Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары. Өкмөт Үйү2006-жылдын 15-январы, № 16 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кичикемин айылдык кењешин Арстанбек Дүйшеев атындагы айыл кењешине өзгөртүп атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» КыргызРеспубликасынын
Мыйзамынын 5-статьясына жана Кичикемин айылдык, Кеминрайондук жана Чүй облустук кењештеринин сессияларынын КыргызРеспубликасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кичикемин айылдыккењешин Арстанбек Дүйшеев атындагы айыл кењешине өзгөртүп атоо жөнүндөчечимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөргө макулдук берилсин: - Кичикемин айылдык, Кемин райондук жана Чүй облустук кењештерининсессияларынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагыКичикемин айылдык кењешин Арстанбек Дүйшеев атындагы айыл кењешинеөзгөртүп атоо жөнүндө чечимдерине; - «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кичикеминайылдык кењешин Арстанбек Дүйшеев атындагы айыл кењешине өзгөртүп атоожөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна. 2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна жиберилсии. 3. Кыргыз Республикасыпын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешиндеги туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси жогоруда аталган мыйзам долбоору КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Чүйоблусунун Кемин районундагы Кичикемин айылдык кењешин АрстанбекДүйшеев атындагы айыл кењешине өзгөртүп атоо жөнүндө Кичикеминайылдык, Кемин райондук, Чүй облустук кењештеринин сессияларынынчечимдери жактырылды. Аталган айылдык кењештердин чечими А.Дүйшеев Чүй облусунун Кеминрайонундагы Кичикемин айылында туулгандыгы менен негизделет. А.Дүйшеевэмгек жолун 1954-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарбаинститутун аяктагандан кийин баштап, Нарын облусунун Жумгалрайонундагы «Жумгал» совхозунда ветеринардык врач, совхоздун директоруболуп иштеген. 1960-1979-жылдарда партиялык органдарда жооптуукызматтарда - Кыргызстан Компартиясынын Жумгал райондук комитетининэкинчи, секретары, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин,жооптуу уюштуруучусу, Кыргызстан Компартиясынын Өзгөн райондуккомитетинин биринчи секретары, Кыргызстан КП БКнын секретары,Кыргызстан Компартиясынын Ысыккөл облустук комитетинин биринчисекретары болуп иштеген. 1979-1981-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунунтөрагасы, 1981-1986-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы,1986-2003-жылдары - Кыргызстан ветеринардык ИИИнин директору болупэмгектенген. Ветеринардык илимдин кандидаты, айыл чарба жаныбарларынын ооруларыналдын алуу жана дарылоо боюнча 20дан ашуун илимий эмгектердин автору. 1992-жылы Дүйшеев Арстанбекке «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынаэмгек сињирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылган.., үч ЭмгекКызыл Туу ордени, Октябрь Революциясы, ордени жана медалдар мененсыйланган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери катары ДүйшеевАрстанбектин элесин тубөлүккө калтыруу максатында Кичикемин айылынынтургундары Кичикемин айылдык кењешин Арстанбек Дүйшеев атындагы айылкењешине өзгөртүп атоо жњнүндњ чечим кабыл алышкан. Айлдынтургундарынын жыйынынын чечими Чүй облусунун жергиликтүү кењештеритарабынан колдоого алынган. «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнундө» КыргызРеспубликасынын
Мыйзамынын 12-статьясынын негизинде КыргызРеспубликасынын географиялык объекттерин атоого жана өзгөртүп атоогобайланыштуу бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнөт. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 58, 64 жана 65-статьяларынатаянып, жогоруда аталган жергиликтүү кењештердин чечимдерин колдоогоболот деп эсептейбиз жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагыКичикемин айылдык кењешин Арстанбек Дүйшеев атындагы айыл кењешинеөзгөртүп атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15 - январындагы № 16токтомуна ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерде жиберебиз. Премьер-министр Ф.Кулов