Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2005-жылдын 28-декабры № 628

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо, 1999-жылы республиканын түштүгүндөгү согуштук аракеттердин учурунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Сырт айылынын жанында курман болгон жоокерлерди түбөлүк эсте калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берилсин жана ал мындан ары "Жети баатыр" атындагы Айдаркен чегара отряды" деп аталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ф.Кулов