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоого даярдануу жана өткөрүүмезгилинде коомдук тартиптин жана коомдук коопсуздуктун сакталышын,анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жай-ларды күзөтүүнү, алардын өрт коопсуздугун камсыздашсын. 6. Кыргыз Республикасьшын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте шайлоого даярдануу жанаөткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарынын нормалары жана коомдук тартип сакталышынкамсыздасын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана региондукөнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 525
токтомуна тиркеме Райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссияларына айылдардын, поселоктордун жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүү боюнча республикалык штаб Ф.Ш.Кулов - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, штаб- дын төрагасы; Темирбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист- рация жетекчисинин Биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы- нын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, штабдын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Коеналиев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- парат жетекчиси-министр, штабдын төрагасынын орун басары. Штабдын мүчөлөрү: Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри; Ниязов Ш.Н. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми- нистри; Семененко Е.Г. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министри; Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри; Рустенбеков Ж.С. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми- нистри; Кармышев У.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- парат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Респуб- ликасынын Премьер-министринин Аппаратынын мам- лекеттик кызмат жана региондук өнүктүрүү баш- кармалыгынын начальниги; Орозбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын реформаларды, мамлекеттик программа- ларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыз- доо башкармалыгынын начальниги; Асанкожоева З.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын финансы башкармалыгынын начальниги; Сарыбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш- кармалыгынын начальниги; Акималиев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын агроөнөржай комплекси жана кайра иш- тетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн башчысы; Жунусов Б.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы; Конокбаев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын маалыматтык саясат жана коомдук бай- ланыштар боюнча башкармалыгынын начальниги; Айтбаев У.Ш. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын мамлекеттик кызмат жана региондук өнүктүрүү башкармалыгынын уюштуруу иштери боюн- ча инспектору, штабдын секретары. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - министр Т.Коеналиев