Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 334
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-декабрындагы № 642 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцнянын маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мам-лекетгик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" 2005-жылдын30-ноябрындагы № 607
Жарлыгын аткаруу жана республикада электр, жылуу-лук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүдө, берүүдө, бөлүштүрүүдөжана керектөөдө ишенимдүүлүктү, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз-доо, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, ишканалар, уюмдар жанамекемелер отунду жана энергияны натыйжалуу пайдаланышын контролдоо сис-темасын өркүндөтүү максатында Кыргаз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газбоюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Мамэнергоинспекция) КыргызРеспубликасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүүбоюнча улуттук агенттигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамле-кеттик инспекциянын укугун улашуучу болуп санала тургандыгы белгилен-син. 2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ бо-юнча мамлекеттик инспекция жөнүндө
жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ бо-юнча мамлекеттик инспекциянын структурасы. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газбоюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлерининжогорку саны 117 адамдан (тейлөөчү кенже персоналды кошпогондо) турарыбелгиленсин. 4. Төмөнкүлөр белгиленсин: - Мамэнергоинспекция шарттуу техникалык бирдиктердин көлөмүнө жа-раша энергокомпаниялардан чегерилүүчү каражаттардын, ошондой эле Мамэ-нергоинспекция көрсөткөн акы төлөтүүчү кызматтарды кошо алганда КыргызРеспубликасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбеген башкабулактардын жана түшкөн каражаттардын эсебинен күтүлө тургандыгы; - Мамэнергоинспекцияны күтүүгө энергокомпаниялардан чегерүүлөрдөнөлчөмдөрү электр жылуулук энергиясына жана газга тарифтерде энергоком-паниялардын чыгымдарын кароочу Кыргыз Республикасынын Монополияга каршысаясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги тарабынанбелгилене тургандыгы; - акы төлөтүүчө кызматтардын өлчөмдөрү Мамэнергоинспекциянын суну-шу боюнча Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаан-даштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги менен макулдашьшып жанабелгиленген тартипте бекитиле тургандыгы. 5. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Электр станцияла-ры", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр","Кыргызгаз", "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдоруна Мамэ-нергоинспекцияны күтүүгө акча каражаттарын которууга Мамэнергоинспекцияменен келишимдерди түзүү сунуш кылынсын. 6. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдын-дагы мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жана күтүү бо-юнча борбор" мамлекеттик ишканасы Мамэнергоинспекцияга Бишкек шаары,Иса Ахунбаев көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан мамлекетгик администрация-лык имараттын гаражынын жайын кошо алганда өндүрүштүк-лабораториялыккорпустун биринчи кабатындагы жайларды ижара акысын албастан бекитипберсин. 7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети "Түндүк электр", "Ош электр", "Жалалабат электр","Чыгыш электр" жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдору менен бирдик-те № 1 тиркемеге ылайык жайларды ижара акысын албастан Мамэнергоинспек-циянын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө маселени белгиленген тар-типте чечсин. 8. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" жана "Электр станция-лары" ачык акционердик коомдоруна № 2 тиркемеге ылайык жайларды Мамэ-нергоинспекцияга ижара акысын албастан мөөнөтсүз ижара шарттарында бе-китип берүү сунуш кылынсын. 9. "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 6-стать-ясына, "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын8-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Конституциялык
мыйзамына ылайык электр, жылуулук энергия-сын жана жаратылыш газын өндүрүүнүн, берүүнүн, бөлүштүрүүнүн жана ке-ректөөнүн ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо,ошондой эле аларды натыйжалуу пайдаланууну контролдоону ишке ашырууфункциясы Мамэнергоинспекцияга берилсин. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.