Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18 июлундагы № 428 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 22-декабры, № 606
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү
тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13—майындагы № 257 токтомунун редакциясына
ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 308-статьясына ылайык,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 60-б
буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке
ашыруу боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу
планынын 36-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүүнүн тартиби бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13—майындагы № 257 токтомунун редакциясына
ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык
мөөнөттө бала асырап алган кызматкерге бала асырап алган күндөн тартып
жана бала төрөлгөн күндөн 70 календардык күн өткөнгө чейин, ал эми эки
же андан көп баланы бир эле мезгилде асырап алганда - алар төрөлгөн
күндөн тартып 110 календардык күнгө чейин эмгекке жарамсыздык баракчасын
берүү тартибин аныктасын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13—майындагы № 257 токтомунун редакциясына
ылайык)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов