Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги XVII сессия
2022-жылдын 29-апрели № 8
Жалал-Абад шаарынын 2018-2023-жылдарга туруктуу стратегиялык өнүгүү программасына толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 45-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 26.04.2022-жылдагы чыг.№01-23/58 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице мэри А.Раматилаевдин баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 4.12.2018-жылдагы XIII сессиясынын 13-токтому менен бекитилген Жалал-Абад шаарынын 2018-2023-жылдарга туруктуу стратегиялык өнүгүү программасына №1-тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн иш аракеттерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин “29”-апрель 2022-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №8-токтомуна №1-тиркеме
2018-2023-жылдарга Жалал-Абад шаарынын туруктуу стратегиялык өнүктүрүү боюнча инвестициялык
Программасына кошумча сунушталган долбоорлор
№ | Долбоордун аталышы | Бөлүүнүүчү сумма | Аткарууга жооптуу | Күтүлүп жаткан жыйынтык |
CASA-1000 1 этап-Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгындагы Качкынчы айылына | 29720 АКШ доллары | CASA-1000 долбоору | Электрофикация | |
CASA 1000 1 этап-Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгындагы Төш-Кутчу айылына | 31473 АКШ доллары | CASA-1000 долбоору | Электрофикация | |
CASA 1000 1 этап-Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгындагы С.Жээнбеков айылына | 31141 АКШ доллары | CASA-1000 долбоору | Электрофикация | |
CASA 1000 2 этап- Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгындагы Качкынчы айылына | 70000 АКШ доллары | CASA-1000 долбоору | Качкынчы айылынын №10 Т.Кошматов атындагы мектеп гимназиясынын терезелерин пластиктен жасалган терезеге жана чатырын жаӊылоого, мектептин сыртын сырдоого. | |
CASA 1000 2 этап-Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгындагы Төш-Кутчу айылына | 58000 АКШ доллары | CASA-1000 долбоору | Төш-Кутчу айылынын 8 көчөсүн күн нуру менен жарыктандыруу жана электр чубалгыларын мамычаларын алмаштыруу | |
CASA 1000 2 этап-Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгындагы С.Жээнбеков айылына | 47250 АКШ доллары | CASA-1000 долбоору | С.Жээнбеков айылынын 5 көчөсүнө электр мамычаларын, чубалгыларын алмаштырууга жана көчөлөрдү жарыктандырууга. |
Жоопту катчы | О.Эшенкулов |