Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 29-апрели № 2/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгы боюнча Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн түзгөн Жобосун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын II сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгы “Үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары” боюнча Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн түзгөн Жобосу (Жобо тиркелет. Тиркеме 1 баракта) бекитилип берилсин.
2. “Үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары” боюнча аймактардагы атаандаштыктын алдын алуу, аткарууга бир тараптуу болуу максатында республика боюнча бирдей Жобо иштеп чыгуу жогорку органдарга сунушталсын.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | А.Ч.Назарбеков |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-ж № 54 жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасында үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн
ЖОБОСУ
1. Маркумду узатууда маркум чыккан үйдө мал союлбай, дасторкон жасалбайт.
- Каза болгон маркум 60 жаштан ашкан болсо жандык же кара мал 2-3 үй нары кошунасынын үйүнө союлуп, дасторконго салат ж.б дүйүм тамактар коюлбайт.
- Маркум 50 жаштан төмөн болсо мал союлбайт .
- Айыл ичиндеги тургундар дасторконго киргизилбейт. Алыстан келген туугандар кошунаныкынан жөнөтүлсүн.
- Аялдардын кийит- кече, себет дасторкону токтотулсун. Анын ордуна акчалай жардам берсилсин. Бул боюнча аялдар кеңеши уюштурган ар бир участкадан түзүлгөн аялдардын тобу көзөмөлдөйт.
40кундүк жана бейшембилик белгиленбейт, ашы үй- бүлөсүнүн шартына жараша кайсы убак болсо да өткөрүлө берет.
2. Журткерчиликти ар бир адам өзү жашаган айылына берүүгө милдеттүү. Журткерчиликти тизмелөөнү ар бир айыл башчы жоокерчилигине алып көзөмөлдөйт.
3. Тойдо жаштардын сейилдөөсү 3 унаадан ашпасын.
4. Кафеде өткөрүлгөн тойдо чакырылган коноктордун саны 300 адамдан ашпасын.
Кара-Жыгач айыл аймагынын башчысы: М.Ызаканов