Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 28-марты № 7-1
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколу бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төраганын орун басары Чороев Бакытка милдеттендирилсин.
3. Бул токтом ketmen-dobo.kg. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Чороев Б. |
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин шайлоодогу
эсептөөкомиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ №1
28.03.2022-жыл | Терек-Суу айылы |
Эсептөө комиссиясынын курамы:
Стамалиева К.
Сүйүнтбек к Б.
Анарбек у К.
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо төмөндөгүдөй тартип менен жүргүзүлдү.Кеңештин төрагасын Турдалиев Таалайбек Эсенович, Жумалиева Анаржан Каракозуевналар өздөрүнүн кандиданттарын көрсөтүшкөн. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоого 21 депутаттын 20сы катышып, 9 депутат Жумалиева Анаржанга, 4 депутат Турдалиев Таалайбекке 7депутат эки кандидантка каршы добуш берген.
Жыйынтыгында кандиданттар 20 добуштун көпчүлүк пайызын ала албагандыктан шайлоо жараксыз деп табылат.
Эсептөө комиссиясынын курамы: | Стамалиева К.Б. Сүйүнтбек к Б Анарбек у К. |