КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 521
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 13-декабры № 581 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынан Меккеге ажылыкка барууну уюштуруу тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык) Ажылыкка барууну даярдоо жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле КыргызРеспубликасынан ажыга баруучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатын-да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынан Меккеге ажылыкка барууну уюштуруу тарти-би жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин. 2. "Кыргыз Республикасынан Меккеге ажылыкка барууну (хадж, умра)уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1998-жылдын 19-февралындагы № 83 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы N377 токтомунун редакциясына ылайык) Премьер-министр Ф.Кулов