Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 19-декабры № 589 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген
корутундунун негизинде ма-кулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
"Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Конституция-сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын жараны-нын паспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карапчыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй пикирлердин жана сунуштардын неги-зинде макулдук бербеди. Сунушталган Мыйзамдын долбоору республиканын жарандарын документ-тештирүүнү автоматташтырылган эсепке алуу жана контролдоо, республика-нын жарандарын документтештирүүнү мамлекеттик контролдоо, маалыматтыкресурстардын пайдаланылышын мамлекеттик контролдоо, документтерди пер-соналдаштыруу маселелерин чагылдырбайт. Мыйзамдын долбоорунда паспортту Кыргыз Республикасынын чегарасынакирүү жана чыгуу үчүн негизги документ катары аныктаган бөлүктөрүндөКыргыз Республикасынын
"Тышкы миграция жөнүндө" жана
"Ички миграцияжөнүндө" мыйзамдарына каршы келген нормалар бар.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын42-статьясында чыгуу үчүн документ Кыргыз Республикасынын жаранынынжалпы жарандык паспорту болоору аныкталган. Ошондой эле паспорттун ор-дуна жүрүүчү документтердин аныкталган тизмеси
"Ички миграция жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына каршы келет. Мындантышкары,
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындапаспортту 16 жашка толгон жарандарга берүү каралган. Берилчү паспорттунмөөнөтсүздүгү "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-нын 43-статьясына каршы келет, ал статьяга ылайык паспорт 10 жылмөөнөткө берилет. Каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунда кызматтык жана дипломатиялыкпаспортторго тийиштүү нормалар каралган эмес. Мыйзамдын долбоорунун 5 жана 23-статьяларына "Кыргыз Республикасы-нын эл аралык келишимдери жөнүндө"
Мыйзамына ылайык тийиштүү оњдоолордукиргизүү керек. Сунушталган Мыйзамдын айрым статьяларын редакциялыкоњдоо зарыл. Мындан тышкары, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын 43-статьясында жана "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 5-статьясында Кыргыз Республикасынын айма-гында паспорт бергендик жана жарактуулук мөөнөтүн узарткандык үчүн мам-лекеттик пошлина алынаары белгиленген. "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамынын долбоорунун 13-статьясынын 2-пунктунда Кыргыз Рес-публикасынын жаранынын паспортунун бардык түрлөрү ушул статьянын3-пунктунда каралгандан башка учурларда акысыз берилет деп айтылган. Бирок
"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мынын 3-статьясынын 5 жана 6-пунктчаларында мамлекеттик пошлинатөмөнкүдөй учурларда алынаары айтылган, алар: - чет өлкөгө чыгуу укугуна жана чет өлкөлүк адамдарды Кыргыз Рес-публикасына чакыруу боюнча документтерди тариздегендик үчүн; - ал документтерге өзгөртүүлөрдү киргизгендик үчүн; - чет өлкөлүк паспортторду же анын ордуна жүрүүчү документтердикаттагандык жана мөөнөтүн узарткандык үчүн; - жашоо укугун бергендик же узарткандык үчүн; - чет өлкөлүк паспортко же анын ордуна жүрүүчү документке КыргызРеспубликасынан чыгуу жана Кыргыз Республикасына кирүү укугуна виза,ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана КыргызРеспубликасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздарды кабыл алгандыкүчүн; - жалпы жарандык паспортторду бергендик үчүн. Сунушталып жаткан жана техникалык кызматтарды көрсөткөндүк үчүнгана акы алууну белгилеген мыйзамдык нормалар мамлекеттик бюджеткежүктүн орчундуу көбөйүшүнө алып келет. "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамынын долбоорунун 2-статьясынын 3-бөлүгүндө айдоочулуккүбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштыруучу доку-мент болуп эсептелет деп белгиленген. Бирок ошол эле учурда, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык, айдоочулук күбөлүк жарандыгы жокадамдарга да, чет өлкөлүк жарандарга да берилсе болот. Ушул айтылгандардын негизинде Кыргыз Респубчикасынын Өкмөтү КыргызРеспубликасынын жогоруда аталган Мыйзамын кабыл алууга макулдук бер-бейт. Премьер-министр Ф.Кулов