Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 28-марты № 7-4
№5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын ата-энелер чогулушунун 24.02.2022-ж
№1 протоколун бекитүү жөнүндө
№5 “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Тургунбаева Динара ата-энелер чогулушунун протоколунун чечими менен тааныштырып, акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу ата-энелердин төлөм каражатын 800сомдон 1000сомго көтөрүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын ата-энелер чогулушунун 24.02.2022-ж №1 протоколу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Тургунбаева Динара милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет комитетинин төрайымы Жумалиева А. тапшырылсын.
4. Бул токтом ketmen-dobo.kg. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу кчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Чороев Б. |
Протокол № 1
Терек-Суу | 24.02.2022 |
№5 «Кызгалдак» балдар бакчасында ата-энелер чогулушу болуп ага 92 ата-эне катышты.
Чогулуш башчылары:
1. А. С. Алишеров Кетмен –Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
2. Тургунбаева Динар МЧББУ директору
3. Асыранкулова Назгүл катчысы.
Күн тартибиндеги каралуучу маселе:
1. №5 “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жарым жыл ичиндеги материалдык техникалык базасын чыңдоо боюнча аткарылган иштери жана балдарга каралуучу азык-тулугу боюнча маалыматы.
2. №5 “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун ата-энелер тѳлѳм каражатын 800 сомдон 1000 сомго кѳтѳрүү боюнча.
Угулду 1- маселе боюнча №5 “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Тургунбаева Динара томондогулорго токтолду.
Мекеменин абалы боюнча бала бакча 1978-жылы 140 орунга ылайыкталган типтүү балдар бакчасы болуп ачылган. Бакчада азыркы убакта 32 кызматкер иш менен камсыз болгон. Анын ичинен 1 жетекчи, 12 педагогикалык кызматкер, 1 музыка мугалими, 1 орус тили мугалими, 6- жардамчы тарбиячы, 1 мед айым, 1 чарба башчы, 2 ашпозчу, 1 кир жуучу кызматкер, 1тех кызматкер, 1 короо тазалоочу кызматкер, 2 кароолчу,1 жумушчу, 1 электрик эмгектенет Бала бакчада азыркы учурдун талабына ылайык 168 орундук бар. 2022-жылдын февраль айында баланын саны 165, анын ичинен 91 кыз ,74 уул бала болуп такталды. Ал эми жалпы абалы боюнча бала бакчада абал жакшы экендигине токтолду.
Жылуулук системасы боюнча №5 «Кызгалдак» мектепке чейинки билим берүү уюмунда 2016-2017- окуу жылында Кетмен-Дөбө айыл аймагынын колдоосу тарабынан сунушталып киргизилген долбоор жылытуу системасы жылуу суу түтүкчөлөрүн жүргүзүү жана ар бир тайпага кирүүчү даараткана жана жуунуучу эмеректерди орнотуу үчүн долбоор жазылып, АРИС программасы тарабынан ишке ашырылган. Долбоордун суммасы 1 млн 407 мин сомду түзөт. Жылытуу системасы жалаң гана электр энергиясы менен иштейт. 2021-жылдын октябрь айында Токтогул райондук атайын эсеп болумунун каражатынан 560 000 сомдук заманбап айнектер менен толук каржыланып алмаштырылды. Бала бакчанын ичи жылуу, жылуулук талаптарына жооп берет.
Мекеменин иштөө тартиби боюнча; тарифтик планда бекитилген тарбиячылар 5 сааттан график боюнча иштешет. Бала бакча 480 саатык, Наристе программасы боюнча, калган 5 тайпа Балалык программасы боюнча окутуп, тарбиялап жатышат. Бала бакчада 8 жогорку билимдуу педагогикалык кызматкер, 7 атайын орто билимдуу кызматкер эмгектенет. Билимин жогорулатууда аралыктан 2021-жылы 7 тарбиячы, 2 жардамчы тарбиячы квалификациясын жогорулатышты. Азыркы убакта 3 тарбиячы билимин жогорулатуу боюнча аралыктан окуп жатышат. Кенже кызматкерлер 9,15 сааттык график боюнча иштешет.
Материалдык техникалык базасын чыңдоодо №5» Кызгалдак» мектепке чейинки билим беруу уюмунун иш планынын жана стратегиялык планынын негизинде региондорду онуктуруу, олкону санариптештируу боюнча иштер жургузулуп, Кетмен-Добо айыл окмоту тарабынан, бала бакчанын атайын эсебинен 60 000 (алтымыш мин) сомго бала бакча интернет менен туташтырылган жана 6 тайпада 6 видео козомол иштеп жатат. Кетмен-Добо айыл окмотунон 89796 (сексен тогуз мин жети жуз токсон алты)сомдук каражат менен камсыздалып, буткул дуйнолук азык-тулук программасынын алкагында, айыл окмотунун кийлигишуусу менен бала бакчада кемеге куруу иштери жургузулуп, пайдаланууга берилди. Бала бакчага демоорчулорду тартуу менен иш алып барылып, кенже тайпага окуу куралдарын, дидактикалык материалдарды жана оюнчуктарды коюу учун шкаф менен камсыздалды.
· Бала бакчанын азык- тулугу боюнча
· Бала бакчанын тамак-ашы боюнча мурунку калдыгы 98577(токсон сегиз мин беш жуз жетимиш жети) сом 07 тыйын калган.
· Бала бакчанын атайын каражатынан сентябрь айына 30000( Отуз мин) сомдук азык- тулук менен камсыздалды.
