Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-декабры № 614 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ири салык төлөөчүлөрдү салыктык админнстрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-апрелиндеги №103 "Кыргыз Республикасынын финансы системасын башкаруу органдарын кай-радан түзүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык жана ири салык төлөөчүлөрдүн иш-теши үчүн ыњгайлуу шарт түзүү жана салыктар менен төлөмдөрдүн толук чо-гултулушуна дайыма контроль жүргүзүү, ири салык төлөөчүлөр тарабынанКыргыз Республикасынын салык мыйзамынын жана башка нормативдик укуктукактыларынын сакталышын камсыз кылуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясы: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынансалыктык администрациялоого тийиш болгон ири салык төлөөчүлөрдү тандоокритерийлери жөнүндөгү жобону белгиленген тартипте даярдасын жана бе-китсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынансалыктык администрациялануучу ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесин аныкта-сын жана бекитсин; - жогоруда аталган Жобону жана тизмени жалпыга маалымдоо каражат-тарына жарыяласын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-декабрындагы №833 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелербоюнча комитеттин ири салык төлөөчүлөрдү жана тышкы экономикалык иштинкатышуучуларын контролдоо башкармасында салыктык администрациялануугатийиш болгон ири салык төлөөчүлөрдү салыктык администрациялоо жөнүндө"токтому 2006-жылдын 1-январынан баштап күчүн жоготту деп эсептелсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов