Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 17-ноябры, № 531 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизиндемакулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премер-министр Ф.Кулов "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты К.К.Иманалиев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен аныкабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт. 2004-жылдын 1-декабрынан тартып "Кыргыз Республикасында техникалыкжөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамыкүчүнө кирген. Бул Мыйзам төмөнкүдөй тармактардагы укуктук негиздердибелгилейт: - продукцияга өндүрүш процесстерине (методдоруна) карата милдеттүүталаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу, сактоо,ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү; - продукцияга өндүрүш процесстерине (методдоруна) карата талаптардыыктыярдуу негизде иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу,сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү, жумуштардыаткаруу же кызматтарды көрсөтүү; - шайкештигине баа берүү; - катышуучулардын Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелергежоопкерчилиги. Бул Мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу мурда мамлекеттикстандарттар, санитардык эрежелер жана нормалар, башка ведомстволукдокументтер менен белгиленген продукцияга карата милдеттүү талаптардокументтердин жањы түрүнө - техникалык регламенттерге өткөрүлөт.Техникалык регламент - эл аралык келишим менен кабыл алынган, мыйзамдабелгиленген тартипте күчүнө кирген, техникалык жөнгө салуу объектинекарата талаптарды колдонуу жана сактоо үчүн милдеттүүлүктү белгилегенКыргыз Республикасынын мыйзамы же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнтоктому. Мында "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунуннегиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 5 - статьясынаылайык техникалык регламенттер адамдардын өмүрүн жана ден соолугункоргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнкоргоо, продукцияны керектөөчүлөрдү чаташтырууга алып келүүчү иштердиналдын алуу боюнча коопсуздукту камсыздоо максатында гана кабыл алынат. Демек "Тамак - аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 4 жана 6 - статьялары тамак- аш азыктарынын, материалдар менен буюмдардын коопсуздугун жанасапатын камсыздоо жагынан мамлекеттик жөнгө салуу бөлүгүндө "КыргызРеспубликасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын базалык Мыйзамына карама-каршы келет. Мындан тышкары базалык Мыйзамдын 3 - статьясына ылайыкминистрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор,башка аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү бийлик органдарытехникалык жөнгө салуу жаатында сунуштоо мүнөзүндөгү гана актылардычыгарууга укуктуу, башкача айтканда техникалык жөнгө салуу жагынанмурда кабыл алынган ведомстволук документтер сунуштоо мүнөзүндөгү ганадокументтер болуп калат. "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгөсалуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын IIIбөлүмүнө ылайык Кыргыз Республикасында стандартташтыруу стандарттардыыктыярдуу колдонуу принциптерине ылайык ишке ашырылат. Шайкештигине баа берүү жана тастыктоо маселелери "КыргызРеспубликасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамынын IV жана VI бөлүмдөрүндө аныкталган, ал эми44 - статьяда өткөөл мезгил Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып КыргызРеспубликасынын колдонуудагы нормативдик укуктук актыларындабелгиленген тиешелүү техникалык регламенттер, продукцияга, өндүрүшпроцесстерине (ыкмаларына) карата талаптар, сактоо, ташуу, сатуу,эксплуатациялоо жана утилдештирүү колдонууга киргизилгенге чейинбелгиленген, техникалык регламенттерди кабыл алуу үчүн ушул Мыйзамдааныкталган тиешелүү максаттар бөлүгүндө гана милдеттүү аткаруугажатат. "Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарымукуктуу органын аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылдын 29-июнундагы № 267
токтому менен техникалык жөнгө салуубоюнча ыйгарым укуктуу орган аныкталган, ал тарабынан "Тамак-ашазыктарынын коопсуздугуна жана аларды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуужана утилдештирүү процесстерине карата талаптар" жалпы техникалыкрегламентинин долбоорун иштеп чыгууну караган 2006-2007-жылдаргабиринчи кезектеги техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасыдаярдалган. Бул техникалык регламентти иштеп чыгуу 2006-жылгакаралган. Бул документти иштеп чыгууга Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жана башка тиешелүүминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялыкведомстволордун адистери катышат. Техникалык регламент төмөнкүлөрдүкамтыйт: - продукцияга, өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүүпроцесстерине (методдоруна) карата милдеттүү талаптарды; - шайкештигин баалоо эрежесин жана формасын; - идентификациялоо эрежесин; - терминологияга, тањгактоого, маркировкалоого же этикеткага жанааларды чаптоо эрежелерине карата талаптарды. Техникалык регламентте анын талаптарын сактоого мамлекеттик көзөмөлжүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы аныкталат,ошондой эле сатууга чыгарылган продукциянын техникалык регламенттердинталаптарына дал келбей калышы табылган (аныкталган) учурлардаколдонулуучу жоопкерчилик жана жол-жоболор каралат. "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна жана аларды өндүрүү, сактоо,ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата талаптар"техникалык регламентин иштеп чыгууда 178/2002/ЕЕС жана 882/2005/ЕЕСЕвропалык директиваларынын талаптары, ЕврАзЭСтин регламенттери же Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык кењешининтехникапык регламенттеринин моделдери, улуттук экономиканынкеректөөлөрүн жана дењгээлин көњүлгө алуу менен эл аралык жана улуттукстандарттар эске алынат. Техникалык регламеиттерди колдонуу, мазмуну жана аларды иштеп чыгуутартиби "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 7, 8 жана 9-статьяларындааныкталган. 9-статьяга ылайык иштеп чыгуучу тарабынан билдирүүлөрдүжарыялоо жол-жоболорун аткаргандан кийин жана тиешелүү тараптар мененталкуулагандан соњ техникалык регламенттин долбоору техникалык жөнгөсалуу боюнча эксперттик комиссияларда экспертиза жүргүзүү үчүнтехникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.Экспертизадан өткөн жалпы техникалык регламенттин долбоору 10-статьягаылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз депэсептейт. Премьер-министр Ф.Кулов