Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын16-январындагы№ 25 токтому менен бекитилген
|
Тумоо пандемиясына каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын
УЛУТТУК ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 758, 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 689 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-БӨЛҮК. ТУМОО ПАНДЕМИЯСЫНА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БОЮНЧА ЭПИЗООТИЯГА КАРШЫ ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
Киришүү
1. Мыйзамдар
2. Каржылоо
3. Баш ийүү тартиби
4. КТны профилактикалоо жана жоюу боюнча улуттук комиссия
5. Жергиликтүү комиссиялар
6. Эксперттик топ
7. Ресурстар (персонал, лаборатория, жабдуу)
8. Операциялык колдонмо
9. Шашылыш вакцинация жүргүзүү
10. Кызматкерлерди окутуу
11. Пессимисттик сценарий (эң начар жагдайларды четтетүүгө көрүлүүчү чаралар)
12. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды жок кылуу
13. Ооруга чалдыккандык жөнүндө кабарлоо. Коомчулук менен байланыш
1-тиркеме. Эпизоотиялык маалымат
2-тиркеме. Пессимисттик сценарий (Өтө начар жагдайларды четтетүүгө көрүлүүчү чаралар)
II БӨЛҮК. ТУМООГО КАРШЫ ЧАРА КӨРҮҮ БОЮНЧА САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
I. Киришүү
II. Пандемия коркунучу бар мезгил (ДСУнун классификациясы боюнча 3, 4, 5-фазалар)
III. Пандемиянын фазасы
1-тиркеме. Канаттуулар тумоосун аныктоо үчүн лабораториялык жабдуулар жана материалдар
2-тиреме. Вирусологдорду окутуу
3-тиркеме. Оор кагын менен ооруган бир сыркоону стационарда дарылоого керектүүлөр
4-тиркеме. Тумоо менен ооруган бир сыркоону амбулаториялык дарылоого керектүүлөр
5-тиркеме. Кагындын орточо оордуктагы түрү менен ооруган бир сыркоону стационарда дарылоого керектүүлөр
6-тиркеме. Тумоо пандемияга айланган учурда стационарлардын жумшак жана катуу инвентарга муктаждыгы
7-тиркеме. Эпидемиологиялык көзөмөл материалдар жүргүзүүгө керектүү материалдар
Тумоо пандемиясы өтө ооруусу, өлүмгө көп учураткандагысы жана социалдык-экономикалык жактан олуттуу зыян келтириши менен мүнөздөлөт. XX кылымда адамзат тумоонун оор үч пандемиясына дуушар болду. Тумоонун пандемиясы 1918-1920-жылдары ("испанка") 40 млн. адамдын өмүрүн алып кетти. 1957-жылы "азия тумоосу" пандемиясынан 2 млн. го жакын адам, 1968-жылы - 1 млн.дон ашуун адам өлгөн. Ар бир жолу тумоо пандемиясы тумоонун жаңы типтеги вирусун пайда кылып, ал генетикалык трансформация процессинен келип чыккан. Пандемияны пайда кылган штаммдары канаттуулар тумоосунан пайда болгон.
Азыркы учурда дүйнө кайрадан негизги тынчсызданууга дуушар болууда. 2004-жылы Азиянын көпчүлүк аймагында үй канаттуусунун арасында жайылган адамзат үчүн өзгөчө патогендүү канаттуулар тумоосунун таркалышы келип чыкты. Вирус адамдардын көпчүлүгүн өлүмгө дуушар кылган өтө оор оорууну пайда кылууда. 2004-жылдын аралыгында жана 2005-жылдын биринчи жарымында Вьетнам менен Таиландда канаттуулар тумоосу менен 80 адам ооруп, алардан 50сү өлүмгө дуушар болгон.
Кырдаалдын өнүгүшүнө ВОЗ тарабынан башталган байкоо жүргүзүү бул пандемиянын өрчүп келе жаткандыган көрсөтүүчү көптөгөн белгилерди аныктаган.
2004-жылы ВОЗдун жетекчилиги бир катар өзгөчө иш-чараларды жүргүзүүнү активдештирип, бул бүткүл дүйнөдөгү калкты жана өкмөттөрдү кийинки пандемия кайда жана кандай вирусту пайда кылып баштала тургандыгына карабастан, ага каршы даярдык көрүүгө мажбурлады.
Кыргыз Республикасы вируска каршы жетиштүү сандагы препараттарга ээ эмес, ошондуктан коргоонун анча өзгөчө эмес каражаттарын, калкты социалдык жактан коргоо боюнча уюштуруучулук, карантиндик жана башка иш-чараларды күчөтүү жана өркүндөтүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан саясий жактан колдоо адамдар менен жаныбарлардын арасында канаттуулар тумоосунун келип чыгышынын жана таралышынын алдын, алууга багытталган азыркы учурдагы таасирдүү чара көрүү зарылдыгын түшүнүүдө болуп саналат. Тумоо пандемиясына каршы чара көрүү боюнча улуттук пландын (мындан ары - Улуттук план) максаты.
Тумоо пандемиясына каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын потенциалын жогорулатуу.
Милдеттери:
1. Канаттуулар тумоосунун пандемиясына каршы мамлекеттик органдардын, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана калктын даярдык системасын иштеп чыгуу жана ага чукул түрдө мамиле кылуу.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында канаттуулар тумоосу пайда болгон учурда ага каршы таасирдүү чараларды камсыздоо.
Канаттуулар тумоосу келип чыккан жана тараган учурларда ага даярдыкты камсыздоо жана чукул аракеттенүү боюнча тиешелүү министрликтердин жаиа ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин өз ара аракеттенүү тартиби:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүүнүн улуттук жана ведомстволук пландарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитеттин (ӨКСКК) чечимдерине ылайык финансы каражаттарын бөлүштүрүүнү жүргүзүү.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги канаттуулар тумоосу боюнча кырдаалдын татаалдашуу коркунучу болсо, өзгөчө кырдаалдар учуруна оперативдүү аракеттенүү планын ишке киргизип жана канаттуулар тумоосунун пандемиясына каршы аракеттенүүнүн ведомстволук пландарын ишке киргизүү.
Канаттуулар тумоосу боюнча кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн, тиешелүү министрликтер менен ведомстволорду жана мамлекеттик администрацияларды оперативдүү маалымат менен камсыздоо.
Иш-аракеттерди координациялоо жана эвакуацияны камсыздоо, ооруган канаттууларды жок кылуу боюнча оперативдүү чараларды көрүү.
3. Обсервациялоо режими ыйгарым укук берилген министрлик тарабынан, карантин режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан киргизиле тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыздоо жана обсервациялык-карантиндик иш-чараларды жүргүзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жок кылынган канаттуулар үчүн калкты компенсациялоо жана мындай канаттууларды жок кылуунун тартибин аныктоо.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Улуттук планды ишке ашыруу үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо, үзгүлтүксүз байланыш жана региондор менен байланыштын кошумча каналдарын бөлүү.
Улуттук планды ишке ашыруу жагынан донордук жана эл аралык уюмдар менен техникалык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги оорулуулар пайда болгон же канаттуулар тумоосу менен ооруган бардык учурларда бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле эл аралык уюмдарга (ВОЗдун, МЭБдин, ФАОнун региондук борборлоруна) дароо маалымдоо.
Тобокелдиктерге баа берүү жана практикалык консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү үчүн адистештирилген эл аралык уюмдардын эксперттерин чакыруу.
8. Канаттуулар тумоосунун вирусун тастыктоо жана идентификациялоо үчүн Москва шаарында ВОЗ менен, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Грипп институту менен кызматташкан вирусологиялык борборлор жана башка чет өлкөлүк изилдөө борборлору менен келишимдерди түзүү. Тастыктоо жана идентификациялоо үчүн үлгүлөрдү изилдөө борборлоруна жеткирүү маселелерин иштеп чыгуу.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет (ӨКСКК) оорунун бир канча очоктору келип чыккан жана оорлошуп бараткан шарттардагы иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:
- жапайы келгин канаттуулардын жазгы жана күзгү миграциясынын учурунда жапайы келгин канаттуулардын топтолушуна жана миграциясына такай мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында канаттуулар тумоосу пайда болуу коркунучу жаралганда же тумоо чыкканда лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн канаттууларды кармоону, атууну жана өлгөн канаттууларды жыйноону камсыздайт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 758 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет (ӨКСКК) менен макулдашуу боюнча улуттук план эл аралык эрежелердин талаптарына ылайык жана оперативдүү кырдаал пайда болгон учурларда ведомстволор аралык жумушчу топторунун мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
I БӨЛҮК
ТУМОО ПАНДЕМИЯСЫНА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БОЮНЧА ЭПИЗООТИЯГА КАРШЫ ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
Киришүү
Тумоого каршы аракеттенүү боюнча эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы тумоо (мындан ары - КТ) пандемиясына карата маалымдуулуктун жана даярдыктын жогорку деңгээлин камсыздоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо үчүн зарыл болгон жалпы улуттук иш-чараларды конкреттештирүү максатында даярдалды. План КТнын коркунучу келип чыкканда же тараганда ишке ашырылууга тийиш.
1. Мыйзамдар
КТга каршы күрөшүү жагындагы мыйзам менен берилген ыйгарым укуктар төмөнкүлөрдө каралган:
- "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында;
- "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-мартындагы 138-б буйругунда.
Азыркы убакта "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42 жана 47-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын келип чыгышынын алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча чаралар жөнүндө" жана "Диагностикалык изилдөөлөр жана профилактикалык эмдөөлөр республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылана турган жаныбарлардын ооруларынын тизмеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлору иштелип чыгууда.
1.1. КТны каттоо
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Жаныбарлардын, анын ичинде жалпы эле адамдар жана жаныбарлар үчүн өзгөчө коркунучтуу оорулардын келип чыгышынан жана таралышынан, тамак-аштан уулануулардан коргоону камсыз кылуу" 6-главасы (34, 35, 36 жана 37-статьялар). "Жаныбарлардын жугуштуу ооруларын диагностикалоо жана иммуннопрофилактикалоо" 7-главасы (42-47-статьялар). Статьялар белгисиз оорулардын натыйжасында жаныбарлардын оорушун же өлүшүн каттап турууну карайт.
1.2. Төмөнкүлөр келип чыккан зоналарда көрүлүүчү ветеринардыксанитардык иш-чаралар:
- карантин;
- алып өтүүлөрдү контролдоо;
- вакцинациялоо;
- жаныбарларды аргасыз союу жана өлүктөрүн утилдештирүү;
- санитардык тазалоо жана дезинфекция.
Жогоруда саналган атайын чараларды көрүү "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-главасынын 34 жана 35-статьяларында каралган.
1.3. Компенсациялык төлөмдөр
Жаныбарлардын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтурууга компенсацияларды төлөө "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-главасынын 34-статьясында каралат, бирок компенсациялык төлөмдөрдүн атайын жоболору жана механизмдери иштелип чыккан эмес.
1.4. Милиция органдары жана башка органдар жагынан жардам көрсөтүү.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин структурасында (мындан ары - АЧМ) жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) структурасында чегаралык ветеринардык контролдоо милиция башкармалыгы иштейт. Өзгөчө кырдаалдарда бул Башкармалыктын кызматкерлери инфекциянын очогунда жана коркунуч келген зонада эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү камсыздоого тартылат.
2. Каржылоо
Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтү КТнын алдын алуу жана жоюу боюнча программаны ишке ашырууга техникалык жана финансылык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен донордук уюмдарга (Дүйнөлүк банкты жана Азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнөлүк уюмду (ФАО) кошо алганда) кайрылган. Командировкага, кошумча жабдууларды сатып алууга байланыштуу сарптоолорду жана чыгымдоо материалдарын, учурдагы сарптоолорду, аргасыз союуларды, өлүктөрүн жана дартка чалдыккан материалдарды утилдештирүүнү, санитардык тазалоону, шашылыш вакцинация жүргүзүүнү (зарыл учурларда), компенсация төлөмдөрүн жана адистерди окутуу чыгымдарын жабуу үчүн өзүнчө смета түзүлүп, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берилет.
3. Баш ийүү тартиби
3.1. КТга каршы күрөшүү жоопкерчилиги АЧМга жүктөлөт, ал КТга каршы күрөшүүнүн стратегиясына жетекчилик кылуу укугун Мамлекеттик ветеринария департаментине (МВД) берет.
3.2. МВДнын башкы директору - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринардык башкы инспектору (МВБИ) КТны профилактикалоо жана жоюу боюнча улуттук комиссиянын жооптуу кызматкерине КТ боюнча өзгөчө планды берет (НКПЛПГ, мындан ары - "Улуттук комиссия" деп аталат) (Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Буденый көчөсү, 247, Мамлекеттик ветеринария департаменти. Тел.: 28-07-18; 63-14-42; 63-14-39; 63-14-45. Факс: 63-14-46. Е-mail: dерvеt@.еlkаt.kg)
3.3. Кыргыз Республикасында КТга шектенген же ал келип чыккан учурларда Улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ветеринардык башкы инспекторунун жалпы жетекчилиги менен улуттук стратегияны координациялоого жооп берет.
3.4. Райондордун жана шаарлардын деңгээлинде тийиштүүлүгүнө жараша КТны профилактикалоо жана жоюу боюнча жергиликтүү комиссиялар (мындан ары - "Жергиликтүү комиссиялар") түзүлөт, алардын иш-аракетине жетекчиликти райондор менен шаарлардын мамлекеттик ветеринардык башкы инспекторлору ишке ашырат, алар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ветеринардык башкы инспекторуна түздөн-түз баш ийишет.
3.5. АЧМ жагынан улуттук аракеттенүүнү уюштурууга байланыштуу бардык иш-чаралар Улуттук комиссия тарабынан координацияланат.
4. КТны профилактикалоо жана жоюу боюнча улуттук комиссия
4.1. Улуттук комиссиянын төрагасы атайын ветеринардык шашылыш иш-чараларды жүргүзүү боюнча чечимдерди натыйжалуу кабыл алууну камсыздайт, аларды координациялоону МВДнын башкы директорунун орун басары ишке ашырат.
Улуттук комиссия төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- "тынчтык мезгилдин" ичинде оорулар жөнүндө маалымдоо жана ага каршы даярдык көрүү абалын кармоо;
- адистердин, жабдуулардын жана имараттардын контролдук тизмесин жүргүзүү;
- нускамаларга ылайык Жергиликтүү комиссиялардын иштерине жетекчиликти жана контролдукту ишке ашыруу;
- Республикалык борбордук мамлекеттик ветеринардык лаборатория (РЦГВЛ) жана Мал чарбасы, ветеринария жана жайыттар боюнча кыргыз илимий-изилдөө институту (МВЖКИИ) менен байланышта болуу;
- айыл чарбалык жана соода уюмдары, жалпыга маалымдоо каражаттары (ММК) менен байланышта болуу;
- күтүлбөгөн кырдаалдардын учурунда планды финансылык жактан камсыздоону даярдоо;
- окутуу программаларын даярдоо;
- команданы аткарууну текшерүүнү кошо алганда, даярдыктын учурдагы планын дайыма текшерип туруу;
- маалыматтык-агартуу иш-чараларын жүргүзүү;
- чегара пункттарында ветеринардык контролду күчөтүү.
Ооруга шектүүлүк келип чыкканда же ал тараган учурда улуттук стратегия боюнча иш-аракеттерди координациялоо:
- Улуттук комиссиянын шашылыш заседаниесин уюштуруу;
- Жергиликтүү комиссиялардын иш-аракеттерине жетекчилик, контролдоо жана байкоо жүргүзүү;
- улуттук эксперттердин сунуштарын эске алуу менен "канаттуулар тумоосунун" пандемиясына каршы күрөшүү боюнча стратегияны башкаруу жагынан жалпы жетекчиликти даярдоо;
- жергиликтүү комиссияларда штаттык персоналды жана башка ресурстарды жайгаштыруу;
- жергиликтүү комиссиялардан, жергиликтүү эксперттердин топторунан, РЦГВЛдан маалыматтарды чогултуу жана аларды анализ жүргүзүү үчүн улуттук эксперттер тобуна берүү;
- Эл аралык эпизоотиялык бюрого (ЭЭБ), ФАОго, Европалык союзга (ЕС), коңшулаш өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө маалыматтарды берүү;
- шашылыш вакцинация жүргүзүү компанияларын өткөрүү, ошондой эле вакцинация жүргүзүү зоналарынын чектерин аныктоо;
- ветеринардык жана экологиялык коопсуздук боюнча иш-аракеттерди координациялоо максатында компетенттүү органдар менен байланыш түзүү;
- АЧМнын катышуусу менен пресс-релиздерди чыгарууну кошо алганда фермерлерди жана кеңири коомчулукту маалымдоо боюнча компаниялардын ачык-айкын жүрүшүнө жетекчилик;
- окутуу программаларын даярдоо;
- финансылык камсыздоону даярдоо;
- иштеп жаткан персоналдын жана башка ресурстардын жаңыланган тизмелерин жана көмөкчү ресурстардын булактарына карата кеңири маалыматтарды жүргүзүү;
- коргоо зонасын (КЗ) жана байкоо жүргүзүү зонасын (БЗ), ошондой эле вакцинация жүргүзүү зонасы (ВЗ) зарыл учурларда түзүү үчүн Жергиликтүү комиссиялар менен байланышта болуу;
- зарыл учурларда колдонуу үчүн вакцинаны кошо алганда, биринчи керектелүүчү ресурстарды бөлүштүрүү жана заказдарды тариздөө;
- өзгөчө иш-аракеттерге катышуучу башка топтор менен байланышта болуу.
4.2. Улуттук комиссиянын курамы:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринардык башкы инспектору, Улуттук комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринардык башкы инспекторунун биринчи орун басары, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары;
Улуттук комиссиянын мүчөлөрү:
эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн начальниги;
чегаралык-ветеринардык карантиндик кызматтын милиция башкармалыгынын начальниги;
мамлекеттик ветеринардык инспекция бөлүмүнүн начальниги;
Республикалык борбордук мамлекеттик ветеринардык лабораториянын директору (РЦГВЛ);
жеке ветеринарлар ассоциациясынын өкүлү;
АЧМнын басма сөз кызматынын адиси;
Мал чарбасы, ветеринария жана жайыттар боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунун (МВЖКИИ) өкүлү;
АЧМнын бюджеттик бөлүмүнүн өкүлү;
МВДнын ветеринардык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын ИИМинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 758 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жергиликтүү комиссиялар
Жергиликтүү деңгээлде даярдыктын абалына жана оперативдүү контроль жүргүзүүгө жоопкерчиликти мамлекеттик ветеринариянын региондук, райондук жана шаардык башкармалыктары тартат.
5.1. Иш-аракеттер жана милдеттер:
а) даярдык абалын камсыздоо боюнча милдеттер жаиа тапшырмалар:
- Улуттук комиссиянын көрсөтмөлөрүнө ылайык жер-жерлерде оорулар жөнүндө маалымат берүүнү жана даярдыкты камсыздоо;
- жергиликтүү масштабда ооруларга контролдук жүргүзүү иштерин уюштуруу жана улуттук деңгээлде моделдештирүү боюнча көнүгүүлөргө катышуу;
- жабдуулар жана персонал менен камсыздоо, кийинки утилдештирүү менен канаттуулардын өлүктөрүн ташып чыгарууну уюштуруу боюнча мамлекеттик башка органдар менен байланышта болуу;
- жалпы канаттуулардын санын аныктоо;
б) конкреттүү кырдаалдардын аралыгындагы (реалдуу убакыттын режиминде) милдеттер жана тапшырмалар:
- оору келип чыккан учурга каршы күрөшүү чараларына жетекчилик кылуу жана аны ишке ашыруу улуттук комиссия менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт;
- ооруга шектенүүлөр катталган учурларда шашылыш териштирүүнү даярдоо жана колдонуудагы нускамаларга ылайык патологиялык материалдын үлгүлөрүн РЦГВЛга жөнөтүү;
- ооруларга шектенүүлөр жөнүндө Улуттук комиссияга оперативдүү билдирүү;
- улуттук эксперттер тобу менен байланышта болуу;
- коргоо зонасынын жана байкоо зонасынын масштабдарын аныктоо максатында Улуттук комиссия менен иштерди координациялоо жана бул зоналардын чектерин демаркация жүргүзүү;
- коргоо зонасындагы жана байкоо зонасындагы канаттууларды тезинен эсептеп чыгууну жүргүзүү;
- оору жуккан чарбаларда контролдоо процедураларын - карантинди киргизүү, канаттуулардын ооруну кабыл алышына баа берүү, үй канаттууларын союу жана эттерин жок кылуу, санация жүргүзүү;
- коргоо зонасынын жана байкоо зонасынын чектеринде рынокторду жабуу, үй канаттууларынын кыймылына контролдукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдары, ички иштер органдары менен байланыш түзүү;
- ооруп калуу тобокелдиктери жогору болгон үй канаттууларынын санын аныктоо максатында жергиликтүү эксперттер тобу менен байланыш түзүү жана оору жуккан жаныбарларды союу боюнча Улуттук комиссия үчүн рекомендацияларды даярдоо;
- коргоо зонасындагы жана байкоо зонасындагы үй жаныбарларын изилдөө. Коргоо зонасындагы бардык жаныбарлар оорусу ырасталгандан кийин кыска мөөнөттөрдө клиникалык текшерүүдөн өтүүгө тийиш;
- эпизоотикалык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө жыйналган маалыматтарды каттоо, ары-бери алып жүрүүгө уруксат берүү, штаттык персоналдарды тартуу жана жабдууларды пайдалануу, оору жуккан чарбалардагы окуялардын күндөлүгүн жазуу;
- айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу максатында өлүктөрдү жок кылуу жана дезинфекциялануучу заттардын чыгып кетишин контролдоо маселеси боюнча жергиликтүү бийликтер менен байланышта болуу.
5.2. Жергиликтүү комиссиянын курамы:
Облустун, райондун, шаардын мамлекеттик администрация башчысынын орун басары - Жергиликтүү комиссиянын төрагасы;
Облустун, райондун же шаардын мамлекеттик ветеринардык башкы инспектору, Жергиликтүү комиссиянын төрагасынын орун басары;
Жергиликтүү комиссия мүчөлөрү:
райондук (зоналык) ветеринардык лабораториянын директору;
райондук, шаардык мамлекеттик администрациясынын өкүлү;
райондук финансы башкармалыгынын жетекчиси;
коопсуздук кызматынын өкүлү;
райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги;
Дыйкандар, фермердик чарбалар ассоциациясынын өкүлү;
Жеке ветеринарлар ассоциациясынын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 758 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Эксперттик топ
6.1. Улуттук эксперттик топ:
Улуттук эксперттик топ "бейпил мезгилде" иштейт. Топто КТны аныктоо, алдын алуу жана жоюу боюнча тажрыйбалар жана техникалык билимдери бар.
Билимдеринин жана тажрыйбасынын тийиштүү деңгээлинде болуу үчүн эксперттик топ дайыма окуу курстарынан өтүп турат.
Топ төмөнкүлөрдөн турат:
МВДдан 1 адис-эпизоотолог;
МВЖКИИден 1 адис;
РЦГВЛдан 1 вирусолог;
өлүктөрдү жок кылуу боюнча МВДдан 1 эксперт;
РЦГВЛдан 1 патологнат;
канаттууларды миграциялоо боюнча 1 орнитолог-адис;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин 1 эксперти.
КТга шектенүүлөр жөнүндө билдирилген учурда эксперттик топ төмөнкүдөй иштерди жүргүзүүгө милдеттүү:
- клиникалык картинаны жана эпизоотиялык кырдаалды баалоо;
- пробаларды жана анализдерди алуу боюнча консультация жүргүзүү.
КТ чыккан учурда Улуттук экспертизалык топ төмөнкүлөр жөнүндө зарыл маалыматтарды чогултуу үчүн клиникалык картинага баа берүү жана эпизоотикалык маалыматтарды талдоо үчүн жооп берет:
- инфекциянын келип чыгышы;
- инфекциянын жугуу датасы;
- оорунун таркап кетүү мүмкүндүгү;
- Улуттук комиссияга билдирүү;
- биологиялык коопсуздук жана шашылыш вакцинациялоо чаралары боюнча консультацияны кошо алганда скринингге, проба алууга, анализдөөгө жана башка чараларга карата консультация жүргүзүү;
- эпизоотиялык кырдаалды байкоо;
- эпизоотиялык маалыматтарды географиялык, метеорологиялык жана башка зарыл маалыматтар менен толуктоо;
- убакыттын аныкталган аралыгы аркылуу тобокелдикти баалоо жана эпизоотиялык маалыматтарды талдоо;
- айлана-чөйрөгө болушунча азыраак таасири менен өлүктөрдү жана алардын калдыктарын тазалоону камсыздоого жардамдашуу.
Улуттук эксперттик топтун иш милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаалга баа берүү жана жаныбарлардын ар кандай түрлөрүнүн кыймылына байланыштуу тобокелдикке баа берүү;
- ооруунун келип чыгышын жана таркалышын четтетүү милдеттерине ылайык консультация берүү;
- алып өтүүнүн ар кандай типтери үчүн зарыл деп эсептелген бардык кошумча каражаттар боюнча Улуттук комиссия менен консультация жүргүзүү;
- Улуттук комиссияны өз учурунда кеңеш менен камсыздоо жана кырдаалдын өнүгүшүнө жараша кыймылды контролдоо каражаттарын кароо;
- жаныбарлар жана/же айыл чарба жерлери менен түз же кыйыр түрдө аралашууга тийиштүү иштердин ар кандай түрлөрү үчүн эрежелерге жана протоколдорго баа берүү, Улуттук комиссияга сунуштарды берүү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 758 токтомунун редакциясына ылайык)
6.2. Жергиликтүү эксперттер тобу:
Республикада канаттуулар тумоосу далилденгенде Жергиликтүү комиссия тарабынан Жергиликтүү эксперттер тобу түзүлөт.
Топ төмөнкүлөрдөн турат:
райондук мамветбашкармалыктан 1 эпизоотолог;
райондук мамветлабораториядан 1 ветеринар;
жеке ветеринариядан 1 ветеринар.
Топтун ролу:
- шектүү учурлар келип чыккан жерлерге баруу;
- оорунун келип чыгышын жана таралуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө;
- оору агымынын мүмкүндүк мезгилин болжолдоо;
- ыңгайсыз зоналардагы кырдаалды, ооруну тез кабыл алуучу жана башка үйдөгү малдын санын жана түрүн, чарба жүргүзүү ыкмасын сүрөттөө;
- чарбалардын өлчөмүн жана жайгашуусун, анын башка чарбалар менен байланышын сүрөттөө;
- тобокелдикке баа берүүнү жүргүзүү;
- патологиялык материалдын үлгүлөрүн чогултуу жана жөнөтүү;
- Улуттук эксперттик топтун эксперттери менен биргелешип аракеттенүү, зарыл учурларда изилдөө жүргүзүү үчүн аларды чакыруу;
- байкоо жөнүндө отчетторду изилдөө жана баалоо;
- Жергиликтүү жана Улуттук комиссияларга, ошондой эле Улуттук эксперттик топко маалыматтарды жиберүү;
- профилактикалык союу жана/же жок кылууга карата Жергиликтүү комиссияга консультация берүү.
7. Ресурстар (персонал, лаборатория, жабдуу)
7.1. Канаттуулар тумоосу келип чыккан учурда жергиликтүү комиссия үчүн жетиштүү сандагы персоналды жана жабдууларды тез арада топтоо зарыл. Жоопкерчилик МВДнын ветеринардык иштерин уюштуруу бөлүмүнө жүктөлөт. Кошумча адистер оору келип чыкпаган башка региондордон же жекече иштеген ветеринарлардан чогултулушу мүмкүн.
7.2. Улуттук комиссия канаттуулар тумоосу келип чыккан учурда ишке тартылышы мүмкүн болгон ветеринарлардын тизмесин алат.
РЦГВЛ КТга пробаларды алуу, үлгүлөрдү таңгактоо жана РЦГВЛга, МВЖКИИнин вирусология лабораториясына жеткирүүнү уюштуруу боюнча иш тажрыйбасы бар лабораториялык адистердин тизмесин алат.
8. Операциялык колдонмо
8.1. Аныктама
Канаттуулар тумоосу - вирустук этиология оорусу, тооктордун, индүктөрдүн жана башка канаттуулардын, айрыкча сууда сүзүүчү жапайы канаттуулардын ал белгилүү бир өлчөмдөн же ал тургай өлүмгө чейинки өтө курч оорусуна чейин өсүп жетет.
8.2. Этиология
Канаттуулар тумоосунун вирустары А түрүндөгү Orthomyxoviridae вирустук бүтүндүгүн түзөт. А тибиндеги вирустар серологиялык жактан 15 гемагглютиндөөчү чакан типтерге (Н1-Н15) жана нейраминидаздардын 9 чакан тибине (№1-№9) бөлүнөт. Ар бир вирус бирден НАга жана нейраминидаздардын бирден антигенине ээ, ал ар кандай комбинацияда ачык-айкын. А тумоосунун бардык чакан топтору мүмкүн болуучу көпчүлүк комбинацияларда канаттуулардын ар кандай түрүнөн бөлүнгөн. Азыркы убакка чейин Н5 жана Н7 чакан тибиндеги вирустар гана тез кабыл алуучу ар кандай түрлөрүндө НРАI ооруу козгоочулар катарында көрүнгөн. Бирок, Н5тин бардыгында жана Н7 вирустары патогендүү болуп саналат.
8.3. Эпидемиология
Таркалышы.
Канаттуулар тумоосунун вирустары индүк, тоокторду, ошондой эле кекилик, фазан, өрдөк, каз сыяктуу жапайы канаттууларды кошо алганда үй канаттууларынын арасында бүткүл дүйнөдө таралган. Көпчүлүк учурда канаттуулар тумоосунун вирусу клиникалык жактан оорубаган сууда сүзүүчү, жээктеги жана деңиз канаттууларынан жуккан учурлар кездешет. Н5 жана Н7 чакан тибиндеги НРАI вирустары Европада жана башка жерлерде эркин жашаган канаттуулардан бөлүнүп чыккан учурлар бар. 1983-84-жылдары НРАIнин чыккан учурлары Пенсильвания Штатынын (АКШ) аймагында катталган. Кийинчерээк НРАI Австралияда (Н7), Пакистанда (Н7МЗ), Мексикада (Н5) пайда болгон.
8.4. Кыргызстандагы эпизоотиялык кырдаал Кыргызстанда мындай оорулар катталган эмес.
8.5. Кыргызстанда канаттуулар тумоосунун вирусун келип чыгуу тобокелдигине баа берүү:
- канаттуулар тумоосу боюнча шектүү өлкөлөрдөн ооруну жуктурган тирүү канаттууларды же алардын азыктарын мыйзамдуу же мыйзамсыз алып келүү коркунучу бар;
- канаттуулар тумоосун жуктурган канаттуулардын өтүшү;
- учуучу канаттуулардын миграциясы;
- жапайы жаратылыш;
- ооруну жуктурган сууда сүзүүчү канаттуулардан булганган дамбалардан же өзөндөрдөн тазаланбаган сууну пайдалануу.
8.6. Диагноз
Клиникалык белгилери:
Көбөйүү мезгили - 3-5 күн. Клиникалык маалыматтары: абалынын начардыгы, жемге табитинин жоктугу, жумуртка туушунун кескин азайып кетиши, үрпөйүп калышы, ички мембрандык үстүрт жагында кан агышы, капилеттен өлүшү (өлүм 100%ке жетиши мүмкүн).
Эскертүү:
Көбөйүү мезгили НРАI үчүн өтө өзгөрүлмөлүү болуп саналат, ал бир нече сааттан 3төн 14 күнгө чейин болушу мүмкүн. Эл аралык эпизоотиялык бюронун кодекси (ЭЭБ) муну жөнгө салуу максатында максималдуу көбөйүү мезгили 21 күн деп берет.
Канаттуулар тумоосунда (КТ) балапандардагы белгилер:
- капилет өлгөн учурда ылаңдашы билинбеши мүмкүн,
- дене боюнун кыймылдабай калышы;
- денесинин кургап калышы;
- башынын териси жана мойну жагынын шишиши;
- оозу-мурдунан ириң чыгып калышы;
- коньюнктивдин олуттуу жабырланышы;
- геморрагиялык трахеит;
- былжырлуу челинин жогору жагынан кан агышы;
- ашказан булчуңунун кутикулунун канашы жана эрозиясы;
- ичегинин былжырлуу челиндеги, лифматикалык ткандардагы геморрагиялык очоктор.
8.7. Лабораториялык диагностика
Талап кылынуучу проба/ташып жеткирүү: Үлгүлөр тирүү канаттуулардан, клиникалык жактан жуктурган канаттуулардан жана жакында эле өлгөн канаттуулардан алынууга тийиш. Клоачтык жана трахеалдык швабрлар жана/же алардын жаңы фекалийлери менен сывороткалары тирүү канаттуулардан алынышы керек. Өлгөн канаттуулардан тамак сиңирүүчү тракттын ткандары (ашказан, ичеги, сокур ичегинин кеңейтилген бөлүгүндөгү лимфоиддик ткандар) жана дем алуу ткандары (трахея, өпкө) алынууга тийиш. Типтүү чогултуу, ташуу, сактоо жана иштетүү жөнүндө кеңири түрдө тиркемени караңыз.
Лабораториялык анализдер:
Патологиялык өзгөрүүлөр ооруну аныктабагандыктан диагноз вирусту бөлүү жана типтештирүү менен тастыкталууга тийиш. Бактериалдык сепсисти жоюу үчүн бактериологиялык анализ жүргүзүү, айрыкча канаттуулар тумоосунун төмөнкү патогендүү формалар менен аралаш инфекцияларды идентификациялоо керек.
Алардын нускаларын алгач РЦГВЛга жөнөтүү керек. Биротоло идентификациялоо адатта КТ боюнча эл аралык лабораториялардын же ЭЭБдин лабораторияларынын биринде жүргүзүлөт.
8.8. Дифференциалдык диагностика
Патогендүүлүктүн ар кандай деңгээлиндеги жөжөлөр менен индүктөрдүн КТнын инфекциясы клиникалык текшерүүдө жана аларды союп кароодо көпчүлүк учурларда төмөнкүлөр айырмаланбайт:
- Ньюкасл оорунун вирусу;
- канаттуулар пневмовирусу жана башка парамиксовирустары;
- инфекциялык бронхит;
- инфекциялык ларинготрахеит;
- үй канатгууларынын чумалары;
- баштын целлюлита escherichia coli;
- курч пастереллез;
- инфекциялык ринит;
- хламиди;
- өтө уулануу;
- өлүмгө дуушар кылуучу күтүлбөгөн учурлар (мисалы: муунуп калуу, жылуулук стресси, денесинин кургап калышы).
8.9. КТ боюнча азыркы убактагы болгон диагностикалык тесттер (табл.):
Табл.:
┌──────────────────┬──────────────┬───────────────┬───────────────────┐
│ Тест │Керектүү проба│Тест таап чыгат│Натыйжа алуу убагы:│
├──────────────────┼──────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│Иммунофлюоресцен- │Жаңы ткань │Вирустук │ 4 саат │
│ция │(уйку бези) │антиген │ │
├──────────────────┼──────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│Иммуногистохимия │Фармалин менен│Вирустук │ 2 күн │
│ │иштетилген │антиген │ │
│ │ткандар │ │ │
├──────────────────┼──────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│Вирус бөлүп │Ткандар │Вирус │ 2-10 күн │
│чыгаруу │ │ │ │
├──────────────────┼──────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│Е№tifikatio№ Ьу НI│Вирус бөлүү │Спецификалык │ 4 күн │
│боюнча вирусту │ │антигендер │ │
│аныктоо │ │ │ │
│Кабыл алынбаган │ │ │ │
│ЕМ, Нейраминидаз │ │ │ │
│тести │ │ │ │
├──────────────────┼──────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│Үйүр же │Сыворотка │Антитела │ 1 күн │
│айланадагы │ │ │ │
│курчаган үйүрлөр │ │ │ │
│боюнча серологая: │ │ │ │
│НI ЭЛИЗА/ИФА чакан│ │ │ │
│тиби үчүн │ │ │ │
│спецификалуу │ │ │ │
├──────────────────┼──────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│АGID - топтор үчүн│ │ │ │
│мүнөздүү │ │ │ │
├──────────────────┼──────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│Патогендүүлүккө │Вирус бөлүү │Патоген жана │ 2-8 күн │
│тесттер: │ │вирустун │ │
│Канаттуулардын │ │патогендүүлүгү │ │
│иммундуулугун │ │ │ │
│текшерүү │ │ │ │
├──────────────────┼──────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│ПЦР/тукум куучулук│Вирус бөлүү │R№А геномдогу │ 2-3 күн │
│ │ │уулуулук │ │
│ │ │индикаторлору │ │
└──────────────────┴──────────────┴───────────────┴───────────────────┘
8.10. Оорунун келип чыгышын башкаруу
Жоопкерчилик
КТга шектенүү билинер замат мамлекеттик ветеринардык врач аны билдирген адамдын ким экендигин аныктайт жана бул фермер болсо, врач төмөнкүлөр тууралуу маалымат чогултат:
- жайгашкан жери, фермадагы канаттуулардын же башка жаныбарлардын мүнөздөмөлөрү жана саны;
- кызматкерлердин жана транспорт каражаттарынын саны;
- жакын арада кайда баргандыгы, жабдууларды, транспорт каражаттарды жана жаныбарларды ташыгандыгы;
- дезинфекциялык жайларды жүргүзүү үчүн дезинфекциялык каражаттар менен жабдуулардын болушу.
Жеке ветеринарлар да маалымат чогултууда КТга шектенүү жөнүндө билдирүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Эгерде мындай шектенүү жөнүндө мамлекеттик ветврач келгенге чейин билдирилсе, жеке ветеринар инфекциянын таралышын четтетүү боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө тийиш. Мамлекеттик ветврачтын жана жеке ветеринардын транспорт каражаты фермага кире бериш жерден алыс аралыкта, оору жукпаган аймакта калтырылууга тийиш.
Мамлекеттик ветврач оору жуккан аймактардан жана жайлардан адамдардын, жаныбарлардын, жабдуулардын жана транспорт каражаттарынын аны менен аралашып кетишин четтетүү үчүн иштерди координациялоону фермалардын деңгээлинде ишке ашырат. Ошол эле мезгилде мамлекеттик ветврач РЦГВЛга жана райондук же шаардык мамлекеттик ветеринардык башкы инспекторго КТга шектенүү жөнүндө билдирет.
8.11. Жайларга кирүү
Жайларга кирүү кийим-кечени толук алмаштыргандан кийин гана мүмкүн болот (атайын кийим-кечени же коргоо каражаттарын, ошондой эле изилдөө жана дезинфекциялоо үчүн материалдарды кошо алганда № 1 комплекти болгондо).
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринардык врачы үйүрдө инфекциянын болушун аныктайт жана жуктургандарды (болжол менен) оорубагандардан жана өлгөндөрдөн өзүнчө бөлөт. Ветеринардык врачтар түзүлгөн кырдаалды каттайт. Өлүктөрү тез арада жок кылынууга тийиш.
Канаттуулар фермаларынын жайлары кылдаттык менен тазаланып, ичинен да, тышынан да дезинфекцияланып, калдыктары жок кылынат. Өлүктөр тиешелүү өлчөмдөгү терең чуңкурларга көмүү аркылуу жок кылынат. Көмүү алдында өлгөн канаттуулардын эттерине жаба акиташ куюлат. Бул процедуралар ишканага лабораториялык анализдин жыйынтыктары келмейинче расмий бийликтердин көзөмөлү менен күн сайын кайталанат. Ошол эле мезгилде ишкананын чегинен сырткары жаныбарлар тегиндеги ар кандай азыктар чыкпашы жана кирбешине жол бербөө үчүн бардык күч аракеттер жумшалууга тийиш (тоют, жабдуу, дары препараттары ж.б.у.с. кошо алганда). Алардын аралашуусуна толук тыюу салынат.
Бул чаралар лабораториялык анализдердин жыйынтыктары алынмайынча кыйшаюусуз колдонулат. Мындан тышкары ветеринарларга жана техникалык персоналдарга кандайдыр бир башка канаттуулар фермасында же ишканада болууга 5 күнгө чейин тыюу салынат.
Тоют жана жумуртка ташууда колдонуучу жүк ташуучу транспортко ишкананын аймагына кирүүгө жана андан чыгып кетүүгө тыюу салынат. Канаттуулар үчүн тоюттарды берүү учурлары гана өзгөчө тартипте колдонулат. Мында тоют тартып келген транспорт ишкананын аймагына кирбестен, аны түшүрүүгө тийиш. Ишкананын аймагында тоюттарды бөлүштүрүү ички транспорт каражаттары менен ишке ашырылат. Жүк ташуучу транспорттор кылдаттык менен тазаланып жана дезинфекциядан өтөт.
Координациялоо боюнча мамлекеттик ветврачтын милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- фермага кирүүнү чектөө;
- ферманын кызматкерлеринин жүрүшүн, анын ичинде фермадан сырткары чыгышын чектөө.
Лабораториялык ветеринар бул жайларга кирүүдө № 2 тиркемедеги буюмдарды кошо алышы зарыл, кошо келген айдоочу территориянын тышында калып, ал патологиялык үлгүлөрдү лабораторияга жеткирүү жоопкерчилигин алат.
8.12. Алдын ала изилдөө
Мамлекеттик ветврач жана лабораториялык врач төмөнкүлөр жөнүндө маалымат чогултат:
- өндүрүштүк цехтерди жана жайларды (ферманын топографиясы) алдын ала идентификациялоо жана шектенүү билдирилген цехти аныктоо;
- ошол цехтин ишине түздөн-түз тартылган жумушчуларды идентификациялоо;
- анамнестикалык маалыматтарды.
8.12. Клиникалык изилдөө
Клиникалык изилдөөнүн максаты - бардык оорулуу жана шектүү канаттууларды кошо алганда фермадагы клиникалык кырдаалды аныктоо. Клиникалык изилдөө фермадагы канаттуулардын бардык ооруга чыдамы жок түрлөрү боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Клиникалык изилдөөнү кыйла алыскы цехтерден баштоо керек. Ар кандай жасалган вакцинага өзгөчө көңүл бурууу зарыл. Фермадагы бардык канаттуулар түрлөрү боюнча аныкталууга тийиш. Канаттуулардын ар бир түрү боюнча отчет түзүп, ага клиникалык белгилердин пайда болушу жөнүндө маалымат, клиникалык белгилердин сүрөттөлүшү жана өлүмгө учуроонун билдирилген проценти камтылат.
8.13. Патологиялык үлгүлөрдү жыйноо
Канаттуулар тумоосуна шектенүү пайда болгондо төмөнкүдөй патологиялык үлгүлөр чогултулууга жана лабораторияга жөнөтүлүүгө тийиш:
- бери болгондо өлүп бараткан 5 канаттуу (союп көрүү үчүн);
- трахеи жана өпкө-боордун аралаш үлгүлөрү (кеминде 5 канаттуу);
- оорубаган канаттуулардын клокалдуу жана трахейдик мазоктору (ошондой эле сууда сүзүүчү канаттуулардын);
- кандын кеминде 20 үлгүсү (сыворотка).
Ар кандай органдардын үлгүлөрү аралашпоого тийиш. Алар инфекциянын таралышын болтурбоо үчүн кылдаттык менен оролуп (герметикалык жабык контейнерлерде, бери болгондо 2 пакетке оролуп) лабораторияга тоңдурулган түрдө жеткирилиши керек. Жаныбарлар автоклавда иштетүүгө туруктуу болгон таңылган пластик пакеттерде жеткирилип, алар өзүнчө пакетке салынышы керек. Бардык үлгүлөр музу бар коробка менен лабораторияга жөнөтүлүүгө тийиш. Тазаланган коробка кылдаттык менен дезинфекцияланып, барыдан мурда ошол жайдан чыгарылышы керек. Үлгүлөргө коштомо форма тиркелет.
Үлгүлөрдү жеткирүүгө жооптуу айдоочу (коштоочу адам) орто жолго эч токтобостон түз лабораторияга барууга тийиш.
8.14. Эпизоотиялык изилдөө
Мамлекеттик ветврач жана лабораториялык врач да эпизоотиялык изилдөө жүргүзүүгө тийиш. Адамдардын, транспорт каражаттарын жана бардык кыймылын каттоо зарыл.
8.15. Чыгуу
Клиникалык иштерди жүргүзүүдөн жана үлгүлөрдү чогултуудан мамлекеттик ветврач жана лабораториялык врач кийимдерин алмаштыруучу бөлмөдө коргоочу кийимдерди дезинфекциялоо жүргүзөт, кайнатылууга тийиш болгон бардык жабдууларды автоклавдык пакетке чогултуп, аны чаптап жана экинчи пакетке салат. Кийинки пакет сыртынан дезинфекцияланууга тийиш. Бир жолку пайдаланылуучу бардык материалдар, кагаздар, бир жолку кийимдер жана башкалар пластик сумкага салынып, ошол аймакта калтырылат.
8.16. Жабдуулар
Мамлекеттик ветврач жана лабораториялык врачтар үчүн жабдуулардын тизмеси 12.2-пунктта көрсөтүлгөн.
8.17. Диагнозду - РЦГВЛды башкаруу
Канаттуулар тумоосунун пайда болушуна ар кандай шектенүүлөр жөнүндө ушул планда көрсөтүлгөндөй оору чыккан участоктордон үлгүлөрдү чогултууга жооп берүүчү райондук ветеринардык башкармалыкка билдирүү зарыл. РЦГВЛга үлгүлөрдү дароо жеткирүү керек.
Райондук ветеринария башкармалыгынын жетекчилиги лаборатория диагнозду аныктоо боюнча өзгөчө иштерге дароо даярданышы үчүн пробаларды жеткирүү графиги жөнүндө телефон аркылуу лабораторияга билдирүүгө (жана билдирүүнү факс боюнча тастыктоо), ошондой эле зарыл иш-аракеттерди координациялоочу МВДнын жетекчилигине билдирүүгө милдеттүү.
8.18. Эпизоотология
Төмөнкүдөй чараларды эске алуу зарыл:
- эксперттик топту түзүү;
- кайра/утурлап текшерүү:
а) текшерүү артыкчылыктары;
б) текшерүү шаймандары:
- тактап жазуу;
- маалымат чогултуу үчүн контролдук тизме;
- мал союучу цехтердин жана мал базарлардагы эттерди текшерүү;
- байкоо, коргоо зоналарынын жанында клиникалык жана серологиялык байкоолорду жүргүзүү жана инспекциялоо.
Байкоо төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
- ЗП менен ЗОдо оорунун масштабын жана штаммын аныктоо;
- ЗПда жана ЗОдо жаңы ооруу чыгышын аныктоо;
- инфекциядан тышкаркы зоналарды түзүү.
Эпизоотиялык изилдөө боюнча топ ЗПны 3 км минималдуу аралыкта, ал эми ЗОну канаттуулар тумоосу чыккан борбордон 10 км аралыкта түзөт. Бул зоналарды географиялык демаркациялоо администрациялык чектерди, жаратылыш барьерлерин, байкоо жана технологиялык процесс үчүн түзүлүштөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. Бул канаттуулар тумоосунун вирусу аба жана башка ыкмалар менен мүмкүн болуучу таркалышын алдын ала болжолдоого мүмкүндүк берет. Мындай демаркация жогоруда көрсөтүлгөн элементтерде да каралышы мүмкүн.
ЗПда жана ЗОдо зонага кирип баратканда көрүнө тургандай белгилер орнотулат.
ЗП жана ЗО көрсөтүүчү диаграмма
Бул терминдер КТ боюнча директивада колдонулуучу терминдерге дал келет (Жердеги канаттуулардын ден соолугу жөнүндө ЭЭБдин кодекси, 2004).
Биринчи пунктта көрсөтүлгөн коргоо зонасынын чектеринде ооруга чыдамы жок жаныбарлардын түрлөрү бар бардык үй чарбалары дайыма ветеринардык контролдон өтүшөт, ал ошол участокто болушу мүмкүн болгон КТ вирусунун таралышын четтетүү үчүн жүргүзүлөт. Бул контроль тиешелүү документтерде белгиленет. Үй чарбаларындагы оорууга чыдамы жок жаныбарлардын бардык түрлөрү канаттуулар тумоосунун белгилери же симптомдорунун болушуна клиникалык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Ооруу чыгуу коркунучунда турган үй чарбалары менен тыгыз байланыштагы адамдар же жабдууларды үй чарбаларынан ташуунун натыйжасында жугушу мүмкүн болгон канаттуулар тумоосунун вирусуна чалдыгуучу жаныбарларга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Ветеринардык инспекторлор эреже катары оорунун табылышы мүмкүн болгон жерлерде аны издөөнү пландаштырат. Изилдөө максатында аны жуктурган жаныбарлар жана алар менен байланышта болгон канаттуулар менен жаныбарлар көзөмөлгө алынат.
Издөө клиникалык текшерүүлөрдү кайталап жүргүзүү, тактап айтканда "активдүү көзөмөлдөө" аркылуу аткарылышы мүмкүн. Башка булактардан ооруу тууралуу билдирүү келишин күтүп отура берүүгө болбойт.
Көзөмөлдөө коркунучтуу зонасында өтө интенсивдүү жүргүзүлөт жана ветеринардык контроль боюнча бөлүмдүн аныкталган маалыматтарына ылайык ишке ашырылат. Текшерүүлөрдүн аралыгындагы мезгил сакталган көбөйүү мезгилине, ресурстардын болушуна жана коркунучтуулук деңгээлине жараша болот. Шектүү жайлар ар бир үч күндө текшерилип турат.
Клиникалык белгилер тууралуу маалымдоо үчүн бүткүл күч аракетти жумшоо керек. Байкоо жүргүзүү зонасындагы 1-пунктта айтылган жаныбарлар көбөйүү мезгилинин ичинде (21 күн) дайыма текшерилип жана көзөмөлгө алынып турууга тийиш. Көзөмөлдөө жана байкоо коркунучтуулук зонасынын масштабын жана ага чалдыкпаган облустарды аныктоо максатында илдетке чалдыккан жана аны менен аралашкан жаныбарларды аныктоодо маанилүү роль ойнойт.
Жаныбарлардын продукциялары жана алардын заттары, тактап айтканда үй канаттууларынын эт запастары жана туштары же жаныбарлар үчүн тоюттар, инвентарлар, калдыктар, кыктары, таштандылары же кандайдыр бир башка нерселер канаттуулар тумоосун таратышы мүмкүн, байкоо зоналарынын чектериндеги участоктор/үй чарбалары жугуунун ар кандай булактарынан аралашканда келип чыгуучу тобокелдиктерди четтетүү максатында текшерилип турушу компетенттүү органдардын кубаттоосуна алынышы керек.
8.19. Серологиялык байкоо
Клиникалык активдүү текшерүүгө кошумча түрдө серологиялык байкоо жүргүзүү да ооруунун чыгышын жөнгө салуунун маанилүү каражаты болуп саналат. Көзөмөл жүргүзүүнүн максаты ооруу чыккандан кийинки оорунун жоктугун тастыктоо гана эмес, ошондой эле төмөнкү патогендик инфекцияларга алып келүүчү шектүү ооруларды жана коркунучтуу контакттарды аныктоого да мүмкүндүк берет.
Оорунун чыгышын изилдөөдө серологиялык байкоо жүргүзүү оорулар менен иштөөчү жайларда (ПКЗ) жана шектүү жайларда (СП) сывороткалык пробаларды тийиштүү түрдө алууну колдонуу менен инфекцияны аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле клиникалык белгилер ачык көрүнүүчү мисалы өрдөктүн түрлөрүнө карата байкоо жүргүзүү өтө пайдалуу.
Ооруу чыккандан кийинки байкоо инфекцияны четтетүү фактысын аныктоо максатында аткарылат, бул оорунун жоктугун далилдейт.
Серологиялык пробалар төмөнкүдөй максаттарда алынат:
- күтүлбөгөн кырдаалдардын учурунда ушул планда көрсөтүлгөн эксперттик топтордун чектеринде түзүлгөн эпизоотиялык топтун рекомендацияларына ылайык;
- инфекциянын жоктугунун далилдерин камсыздоо жана анын жөнгө салуу процессин колдоо максатында;
- эгерде пробаларды алуу ооруу чыккандан кийин оорууну көзөмөлдөөнүн чегинде аткарылса, мындай иш-аракет үй чарбасында оорууга чыдамы жок жаныбарларды жоготкондон жана алдын ала тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүлгөндөн кийин бери болгондо 30 күн мурда башталбайт;
- оорууга чыдамы жок жаныбарлардан проба алуу жөжөлөр, үй канаттуулары, өрдөк, каздар же клиникалык белгилер ачык көрүнбөгөн, атап айтканда илдетке чалдыккан канаттуулардан өзүнчө бөлүнүп коюлган жаныбарлар боюнча ар бир учурда эпидемиологиялык топтун рекомендацияларына ылайык жүргүзүлөт.
8.20. Үй чарбаларынан пробаларды алуу
Канаттуулар тумоосунун болушуна шектүү үй чарбаларда өрдөк, каздарда жана башка оорууну тез кабылдоочу түрдөгү клиникалык белгилер жок болсо, эпизоотиялык топтордун рекомендациялары боюнча учурлардын 5%тик жыштыгын аныктоо, аныктоонун 95%тик деңгээлинде пробаларды алуу керек.
8.21. Илдетке чалдыгуу зоналарда пробаларды алуу
Пробаларды алганга чейинки көбөйүү мезгилинин аралыгында жаныбарлар менен түздөн-түз тике аралашпаган үй канаттуулары жана башка канаттууларды коргоо зонасындагы бардык үй чарбалары пробаларды алуу протоколуна ылайык текшерилүүгө тийиш, мындай учурлардын жыштыгынын 5%ин, бери болгондо анын аныктыгынын 95%тик деңгээлине туура келиши керек.
8.22. Көзөмөлдөө зонасында пробаларды алуу
Өрдөк, каздар жана башка канаттуулардын түрлөрү багылган жерлерде клиникалык белгилер жок болсо, канаттуулар тумоосунун болушуна шек жаралган учурда көзөмөлдөө зонасындагы үй чарбалары текшерилет. Мындай изилдөөнүн максаттары үчүн 8.20-пунктка ылайык пробаларды көп түрдүү алуунун модели жетиштүү.
8.23. Атайын чаралар
Коркунучтуулук зонасы (ЗО)
Жергиликтүү комиссиянын төрагасы ЗОдогу зарыл жайларды контролдоо жана контролдоонун натыйжалуу карантиндик каражаттарын камсыздайт. Которуштурууну контролдоо тездетилип жана оорууну ийгиликтүү четтеткенге, вирустун андан аркы таралышын болтурбоого көмөктөшөт. Контролдоонун карантиндик каражаты көрсөтүлгөн тармактардагы аныкталган деңгээлдерде колдонулат. Баштапкы стадияда илдетке чалдыгуу зонасы жана байкоо зонасы (атайын планда көрсөтүлгөн) ооруу чыккан ушул регион коркунучтуулук зонасы деп жарыяланышы керек.
Которуштурууга контролдук ооруу четтетилмейинче сакталат. Бардык илдетке чалдыккан продукция, ПКЗ, СП жана шектүү продукциялар ооруу менен аралашкан жайлардан жана илдетке чалдыккан зоналардан тышкары болушу же алып өтүүгө карантин коюулушу керек. Ошол эле мезгилде бекем байкоо жүргүзүү жана текшерүү колдонулат. Которуштурууга карантин жана контролдоо каражаты ар кандай продукцияларды илдетке чалдыккан же ага аралашкан канаттууларды жоюуну камсыздоо максатында тийиштүү тобокелдикке чалдыккан ишканаларга карата колдонулат.
Жергиликтүү комиссия башка илдетке чалдыкпаган региондорго инфекциянын таралышын болтурбоо максатында коркунучтуу зоналардан тышкаркы фермаларда жана ошол зонада аларды мыйзамсыз ташууга жана сатууга жол бербөөгө тийиш.
Коркунучтуулук зонасынан чыккан адамдар, атап айтканда ошол зоналарда болгон адамдар вирустун механикалык таркалыш тобокелдигин четтетүү үчүн 3 сутканын аралыгында башка бодо мал менен аралашуудан четте болууга тийиш.
Жергиликтүү комиссия коркунучтуу зонадагы бардык канаттуулар базарларын жабууну камсыздоого тийиш. Инфекция таралышы мүмкүн болгон канаттууларды сатуучу жер ар кандай кырдаалдарда жабылууга жана дезинфекцияланууга тийиш.
Канаттуулардын ооруга чыдамы жок түрү жергиликтүү комиссиялардын түздөн-түз көзөмөлүндө болуп тез арада союу үчүн жеткирилиши керек. Мында аларды союучу жер коргоо зонасынын аймагында болушу керек же ал зонада жок болсо, компетенттүү органдар аныктаган зонада жүргүзүлүүгө тийиш. Канаттуулар бийликтердин контролдугу менен таза жана дезинфекцияланган транспорт каражаттарында ташылат. Транспорт каражаттары ар бир ташуулардан кийин таза жуулуп жана дезинфекцияланууга тийиш.
8.24. Жок кылуу
Жок кылуу бардык ЗПларда жана ПКЗларда ишке ашырылууга тийиш. ЗПдагы канаттуулар макулдашылган мезгилдин ичинде (бери болгондо 21 күн) дайыма текшерилип жана көзөмөлдөнүп турууга тийиш. Көзөмөлдөө/байкоо оору жуккан канаттууларды жана алар менен аралашкан канаттууларды коркунучтуулук зонасынын масштабын жана оору жукпаган зоналарды аныктоодо маанилүү роль ойнойт.
Жок кылуу контролдоонун башка методдору менен жалпылыкта болууга тийиш, ал стратегиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана оору жуккан канаттууларды жок кылууну камсыздоо, жараксыздарын союу үчүн колдонулат. Оору жугуп калуунун жогорку тобокелдигиндеги канаттууларга башкаларга салыштырмалуу союуда мисалы, адегенде канаттууларды, андан соң башка жаныбарларды союуга туура келет.
8.25. Жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо
Оору жуккан канаттуулар менен байланышта болуу да бир кыйла тобокелдиктерге алып келет. Кийим-кече, бут-кийим, транспорт каражаты жана жабдууларга жугушу мүмкүн, оору бир жайдан экинчи жайга өтүшү да мүмкүн. Оору ошондой эле жаратылыш, аба же башка векторлор аркылуу да таралышы мүмкүн.
Жергиликтүү комитет оору жуккан кийим-кече, бут-кийим, транспорт каражаты жана жабдуулар аркылуу ар кандай жайлардын ортосунда оорунун таркалышын мүмкүн болушунча азайтуучу чараларды көрүүгө тийиш. Эгерде фермадагы канаттуулар менен түздөн-түз байланышта болууну четтетүүгө мүмкүн болбосо, коргонуучу кийимдерди, бут-кийимди, жабдууларды, транспорт каражаттарын ж.б.у.сларды канаттуулар менен аралашкандан жана бир жолку коргоочу кийимдерди пайдалангандан кийин сөзсүз түрдө жууп-тазалап жана дезинфекциялап туруу мыкты тактика болуп саналат.
Канаттуулар багылган ар кандай жайларды иштеген адамдар же анын ээлери ошол жайлардан чыккан сайын кандайдыр бир ыңгайлуу жерлерде дезинфекциялоочу аралашма менен жуунуга, эгерде инспектор талап кылса жалаң эле растворду колдонууга тийиш.
Жергиликтүү комиссия оору тез жугуучу канаттуулар багылган жерлерге жана ферманын өзүнө же имаратка кирип чыкканда тиешелүү дезинфекциялоочу каражаттарды пайдаланууну камсыздоого тийиш.
Бут-кийимин алдын ала жууп-тазалабастан жана дезинфекциялабастан баткак, жаныбарлардын кыгы жана башкалар менен булганган кийим-кече менен жаныбарлар турган жайга кирбеши керек.
8.26. Транспорт каражаты
Ошол аймакка кирип чыгуучу ар кандай транспорт каражаты же трейлер ичи-сыртынан бери (дөңгөлөктөрдү кошо алганда) жууп-тазалоого жана дезинфекциялоого тийиш. Транспорт каражатынын же трейлердин бардык бөлүктөрү канаттууларды ташыган учурда таза жуулуп, дезинфекцияланышы керек. Кир, топурак, кык же башка ушул сыяктуу заттардын бардык тактары тазаланып, транспорт каражатынын ичи-тышы кылдаттык менен жуулушу керек. Мындай тазалоо жана дезинфекциялоо коркунучтуу зонага кирип-чыкканда жүргүзүлүп турууга тийиш.
Коркунучтуу зонага кирип-чыккан учурларда бардык жабдуулар жана материалдар жууп-тазаланышы жана дезинфекцияланышы керек.
9. Шашылыш вакцинация жүргүзүү
Өзүнчө чакан типтин ар кандай штаммдарынын белгилүү ар түрдүүлүгү менен катар вирустун чакан типтеринин көп санда болушу тумоого каршы вакциналарды чыгаруу жана оорунун алдын алуунун стандарттуу каражаты катарында вакцинациялоону пайдалануу үчүн штаммдарды тандоодо олуттуу проблемаларды түзөт.
Вакциндер, ошондой эле клиникалык симптомдордун өнүгүшүн четтетет, бирок алар инфекциянын пайда болушуна тоскоолдук кылууга жөндөмсүз. Патогендүүлүгү жогору эмес штаммдарды алып жүрүүчүлөр болуп саналган жаныбарларды вакцинациялоодо бул штаммдарды мутациялоонун натыйжасында түрлөрү өзгөрүп жана патогендүүлүгү жогорулап кетиши мүмкүн. Натыйжада вакцинация жүргүзүлгөн жаныбарларда өлүмгө учуроочу вирус тарала берип, муну менен серологиялык контролго тоскоолдук кылышы мүмкүн.
9.1. Запастар
Азыркы убакта Кыргызстанда канаттуулар тумоосуна өздүк өндүрүштөгү вакциналары жок. Азыркы учурда вакцинанын запастары да жок. Шашылыш жагдайларда колдонууга АЧМ жол берген, каттоодон өткөн вакциналар колдонулушу мүмкүн.
10. Кызматкерлерди окутуу
10.1. Киришүү
Кызматкерлер дартты аныктоо процедураларына жана канаттуулар тумоосуна каршы күрөшүүгө жана дайыма окутуудан өтүп турууга тийиш.
Окутуу программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- канаттуулар тумоосун клиникалык диагностикалоо;
- оору жуккан объекттерде, коргоочу жана контролдонуучу зоналарда чараларды көрүү процедурасын (санитардык профилактикалоо жана четтетүү);
- эпизоотиялык текшерүү;
- канаттуулар тумоосун диагностикалоо;
- жергиликтүү комитеттердин процедуралары;
- Улуттук комитеттин процедуралары;
- жөнгө салуу жана эсепке алуу;
- маалымдоо жана жарыялоо жол-жоболору;
- маалыматтарды жана маалыматтык системаны башкаруу;
- компьютердерди жана интернеттерди пайдалануу;
- ангяйстщвпг коядонуунун ыкмаларын өнүктүрүү.
10.2. Ар кандай топторду окутуу
Төмөнкүдөй топтор үчүн адистештирилген окутуу программаларын иштеп чыгуу:
- Улуттук комиссиянын мүчөлөрү;
- Жергиликтүү комиссиялардын мүчөлөрү;
- РЦГВЛдин жана аймактык лабораториялардын персоналы;
- МВЖКИИ;
- эксперттер тобу;
- жер-жерлердеги мамлекеттик ветеринардык врачтар;
- жеке ветеринаряар;
- ири канаттуулар фабрикаларынын ээлери;
- фермерлер;
- ишкерлер;
- укук тартибинин жергиликтүү органдары.
10.3. Окутуу программаларын ишке ашыруу
- теория;
- практика.
10.4. Кызматкерлерди окутуу расписаниеси жана жоопкерчилиги
Канаттуулар тумоосунун эпизоотиясынын учурунда Өзгөчө план боюнча атайын окутуу программасы.
Канаттуулар тумоосунун эпизоотиясынын учурунда Өзгөчө план боюнча окутуу жана аны ишке ашыруу жопкерчилигин Мамлекеттик ветеринардык департаменти тартат.
11. Пессимисттик сценарий (эң начар жагдайларды четтетүүгө көрүлүүчү чаралар)
2-тиркемени караңыз.
12. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу
азыктарды жок кылуу
12.1. Канаттуулар тумоосун аныктоо
Канаттуулар тумоосунун пайда болушу аныкталган учурда аны токтотуу жана жоюу боюнча бардык өзгөчө процедуралар колдонулушу керек.
12.2. Өлгөн жаныбарларды жок кылуу жана жоюу
Инфекциянын андан аркы таралышына жол бербөө максатында оору жуккан канаттууларды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жок кылуу жана жоюу жүргүзүлүшү керек. Тазалоо жана жоюу жапайы канаттуулардын жана башка жаныбарлардын оору жуккан органикалык материалына башкалар аралашып кетпешин камсыздоо максатында жабык жайларда (сарайларда/тоокканаларда) жүргүзүлүүгө тийиш. Өрттөө же кайра иштетүү менен бирге оору жуккан канаттууларды жерге терең көмүү сунушталат.
Жоюу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана персоналдар:
- оору чыккан объекттерди жана фермага кирип чыгуучу жерди белгилөө үчүн кызыл-ак пластик ленталары жана жыгач тосмолор;
- дезинфекциялоонун мобилдүү топтору;
- түнкүсүн жарык кылуучу приборлор;
- инфекция жуккан ар бир фермага минимум бирден жооптуу ветеринар врач;
- мөөнөттөн ашыкча иштен чарчап калбаш үчүн персоналдын (тазалоочу бригадалар жана башка кызматкерлер) жетиштүүлүгү;
- өлгөн канаттууларды ташуучу транспорттук каражаттар жүрүүчү маршруттарды аныктоо;
- жүк ташыгыч транспортту канаттууларды утилдөөчү жерге коштоп баруу үчүн милициянын же башка кызматтын кызматкерлери;
- канаттууларды жок кылуу үчүн газдар, транквилизаторлор же уктатуу, эстен тандыруу үчүн аппараттар (төө куштарга карата дүрмөттүү курал (револьвер) колдонулушу мүмкүн;
- инфекциялуу материалдарды жок кылуу үчүн тийиштүү контейнерлер.
12.3. Кыруу
Канаттуулардын инфекция жуккан тобун кыруу төмөнкүдөй ыкмалар/транквилизаторлор/системалар менен ишке ашырылышы мүмкүн:
- башын кесүү же мойнун буроо;
- көмүр кычкыл газ менен ууктуруу;
- вакуум камера;
- эмбриондуу жумурткаларды жана балапандарды жок кылуу үчүн механикалык түзүлүштөр;
- үй канаттуулардын чакан тобу үчүн үй жаныбарларын эвтаназиялоодо пайдаланылчу транквилизаторлорду өпкөсүнө куюу колдонулушу мүмкүн;
- чоң топтордо канаттууларды куштар киргизилип жылчыксыз чапталган контейнерге жиберилчү уу газдын жардамы менен жок кылса болот. 1 куб метр газга 150 дөн ашык эмес канаттуу (орточо салмагы 1,8 кг) туура келүүгө тийиш;
- өрдөктү жана казды көмүр кычкыл газ менен тумчуктуруу тоокко караганда анча натыйжалуу болбойт. Суу канаттууларын мүйүздүү бодо малды бычууда колдонулчу кычкачтарды пайдаланып моюн омурткаларын омкоруу сыяктуу физикалык гумандуу жок кылуу ыкмасы артыкчылыктуу болот.
Канаттууларды кыруу үчүн пайдаланылчу газдар:
- көмүр кычкыл газ (СО2 - көмүртектин диоксиди) 17,5 кг/1000: мейкиндикти 30 мүнөттө толтурат; канаттуулар 15 мүнөттөн кийин өлөт;
- ис газ (СО - көмүртектин оксиди) 8 кг/1000 куб.м: мейкиндикти
30 мүнөттө толтурат; канаттуулар 15 мүнөттөн кийин өлөт;
- синиль кислотасы (НС№) 3 кг/1000 куб.м: мейкиндикти 30 мүнөттө толтурат; канаттуулар 4 мүнөттөн кийин өлөт; өтө уу зат - анын менен атайын окутулган персонал гана иштесе болот.
Көп сандагы канаттууларды жок кылуу үчүн пайдаланылчу транквилизаторлор:
- альфа-хлоралоза, тоютка аралаштырылат (концентрациясы: 2-6%), эстен тандырат, андан кийин канаттууну пластик мүшөктөргө салып койсо думугуп өлөт;
- натрийдин фенобарбиталы, ичүүчү сууга эритилет (55 миллилитрге 80 мг), төрт сааттан кийин эстен тандырат.
12.4. Жок кылуу
Жок кылуу программасынын негизги милдеттеринин бири инфекция жуккан, майнаптуу пайдалануу мүмкүн болбого материалдан (мисалы, өлгөн канаттуунун эти, жумурткасы, заңы, компост, жаңы жана тоңдурулган эттери, өсүмдүктөр, жабдуулар жана курулуш материалдар) тез жана натыйжалуу арылууда турат. Жеткиликтүү ыкмага көмүү, кремация, өрттөө, кайра иштетүү жана компостко айлантуу кирет. Бул экологиялык коопсуздук, адамдардын жана жаныбарлардын ден соолуктарын сактоо максатында суунун запасы булганышын болтурбоо үчүн зарыл.
Өтө көп сандагы канаттууларды кыска мөөнөттүн ичинде жок кылуу экологиялык жана материалдык-техникалык мүнөздөгү проблемаларды жаратат. Салмагы рыноктогу сатык салмакка жакын тоокторго толгон сарай 40 тоннага жакын органикалык материалдан турат, анын 75%ке жакыны суу болот. Тооктун кыгын жок кылуу да өзгөчө проблеманы жаратат, анткени вирус чаң менен тарашы мүмкүн. Жок кылаар алдында кыкты дезинфекциялоочу зат менен нымдап, пластик менен жабылган дөбө кылып үйсө да болот.
Эгер инфекция жуккан материалды жок кылуучу жерге ташып баруу зарыл болсо, вирустун таралышын болтурбоого өзгөчө көңүл буруу керек. Мисалы, автомобилдердин кузову суу өтпөс болууга тийиш, ал эми жүктүн баарын материал желдеп учпаш үчүн брезент (чайырланган парусина) менен жабуу зарыл.
12.5. Көмүү
Калдыктарды жок кылуу үчүн көмүүгө болуучу райондордо диагноз такталгандан кийин дароо көмүүчү чуңкур даярдоо зарыл. Көмүүчү чуңкурдун өлчөмү кендиги минимум эки метр жана тереңдиги эки метр болушу керек, бул 300 канаттууну (ар бир куштун орточо салмагы 1,8 кг болгондо) 1,3 метр бийиктикте көмүүгө мүмкүндүк берет. Чуңкурду 3-6 метрге чейин тереңдетип ар бир кошумча метрде канаттуулардын санын эки эселөөгө болот. Дезинфекциялагыч эмес, чирүүчү бардык материалдар (жыгач, картон) канаттуу менен кошо көмүлүүгө тийиш. Жаныбарлардын денесин өчүрүлгөн акиташтын катмары (кальцийдин гидроксиди), андан кийин топурак (минимум 40 см) менен жабуу керек.
12.6. Иштетүү: болбойт.
12.7. Кремация/өртгөө
Кремация инфекция жуккан материалды коркунучсуз жок кылуунун жакшы ыкмасы. Бирок таштандыларды өрттөөчү түзүлүштөр, эреже катары, натыйжалуу пайдалануу үчүн өтө кичине жана жаныбарлар кармалган объекттерге жакын жайгаштырылбайт. Кремация көмүү үчүн участок жок жерлерде колдонулат. Жок кылуунун кремация сыяктуу ыкмасы денелерде суу көп болгондуктан кымбат турат; бул ыкма ошондой эле экологиялык көз караштан да алгылыксыз.
КТ чыккан учурда жок кылуу ыкмасын Жергиликтүү комиссия тандайт.
12.8. Инфекция жуккан материалдарды жок кылуу
Фермада болгон бардык калдыктар, органикалык жана башка материалдар (кык, жумурткалар, жумурткадан алынган продуктулар, саман, тоют, канат-жүндөр жана ноочолор ж.б.) жок кылынууга тийиш.
Кык
Ферманын мүнөзүнө жана анда болгон кыктын санына жараша аны канаттуулардын/жаныбарлардын денеси менен кошо чуңкурга көмүүгө, же чиришин камсыздоо үчүн дөбө кылып чогултууга болот. Кык дөбөнү туруктуу полимер пленка менен жабуу зарыл. Инфекция жуккан кык толук чиригенге чейин аны эч качан фермадан ташып чыгууга болбойт.
Жумуртка жана жумурткадан алынган продуктулар
Канаттуулардын/жаныбарлардын денеси менен кошо чуңкурга көмүүгө же кайра иштетүүгө болот.
Саман
Саманды дезинфекциялагыч активдүү заттарды чачып зыянсыздаса, чогултуп үйүп туруктуу полимер пленка менен жапса болот. Пленка менен жабылган үймөк саманды чириш үчүн минимум 42 күн коюу керек. Убакытты үнөмдөш үчүн саманды өрттөө ыңгайлуу ыкма болот.
Тоют
Участоктогу болгон тоютту түтөтүп, анан өрттөп зыянсыздоо керек.
12.9. Инфекция жуккан объекттерди дезинфекциялоо
- инфекция жуккан ишканага физикалык же функциялык байланыштуу бардык объекттерди (б.а. инкубатордук станция, жумуртка сактоочу жайлар, упаковкалоочу жайлар, жумуртка ташуучу арабалар, жумуртка продукту жасоочу цехтер) дезинфекциялоо керек. Ошондой эле канаттууларды, жумуртка жана тоют ташуучу транспорттук каражаттарды да дезинфекциялоо зарыл;
- булганган объекттердин дубалдарын, астаналарын жана шыптарын бардык органикалык материалдарды жок кылуу максатында жууп жана дезинфекциялоо зарыл; металл конструкцияларды термикалык жол менен зыянсыздаса болот;
- бөлмөнүн ичинде пайдаланылчу бардык жабдууларды (суу бериш жана тоют салыш үчүн ноолорду кошо) минимум 48 сааттын ичинде жууп жана дезинфекциялагыч каражаттар менен иштетүү зарыл;
- суу куйгуч челектерди бошотуп, жууп жана дезинфекциялоо керек;
- тоют сактагыч резервуарларды (силос сактагычтарды) бошотуп, ысык суу бүрккүч насостун жардамы менен жууп анан түтөтүү керек;
- бардык объекттер жуулгандан жана дезинфекциялангандан кийин эки жолу түтөткү коюлууга тийиш.
КТнын вирусуна каршы натыйжалуу дезинфекциялоочу каражаттардын тизмеси; концентрациясы жана пайдалануу боюнча рекомендациялар:
1. Натрийдин гидрохлориди: активдештирилген хлордун 2%түү эритиндиси (жабдууларды дезинфекциялоо);
2. Чейректелген аммоний туздар: 4%түү эритинди (дубалдарды, астананы, шыптарды жана жабдууларды тазалоо);
3. Калийдин пероксомоносульфаты + күкүрт кислотасы + натрийдин алкибензолсульфонаты [пайдаланууга даяр продукту катары] (дубалдарды, астаналарды, шыптарды жана жабдууларды тазалоо);
4. Өчүрүлгөн актиташ (кальцийдин гидроксиди: 3%түү эритинди (дубалдарды жана астаналарды тазалоо);
5. Крезло кислотасынын 2,2%түү эритиндиси: (астаналарды тазалоо);
6. Синтетика фенолдор (карбол кислотасы, оксибензол, фенол) 2%түү эритинди (астаналарды тазалоо);
7. Формалин жана перманганат: түтөтүү.
Чукул кырдаалдар үчүн жетишерлик запас жана дезинфекциялоочу, каражаттарды сактоочу жайларды камдоо зарыл.
13. Ооруга чалдыккандык жөнүндө кабарлоо.
Коомчулук менен байланыш
13.1. Киришүү
Ооруга чалдыккандык жөнүндө жашырын маалыматтардын баары тандалма жооптуу даректерге гана жиберилүүгө тийиш. Оорулар, алардын адамдын ден соолугу үчүн экономикалык жана саясий мааниси жөнүндө башка бардык маалыматтарды Улуттук комиссия жана Жергиликтүү комиссиялар менен тыгыз кызматташтыкта иштөөчү АЧМнын басма сөз кызматы түзсө болот.
