Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-апрели № 1
“Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Президенттин жарлыгына чыгарылган типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54-жарлыгына ылайык иштеп чыгарылган жобону бекитүү жөнүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басары С.Мамбеталиевтин сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Бешик-Жон айыл аймагынын айылдарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жобо №1 тиркемеде көрсөтүлгөн тартип бекитилсин.
2. Айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү мыйзам чегинде уюштуруу айыл өкмөт башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы | А.Чолпонбаев |
| VIII чакырылыштын кезектеги XIII сессиясы 2022-жыл 13-апрель. №1 токтомуна тиркеме |
Бешик-Жон айыл аймагында үйөнүү үлпөт, үй-бүлөлүк маараке- салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Бешик-Жон айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк маараке салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-феврвлындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына;
4. Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
Үй-бүлөлүк салтанаттар, тойлор, маарекелер- сүннөт той, бешик-той, нике той, юбилей,
Маркумду жерге коюу иш-чаралары – өлгөн адамдын сөөгүн коюуга байланышкан үрп-адаттардын жана аракеттердин жыйындысы;
Маркумду эскерүү иш-чаралары – өлгөн адамды эскерүүгө байланышкан үрп-адаттардын жана аракеттердин жыйындысы ( куран окутуу, 40 күндүк, жылдык ж.б.).
II. Жобонун максаты жана милдеттери
1. Ушул Жобонун максаты жарандык социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирген ашыкча чыгымга жана ысырапкерчиликке жол бербөө чараларын белгилөө болуп саналат.
2. Ушул Жобонун милдеттери үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү, ошондой эле калк арасында алардын маңызын жана маанисин туура түшүнүүнү калыптандыруу болуп саналат.
III. . Жобону ишке ашырууну контролдоо боюнча комиссия
1. Ушул Жобону ишке ашыруу максатыда Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн алдында үйлөнүү үлпөтүн, маараке салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча туруктуу комиссия түзүлөт.
2. Комиссиянын курамы:
1) Комиссиянын жетекчиси (Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары);
2) Комиссиянын мүчөлөрү: Бешик-Жон айылдык кеңешинин депутаттары, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айыл башчылары, көчө комитетинин төрагалары (төрайымдары) ж.б.
3) Комиссия түзүү жана жана анын курамы жөнүндө чечим Бешик-Жон өкмөтү тарабынана бекитилет. Комиссиянын сандык курамы ушул Жобону ишке ашыруу боюнча аткарылуучу иш-чаралардын көлөмүн эске алуу менен Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
4) Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп комиссиянын отуруму саналат. Эгер отурумга комиссия мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, аны өткөрүүгө укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Комиссия мүчөлөрүнүн отурумуна катышкандардын жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
5) Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат :
- Ушул Жобонун талаптарына ылайык үйлөлнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк маараке салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларын өткөрүүгө көзөмөл жүргүзөт;
- Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк маараке салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү маселелери боюнча Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк маараке салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чарарды өткөрүү боюнча алдынкы тажрыйбаларды жайылтат;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк маараке салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чарарды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурат;
- Бешик-Жон айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактардан ушул Жобонун аткарылышын талап кылат.
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-феврвлындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык ашыкча союш союлбастан, жергиликтүү салтты сактоо менен жүргүзүлөт.
2. ЗАГС органдарында никени мамлекеттик каттоо аземине барууга 3төн ашык эмес жеңил авто унааны колдонуу менен айыл тургундарынын тынчтыгын бузган сирена жана сигнализацияларсыз жүргүзүлөт.
2. Тойлордо ысырап керчиликке жол берген акыркы маалдарда модага айланган түштөнтмөй, кешик жедирүү сыяктуу кошумча ашыкча союш союп киргизүү салттары токтотулсун.
1. Маркумду жерге коюу (жаназа) ыксыз чыгымга жол бербөө максатында эч кандай мал жандык союлбастан жүргүзүлөт.
2. Азага деп көтөрүлүүчү материалдар жана кийимдер токтотулат.
3. 3 күндөн кийин жылкы союп эксан өткөрүлбөйт.
4. Үчүлүгү, 4 бейшембилиги, 40 күндүгү жана жылдыгы уюштурулбайт, мал жандыктар союлбайт , досторкон жайылбайт. Биринчи бейшембилигинде кыргыз үй бузулат.
5. Союш союлуп, Айт намазынан кийин кыдырып ашка кирүү токтотулат.
1. Жеке жана юридикалык жактар үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, маараке салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды Комиссияны милдеттүү түрдө кабарландыруу аркылуу ушул Жобонун талаптарын сактоо менен өткөрүүгө милдеттүү.
2. Жеке жана юридикалык жактар ушул Жобонун талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат. Ушул Жобону бузууга жол берген адамдар жөнүндө маалымат Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылат.
IV. Кортунду жобо.
1. Ушул Жобо, ага толуктоолор, өзгөртүүлөр Бешик-Жон айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
Даярдаган: Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча комитети.