Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы N 563 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары. Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-декабры, № 609 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы №219 токтомунун редакциясында) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» КыргызРеспубликасынын [*Мыйзамына:1752} жана «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатынжүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруусхемасы. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде статс-катчы,министрдин эки орун басары жана министр менен статс-катчыны жана орунбасарларды кошкондо коллегиянын 17 мүчөсү болсун.(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы №219 токтомунун редакциясында) 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри статс-катчы мененминистрдин орун басарларынын ортосундагы ыйгарым укуктарын жанамилдеттерин бөлүштүрүүдө статс-катчынын милдеттерине КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењеши менен күнүмдүк иш жүргүзүүнү сөзсүзтүрдө киргизсин. 4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-мартындагы № 71 токтому; - «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-мартындагы № 71 токтомунаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-декабрындагы № 895 токтому; - «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-мартындагы № 71 токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 359 токтому; - «Кыргыздипсервис» Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынынУставын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын9-июлундагы № 520 токтомунун 2-пункту. Премьер-министр Ф.Кулов