Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги XVII сессия
2022-жылдын 29-апрели №5
“Жалал-Абад шаарында, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” №54-Жарлыгына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип түшкөн 05.04.2022-жылдагы чыг.№01-23/47сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
“Жалал-Абад шаарында, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жалал-Абад шаарынын мэриясына Жалал-Абад шаарынын жашоочуларына түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев
Жалал-Абад шаардык кеңешинин “29”-апрель 2022-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №5-токтомуна №1-тиркеме
|
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн
тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү
иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
6. Шаардын комиссиясы
7. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
8. Жергиликтүү эрежелер
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Шаарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн шаардын мэринин буйругу менен курамы мэриянын кызматкерлеринен, шаардык кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган шаардын комиссиясы түзүлөт.
2.2. Ушул жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык, шаардык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, мэриянын, сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, мэриянын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга шаардын мэриясы, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар шаарда жана айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Маркумду узатуу, эскерүү ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, бейшембилик, жетилик, кыркылык) өткөрүүдө мал союуга болбойт (тыюу салынат).
4.2. Маркумду эскерүү ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына шаардын мэри, шаардын комиссиясы, жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
6. Шаардын комиссиясы
6.1. Шаардын комиссиясы шаардын мэриясында түзүлөт. Анын курамына:
-шаардын мэри,
-мэриянын кызматкерлери,
-жергиликтүү кеңештин депутаттары,
-милициянын,
-маданият бөлүмүнүн,
-элге билим берүү бөлүмүнүн,
-кесиптик кошундардын,
-ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун кеңешинин,
-диний уюмдардын,
-өкмөттүк эмес уюмдардын,
-массалык маалымат каражаттарынын, ж.б. өкүлдөрү кирет. Шаардын комиссиясы шаардын мэринин буйругу менен бекитилет.
6.2. Шаардын комиссиясынын милдеттери жана укуктары:
- жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт;
- үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүлүп жаткан жерлерге чогуу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
-иш чара өткөрүп жаткан үй ээсине жобонун талаптары тааныштырылып, ал тууралуу журналга кол койдурат.
-жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт.
-жобонун талаптары бузулган учурда акт түзөт, ал жөнүндө комиссияда маселени карайт, талаптарды бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу) көрөт.
-комиссия тарабынан чечим кабыл алууну татаалдаткан жагдайлар келип чыккан учурда, чара көрүү үчүн облусттук комиссияга сунуш киргизет.
7. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Шаарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамаатын уставында жана айылдын, шаардын укуктук ченемдик актыларында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
8. Жалал-Абад шаарында, айылдарда жана башка калктуу конуштарда
үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын
өткөрүү эрежелери
Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттарында ж.б. үй бүлөлүк салтанаттарда бир жандык союу менен ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө;
Үйлөнүү үлпөт тойлордо
-чакырылган коноктун саны 350 адамдан ашпасын;
-тойдогу картежге чыгуу 1 беш орундуу автоунаа жана 2 микроавтобус менен чектелсин;
-көп сандагы малды сойбостон жана башка ысырапкерчиликке (кийит кийгизүү, ашыкча дасторкон жайуу) жол бербестен өткөрүлсүн.
8.3. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
-Кыргызстан Дин башкармалыгы тарабынан чыгарылган Фатхага таянып, маркумду узатууда 3 күн ичинде маркумдун үйүндө мал союу, дасторкон жайуу, кийит кийгизүүгө тыюу салынсын;
-маркумду эскерүү 3 күндөн кийин 1 кой союу менен жакын туугандары менен эскерилсин;
-“бейшембилик, жетилик, 40 күн” деген түшүнүктөр алынып салынсын, ал күнү маркумду үй бүлө мүчөлөрү жана жакын туугандары менен мал жандык союлбай эскерилсин;
-жылдык, аш-тойлор мүмкүнчүлүгүнө жараша өткөрүү менен 1 ден ашык жандык союлбасын же айтылган мааракеге аталган каражатты шагыл төгүү, жарыктандыруу, жөө жол салуу(тротуар), жетим-жесирлерге жардам берүү сунушталат.
-кошок кошуучуну жалдоого, кыздарынын ак-көк кийүүсүнө, тон жабууга, жыртыш берүүгө тыюу салынат;
-пакет таратуу, себет көтөрүү токтотулсун, анын ордуна акча кошуу сунушталат.
Жооптуу катчы | О.Эшенкулов |