Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18 июлундагы № 428 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-майы № 257
Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 «Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин Кыргыз Республикасыныи Эмгек кодексинин 137-беренесине жана Кыргыз Республикасыныи Балдар жөнүндө кодексинин 60-берепесине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасыныи конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 «Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө»;
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүүнүн тиркелген тартиби бекитилсин.»;
2-пунктундагы «уул (кыз)» деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибинде:
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартиби»;
бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «уул (кыз) бала асырап алган» жана «уул (кыз) баланы (балдарды) асырап алган» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө «бала асырап алган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «отпуска» жана «пособие» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө «өргүү» жана «жөлөкпул» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункттун үчүнчү абзацындагы «бир жарым» деген сөздөр «үч» деген сөз менен алмаштырылсын;
5-пункттагы «дарылоо мекемеси белгиленген тартипте берүүчү» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилүүчү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункттагы «кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча пособие төлөө үчүн белгиленген» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«7. Бала асырап алуу жөнүндө чечим чыгарган же бала асырап алууну мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган кызмат адамдары, ошондой эле бала асырап алуу жөнүндө башкача жолдор менен кабардар болгон адамдар бала асырап алуунун сырын сактоого милдеттүү.
Бала асырап алуучулардын эркине каршы баланы асырап алуунун сырын ачыкка чыгарган аталган адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жазык жоопкерчилигине тартылышат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |