КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 19-сентябры № 521 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө Ажыга барууну уюштуруу жана ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Рес-публикасынан барчу зыяратчылардын коопсуздугун, укуктарын жана кызыкчы-лыктарын коргоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка (ажыга,умрага) барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө тиркелген жобо бе-китилсин. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы №581 "Кыргыз Республикасынан Меккеге ажылыкка барууну уюштуруу тартибижөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы №377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ток-томунун 56-пункту. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов