КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-декабры, № 641 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун, реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун башкаруу комитетин түзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-августундагы № 346 токтомунун
2008-жылдын 27-декабрындагы № 726 редакциясына ылайык) Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдары өзгөртүп уюшудгангабайланыштуу жана республикада эл аралык финансылык институттартарабынан каржыланчу автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жанареабилитациялоо боюнча иштерди координациялоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун,реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорунбашкаруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун,реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорунбашкаруу комитети инвестициялык долбоорлорду жылдыруу жанамониторингдөө, анын ичинде долбоорлорду ишке ашырууда болгонпроблемаларды талкуулоо боюнча квартал сайын заседание өткөрсүн. 3. Күчүн жоготту деп эсептелсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 17-апрелиндеги № 178«Республикадагы автомобиль жолдорун куруунун жана реабилитациялоонунинвестициялык долбоорлорун Башкаруу комитетин түзүү жөнүндө» токтому; - «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 17-апрелиндеги №178 «Республикадагы автомобиль жолдорун куруунун жанареабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун Башкаруу комитетин түзүүжөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-январындагы № 44
токтому. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 641 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун, реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун башкаруу комитетинин КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 27-декабрындагы № 726 токтомунун редакциясына ылайык) Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министри, комитеттин төрагасы. Комитеттин мүчөлөрү: Нарбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи- тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агент- тиктин директору; Жолчиев Б.Д. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми- нистринин орун басары; Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары; Уезбаев У.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн референти; Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы финансылык жардам башкармалыгынын началь- ниги. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов