Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы
2022-жылдын 2-марты № 33/4
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча бир жылдык отчету жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комисиясынын корутундусун эске алып Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 33-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча бир жылдык отчету канааттандырарлык деп табылсын. (Отчет тиркелет. Тиркеме 2 баракта).
2. Токтомду көзөмөлдөө бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин
Төрага | Ш.Мазакеев |
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Ызаканов Мамбеталынын 2021-жылдын жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча отчету
Урматтуу депутаттар!
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ар бир айылдарында чогулуштар өткөрүлүп элдик чогулуштардын негизинде иш чаралар кабыл алынган. Кабыл алынган иш чаралардын негизинде сиздер бюджетти карап бекитип бергенсиздер. Биз ошол иш чаранын негизинде эң көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш алып бардык.
Жыл башында айыл өкмөт боюнча иш план түзүлүп, иш пландын негизинде иш алып бардык.
Кара-Жыгач айыл өкмөтү боюнча 1533-кожолукта 7979 адам жашайт.Азыркы учурда айыл тургундарын айыл өкмөттүн базасына турак жайын жана адамдарды киргизип жатабыз. Биздин айыл өкмөттө 50 % жашоочуларды санарип программасына киргиздик. Санарип программасына жашоочулардын турак жайынын документери жок болгондуктан калган жашоочуларды санарипке киргизе албай жатабыз. Бирок эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошону менен бирге турак жай салып жашап жаткан атуулдардын документтерин бүткөрүү үчүн, жерлерди трансформациялоо боюнча иш алып барып жатабыз.Тактап айтсам азыркы учурда үй салып жашап жаткан 121-адамдын, ал эми фундамент куюп койгон 21 адамдын жерлерин трансформация кылуу үчүн тиешелүү жерлерге жөнөттүк. Айыл аймагында сугат айдоо-83га, кайракы айдоо178 га, кайра бөлүштүрүү фонд 6га суулуу, 26 га кайракы айдоо, чөп чабынды 100га,огороддор боюнча 174 га, 4279га жайыт жер жана 5357 га башка жерлер бар.
Кара-Жыгач айыл аймагында 2021-жылга карата 2834 кара мал, 6064-кой. 5735 эчки жана 779 жылкы катталган. Жыл ичинде малдарга өз учурунда эмдөө иштери жүргүзүлүп турат. Айыл аймагында элдердин малдарын эмдөө жана жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында “Баймат” атындагы ветсервистин мал доктурлары тейлешет. Ал эми айыл өкмөттөгү мал чарба адиси бардык иштер боюнча көзөмөл жүргүзүп, тиешелүү жерлерге өз учурунда маалымат берип турат. Айыл аймагындагы жардамга муктаж адамдар менен айыл өкмөттүн соц кызматкери иш алып барып, өз учурунда тиешелүү жардамдар берилип жатат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул алууга жардам берип тиешелүү документтерин бүткөрүп берет.
Айыл өкмөттө ар сайын бекитилген салыктарды толтуруу үчүн ар дайым иш алып барабыз. Көпчүлүк учурда алты айлык салыктын планынан транспорт салыгынан башкасынан толук чыктык. Бирок тогуз айлыктын эсебинен бардык салыктардын планын аткардык.
Айыл аймагындагы жашоочуларды сугат суу менен камсыз кылуу максатында айылдардагы каналдар, арыктар өз учурунда тазаланды. Айыл тургундары сугат суу менен жетиштүү деңгээлде камсыз болду. Ар бир айылда мураптар дайындалып, ар бир айылдагы чогулуштардын токтомдорунун негизинде иш алып барды.
Айылдардан жакынкы жана алыскы жайлоолорго көчүп чыгуу, ар бир айылда болгон чогулуштардын токтомдорунун негизинде белгиленип, аткарууга алынды. Бирок жакынкы жайлоолорго малдар көп чыккандыктан, жай ортосунда малдар жакынкы жайлоолордо чөп калбагандыктан айылга түшүп көп кыйынчылыктар болуп жатат. Бул көрунүштү бардыгыбыз эле билебиз. Бардыгыбыз чогуу аракет кылып чоң жайлоого жылкыларды, уйларды жана кой-эчкилерди алып барсак, бул маселени да чечет элек. Ар дайым айыл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
Айыл аймагындагы жашоочуларды ичүүчү таз суу менен камсыз кылуу масатында Кара-Жыгач, Тор-Камыш, Дардак-Дөбө, Чарба жана Кара-Ой айылдарынын топосъемкасын чийдирип, 2022-жылга долбоор жазып планга киргизип ишке ашырууга аракет кылып жатабыз.
Айыл аймагынын чек арасын коңшулаш айыл өкмөттөр менен тактап картасын чийдирип жатабыз.
Азыркы учурда айыл өкмөттөгү бардык акча каражаты тендер аркылуу ачык айкын, мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт. Бардык акчанын жумшалышы боюнча финансы эконмикалык бөлүмүнүн башчысы маалымат берет.