ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2005-жылдын 9-декабрындагы № 570 «Кыргызэнергоспецремонт» ачык типтеги акционердик коомунун оперативдүү башкаруусундагы № 15 бала бакчаны Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция09.12.2005 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 9-декабры № 570                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            "Кыргызэнергоспецремонт" ачык типтеги акционердик        коомунун оперативдүү башкаруусундагы № 15 бала бакчаны       Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы        Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп                             берүү жөнүндө      Чүй облусунун  Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн кайры-луусун эске алып, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:      1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча  мам-лекеттик  комитети Чүй облусу,  Аламүдүн району,  Аламүдүн айылы дарегибоюнча жайгашкан "Кыргызэнергоспецремонт" ачык типтеги акционердик коо-мунун оперативдүү башкаруусундагы № 15 бала бакчаны белгиленген тартип-те Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл  өкмөтүнүн  муници-палдык менчигине өткөрүп берилсин.      2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтү № 15 балабакчаны  өткөрүп берүү жана кармоого байланышкан чыгымдарды жергиликтүүбюджетте каралган каражаттардын чектеринде жүргүзсүн.      3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.        Премьер-министр                                 Ф.Кулов