Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 30-декабры, №643 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Спирт жана алкоголдук продукция чыгаруу жана сатуу чөйрөсүндөконтролду күчөтүү, арак жана ликер арак ичимдиктерин чыгаруу укугуналицензиясы бар чарбакер субъекттер тарабынан салыктык төлөмдер жанажыйымдар боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260
токтому мененбекитилген Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө
жобонун"Пиво, вино, шампан, ликер-арак, коньяк ичимдиктерин жана спирттидаярдоо боюнча иш-аракетти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү" деген 28-главанын 4-пунктундагы "50" деген сан "100" деген санга алмаштырылсын. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Спиртти жана алкоголдук продукцияны чыгарууга, сактоого жанасатууга мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынишке ашыруу механизмин камсыздоо боюнча чаралар тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-апрелиндеги № 230
токтому; - "Спиртти жана алкоголдук продукцияны чыгарууга, сактоого жанасатууга мамлекеттик монополияны камсыздоого контролду күчөтүү боюнчачаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 385
токтомунун 18-пункту; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-мартындагы №116 токтомунун 3-пункту. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов