Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 610 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фонду жөнүндө ЖОБО Бул Жобо менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактанкоргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фонду-нун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартиби аныкталат. I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлигинин (мындан ары - Министрлик) Өнүктүрүү жана материалдык кол-доо көрсөтүү фонду (мындан ары - Фонд) төмөнкү максаттарында түзүлөт: - Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн натыйжалуу иш-теши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү; - Министрлик системасынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоонужана кепилдиктерди камсыздоо, алардын өз эмгегинин натыйжасына кызыкчы-лыгын арттыруу; - Министрлик системасындагы кызматкерлердин квалификациясын жого-рулатуу; - майыптарга, пенсионерлерге, аз камсыз болгон үйбүлөлөргө жанажарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү. 2. Министрликтин Фондуна каражаттарды которуу үчүн белгиленгентартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигининБорбордук казначылыгында атайын каражаттар боюнча күндөлүк эсеп ачылат. II. Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фондун түзүү булактары 3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы №531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердинатайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтомуна ылайык,үйинтернаттарынын бардык түрлөрүнөн тышкары ведомстволук бөлүмдөрдүн,ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын атайын кара-жаттарынан 10 пайыз которуунун; - чарбалык эсептеги ведомстволук уюмдардын демөөрчүлүк жардамынан; - гранттардан; - юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөнжана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башкатүшүүлөрдөн. III. Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби 4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат: - майыптарга, пенсионерлерге, аз камсыз болгон үйбүлөлөргө жанажарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө; - Министрлик системасынын кызматкерлерине дарылануу жана башкамаксаттарда, анын ичинде пенсионерлерге, пенсияга чыкканына байланыштууиштен бошогон кызматкерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө; - иштин жыйынтыгы боюнча Министрликтин кызматкерлерине учурдагысыйакы берүүгө жана кызмат акыларына үстөктөрдү белгилөөгө; - Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин турмуш-ти-ричилик шарттарын (тамакаш, жолкире ж.б. үчүн кошумча төлөө) жакшыртуу-га; - ден соолук чыњоочу мекемелерге жолдомонун наркын жарым-жартылайкомпенсациялоого; - кызматкерлерге пайызсыз ссудаларды берүүгө; - Министрлик системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык ба-засын өнүктүрүүгө жана чыњдоого (курулуш жана кызматтык имараттарды ку-рууга үлүштүк катыш, капиталдык ремонт, компьютерлерди жана оргтехникасатып алуу, техникалык каражаттарды тейлөө жана оњдоо, ошондой элеэлектр жана жылуулук кубаты, байланыш кызматтары үчүн акы төлөө, бланкпродукцияларын сатып алуу ж.б.); - Министрликтин атайын журналын жана ченемдик укуктук актылар жый-нактарын чыгарууга; - социалдык-маданий иш чараларды, чет өлкөлүк делегациялардын рас-мий жолугушууларын, семинарларды жана конференцияларды уюштуруу жанаөткөрүүгө; - кызматтык иш сапарларынын чыгымдарына ж.б.; - кызматтык максаттарда автоунааларды жана аларга эапастыкбөлүктөрдү, күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга; - окутуу-билим берүү программаларын камсыздоого, Министрлик систе-масынын кызматкерлерин окууга жана стажировкага жиберүүгө; - эмгек келишимдери жана жарандык-укуктук келишимдер боюнчакүтүүсүз чарба иштерин аткарууга; - Министрликтин мекемелеринин, аларга жүктөлгөн милдеттерди жанафункцияларды ишке ашыруу боюнча иштерин жакшыртууга багытталган башкаиш чараларга. 5. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдыкжактан коргоо министрлигинин борборлоштурулган атайын эсебинде топто-лот. 6. Фонддун каражаттарын чыгымдоо бекитилген чыгымдар сметасына жа-на иш жүзүндө келип түшкөн кирешелерге ылайык которуу жана накта зсеп-тешүү жолу менен жүргүзүлөт. 7. Бюджеттик ассигнованиелерди тескөө укугу берилген министр жанастатс-катчы Фонддун каражаттарынын тескөөчүлөрү болуп эсептелишет. 8. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлигинин финансы кызматы Фонддун каражаттарын түзүү, бөлүштүрүүэсебин жүргүзөт жана отчет берет, белгиленген тартипте бекитилген сме-тага ылайык анын максаттуу пайдаланылышына контролдукту иш жүзүнө ашы-рат.