· Октябрь айына 109 980 ( Бир жуз тогуз мин тогуз жуз сексен )сомдук азык-тулук менен ата-энелер каражатынан тендер жарыяланып, камсыздалды.
· Ноябрь айында 90 245 (Токсон мин эки жуз кырк беш) сомдук азык-тулук менен бала бакчанын атайын эсебинен тендер жарыяланып, мыйзам чегинде камсыздалды.
· Декабрь айына 187 805 (Бир жуз сексен жети мин сегиз жуз беш) сомдук азык-тулук тендер жарыялоо менен камсыздалды.
· Январь айына 101355 (Бир жуз бир мин уч жуз элуу беш) сомдук азык-тулук менен камсыздалды.
· Жалпы: 617962,07(алты жуз он жети мин тогуз жуз алтымыш эки ) сомдук азык-тулук берилди.
Жарыш сѳзгѳ: Мырзакеримова Гүлмира Мен бала бакчада иштеп жаткан баардык кызматкерлерге ыраазымын. Уйдо 2 балабызды кароодон кыйналып бала бакчага берип жатабыз. Булардын мойнунда чоң жоопкерчилик турат. Мен билгенден биздин бала бакча Токтогул району боюнча эң жакшы бала бакча кооздугу боюнча дагы жана башка жасалгалары. Тарбиячылардын мээнети куч. Менин үйүм бул жерге жакын болгондуктан баарын коруп турам.
2-маселе боюнча Кетмен – Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. С. Алишеров сѳз сүйлѳдү. Жылдан жылга бюджеттин тартыштыгы жана азык – түлүктүн баасынын кымбатташы балдардын тамак- ашына тѳлѳнүүчү акча каражатын кѳтѳрүүгѳ негиз болуп жатат. Айыл ѳкмѳттѳн бала бакчага 180 000 сом акча каражаты азык- түлүккѳ сессияда каралып бекитилип, бѳлүнүп берилди. Бирок бул менен эле токтолбойбуз . Дагы мүмкүнчүлүктѳр болсо акча каражатын бѳлүп берүүгѳ аракет жасайбыз. Эгер ата-энелердин тѳлѳм каражаты 1000 сомго кѳтѳрүлсѳ ал 45 сом 45 тыйынды эле тузѳт. Ал эми азыркы учурда бала бакчанын бир кундүк тамак- ашы 54 сом 54 тыйынды түзѳт. Бирок бул да жетишсиз. Жетишпеген жагын кайрадан айыл ѳкмѳткѳ кайрылуусу менен чечилет.
Жарыш сѳзгѳ: Каратаев Алмаз. Айыл жергесине 10000 сом оордук жаратпайбы. Аракет кылабыз, бирок элдин баары тегиз эмес деп ойлойм.
Орозалиев Кенжебек Чон- Арык айылынын тургуну. Биз Чон- Арык айылынан келебиз. Кунунѳ бир балага 50 сомдон жол кире тѳлѳнѳт. Ошондо жол киребиз менен бир топ эле болуп калат. Айыл ѳкмѳттѳ бош жерлер болсо, ушул жерлерди иштетип, кошумча каражат таап бюджетти толтуруп, жок дегенде картошка, пияз менен камсыз кылсанар болмок.
А.С.Алишеров: Кетмен – Д ѳбѳ айыл ѳкмѳтүндѳ бюджеттин тартыштыгынан иш ордуларында да кыскартуулар болуп жатат. Мисалы: Ар бир айыл ѳкмѳтүнүн ѳзүнүн ѳзгѳчѳлүгү болот. Чолпон – Ата айыл ѳкмѳтүндѳ бюджет кенен. Иш ордуларында кыскартуулар болгон жок. Себеби: ал жакта кен байлыктар болгондуктан аларга жылына белгилүү ѳлчѳмдѳ акча каражаты которулуп турат. Кетмен–Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүндѳ ФПС тин жерлери бар. Аларды быйылкы жылы ар бир түтүнгѳ 2 га дан гана бѳлүп беребиз. Ушул арендадан түшкѳн акча каражатынан ата- энелердин тѳлѳм каражатынын жетпегенин балдардын азык түлүгү үчүн бала бакчага которуп беребиз.
Камчыбекова Гүланда ата-энелер комитетинин тѳрайымы. Баланы бергенде милдет кылбай берели. Иштесе айлыгын алат деп эле сыйлоону жоготпойлу. Биринчиден бала биздики. Ал эми баланын келечеги үчүн баардык шартка макул болуу биздин ата-энелердин милдети. Балдарыбыз учүн 1000 сом туура эле. Озүбүз деле базар баасын кѳрүп билип турабыз.
Жогорудагы сунуш жалпы ата-энелерге колго салынып, баардыгы бир добуштан макулдугун билдиришип кол кѳтѳрүштү.
Чогулуш угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №5 “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жарым жыл ичиндеги материалдык техникалык базасын чыңдоо боюнча аткарылган иштери жана балдарга каралуучу азык-тулугу боюнча отчеттук маалыматы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Ата- энелер тарабынан тѳлѳнүүчү тѳлѳм каражаты 800 ( сегиз жүз)сомдон 1000 ( миң ) сомго кѳтѳрүлсүн.
3. Ата- энелердин тѳлѳм каражатынын 800 сомдон 1000 сомго кѳтѳрүлгѳндүгү боюнча мыйзамдаштыруу жагы жетекчи Д.Тургунбаевагв милдеттендирилсин.
1. А.С.Алишеров Кетмен-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
2. Тургунбаева Динар МЧББУ директору
3. Асыранкулова Назгүл катчысы.