13.2. Отчетко карата талаптар
Жаныбарлардын ээлери жана ветеринар врачтар КТнын симптому бар жаныбарлар жөнүндө тийиштүү мамлекеттик ветеринардык органга билдирүүгө милдеттүү.
13.3. Агартуу иштери
Агартуу иши АЧМнын басма сөз кызматындагы, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялар, ошоидой эле Интернетге жарыялоо аркылуу ишке ашырылат. Зарылдыгына жараша фермерлерге жана канаттуулар чарбасынын профессионал кызматкерлерине оору жөнүндө маалымат берүүгө арналган өнөктүктөр жүргүзүлөт. Маалымат таратууну Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта, кеңири коомчулукка жана кызыкдар тараптар менен байланышууга арналган биргелешкен публикациялар, пресс-релиздер жана веб-сайттар менен кошо таратуу зарыл.
13.4. Ветеринардык билим берүү
Ветеринардык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө КТнун белгилери жана эпизоотологиясы кылдат изилденген. Азыркы учурда контролдоо жана жаныбарлардын коркунучтуу инфекциялык оорулары жөнүндө кабарлоонун жолдору кененирээк талкууланып жатат. Ветеринардык билим берүү чөйрөсүндө (аспирантура деңгээлинде) ветеринар врачтардын эпизоотиялык бейпилдикти камсыздоо үчүн жоопкерчиликтерине өзгөчө көңүл бурулууда.
1-тиркеме
ЭПИЗООТИЯЛЫК МААЛЫМАТ
Сезгич түрлөр.
Үй жана жапайы канаттуулардын бардык түрлөрү КТ вирусуна сезгич. Адабияттарда маймылдарга, чочколорго, күзөндөргө, жылкыларга, мүйүздүү малга, тюллендерге жана кит сымалдарга инфекция жукканы жөнүндө айтылат; 1997-жылы Гонконгдо натыйжасы өлүмгө алып келген тооктордон адамга инфекция жукканы жөнүндө маалымат бар.
Вирустун туруктуулугу.
Айлана-чөйрөдө тумоонун вирусу, өзгөчө салкын жана нымдуу климаттын шарттарында узак мезгил жашашы мүмкүн. Фекалдык материалда вирус вируленттүүлүгүн 4 град. Цельсия температурада 30-35 күн жана 20 град. Цельсия температурада 7 күн сактайт.
Алып жүрүүчү организмде (оорунун патогенезин кошкондо): КТ вирусу канаттуулардын бардык түрлөрү үчүн вируленттүүлүктүн кеңири диапазону менен мүнөздөлөт. НРАI - жогорку патогендүү вирустуу оору, ал канаттуулардын арасында өлүмдүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Башка канатгуулардын түрлөрүндө НРАI вирусунун инфекциясы клиникалык жактан оорунун ачык байкалбаган түрүнөн өлтүрүүчү түрүнө чейин болушу мүмкүн. Жапайы сууда сүзүүчү жана деңиз канаттуулары КТ вирусунун башкы резервуары катары таанылган.
Өлгөн жаныбарлардын денесинде КТ вирусу айлана-чөйрөнүн температурасында бир нече күн бою жашайт.
Эт азыктары:
Вирус үй канаттууларынын этинде сакталып калынш мүмкүн. Даярдалган жөжө үчүн инактивизация убактысы вирустун тибине жараша өзгөргөн. Термиялык иштетүүдө КТ вирусу өлөт:
70 град. Цельсияда минимум 30 мүнөттө;
75 град. Цельсияда минимум 5 мүнөттө;
80 град. Цельсияда минимум 1 мүнөттө.
Ашкана жумурткасы жана жумуртка азыктары:
Ооруган канаттуулар жумуртка тууганды токтотсо да инфекция жугуунун баштапкы стадиясында тууган жумурткаларда КТ вирусу жумуртканын агында жана сарысында болушу мүмкүн. Вирус зыянга учурабаган кабыгы аркылуу өтүп, жумурткага инфекция жугушу мүмкүн.
Үй канаттууларынын азыктары:
100 град. Цельсиядан ашык температурада термиялык иштетүүдө КТ вирусу бир нече мүнөттүн ичинде өлөт.
Калдыктар:
КТ вирусу калдыктарда жашоосун улантууга жана ташууда таралууга жөндөмдүү.
Оорунун жугушу:
КТ вирусунун бардык эле түрлөрү канаттуулардын арасында тез тарабайт.
Жапайы канаттуулар: жер которуучу сууда сүзүүчүлөр менен тикелей жана тикелей эмес байланыш үй канаттуулары үчүн инфекциянын булагы болуп эсептелет.
Үй канаттуулары: Фекалия жана респиратордук бөлүнүп чыгуу инфекциянын таралышынын негизги фактору болуп эсептелет, ошол эле учурда аба-тамчы жолу ооруну жугузуунун олуттуу жолу болуп эсептелбейт. Инфекцияны тикелей жугузуу менен экинчи жолу адамдар тарабынан жана байланыш буюмдары тарабынан таралууну айырмалоо керек.
Инфекция алар аркылуу жугуучу буюмдар:
Фекалияларда жана респиратордук бөлүнүп чыгууларда вирустун жашоо аракети негизги мааниге ээ жана алардын жабышкак табияты бут кийимге, кийимге, жабдууларга жана башка буюмдарга кеңири географиялык чөйрө боюнча тез тароого шарт түзөт.
Башка векторлор:
Омурткасыз жаныбарлар эпизоотиялар аралык жугузууга тартылбайт деп айтууга негиз жок. Бирок омурткасыздар жана омурткалуулар аркылуу механикалык жугуу ыктымалдыгы бар.
Оорунун өзгөчөлүгү:
Мурда оору жок аймактарда вирустун пайда болушу инфекциянын тез тарап, ооруну күчөтүшүнө жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Саламаттык сактоо.
Н5М1 НРАI - зооноздук оору. Адамдар НРАI вирусу бар канаттуулар менен байланышта болуу аркылуу жуктуруп алуулары мүмкүн. Инфекция канаттуулардын азыктарын (этин жана жумурткасын) кайра иштетүүдө же пайдаланууда жукпайт.
Социалдык-экономикалык кесепеттери.
Негизги кесепеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет: өлүм, ал өтө көп болушу мүмкүн; канаттуулардын азыктарын чыгаруунун азайышынын натыйжасындагы зыян. Канаттуулар азыктарын чыгаруунун жана пайдалануунун азайышы канаттуулар фабрикаларында жана фермаларында жумуш орундарынын кыскарышына алып келет. Ал түгүл оорунун бир аз эле чыгышы өнөр жайдагы жана маркетингдик структуралардагы иш режиминин бузулушуна алып келет.
2-тиркеме
ПЕССИМИСТТИК СЦЕНАРИЙ
(Өтө начар жагдайларды четтетүүгө көрүлүүчү чаралар)
Түзүлгөн кырдаалды баалоонун натыйжасында эпизоотияда оорунун бир жерден чыгуусунун өсүү коркунучу бар жана кыска мөөнөттө ооруну түп тамырынан жоюу мүмкүн эместей көрүнөт.
Мындай коркунучтун белгилери болуп төмөнкүдөй симптомдор кызмат кылышы мүмкүн:
- оорунун контролдонбоочу таралышы;
- калк жыш жайгашкан райондордо оорунун чыгышы;
- кыска мөөнөттүн ичинде, же болбосо күтүлбөгөн жерлерде оорунун жаңыдан чыгышы;
- ооруну контролдоо боюнча ийгиликсиз чаралар;
- коркунучту баалоонун акыркы натыйжалары оорунун тез жана кеңири масштабда таралышынын тенденциясы жөнүндө айгинелейт.
Ушуга окшош кырдаалдарда төмөнкүлөрдү камтуу менен контролдоонун бардык чараларын күчөтүү жана кеңейтүү зарыл:
- эпизоотиялык изилдөөлөрдү тереңдетүү жана коркунучту кайталап баалоо;
- мораторий боюнча райондоштуруу же чараларды өзгөртүүгө карата чараларды кеңейтүү;
- өлгөн же тирүү жаныбарларды, мал-чарбачылыгынын азыктарын, тоюттарды, адамдарды ташуу шарттарын аныктоо, транспорт каражаттарынын, жабдуулардын ж.б.у.с. абалы;
- гигиеналык чараларды жакшыртуу, санитардык иштетүү жана дезинфекция, эпизоотиялык кырдаалга контроль;
- санитардык коргоо зонасы (СКЗ) жана мүмкүн болгон оору жаңы жуккан райондор же объекттер менен чектешкен райондорго өзгөчө көңүл буруу менен өзгөргөн кырдаалга карата диагностикалык системаны кеңейтүү же адаптациялоо;
- күчөтүлгөн чараларды көрүү үчүн кошумча квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу;
- экстрендүү вакцинациянын толук планын иштеп чыгуу.
Оорунун алгачкы учурлары (I№deх саsе);
Эпизоотиянын алгачкы толкуну канаттуулардын кадимки тобунда, канаттулар фабрикасында, калктуу конуштардагы үй канаттууларынын арасында пайда болушу мүмкүн. КТ оорусунун болушун диагностикалоо жана ырастоо үчүн белгилүү убакыт талап кылынат.
Экинчи жолку эпизоотия:
Оорунун таралышынын биринчи толкуну аяктагандан кийин ооруну диагностикалоо мезгили ичинде пайда болушу ыктымал. Экинчи эпизоотиянын артынан эпизоотиянын интенсивдүү толкуну коштошу мүмкүн.
Жалпы эпидемия:
Бул этапта эпизоотиянын көп сандаган учурлары катталгандан кийин, көп сандагы жаңы эпизоотиялык оору чыгуу байкалат. Эпизоотияны диагностикалоо жүргүзүлдү жана азыркы учурда вирустун серотибин аныктоо жүргүзүлүүдө.
Жалпы эпизоотиянын мезгилиндеги аракеттер:
Көп сандаган эпизоотиялык оору чыккан учурларда төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
- мамлекеттик ветеринариянын райондук (шаардык) башкармалыктары башка региондордон бардык түрдөгү жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды алып келүүгө, алып чыгууга жана которуштурууга дароо тыюу салат;
- инфекция жуккан жана өлгөн жаныбарлар оору чыккан жерден дароо конфискацияланат жана жок кылынат;
- техникалык персоналдар жетишпеген учурда оору чыкпаган райондордон кошумча кадрлар, анын ичинде жеке ветеринарлар тартылат;
- ар бир этапта оорунун булагын аныктоого карата эпизоотиялык изилдөө жүргүзүлөт (ушул изилдөөлөрдүн натыйжаларын интерпретациялоо менен).
Лабораториялык диагностика.
Эпизоотиянын башталышында ооруну диагностикалоо региондук лабораторияда жүргүзүлөт. Бирок КТ серотибин аныктоо боюнча изилдөөлөр РЦГВЛда жүргүзүлөт. Үлгүлөрдү тандоо жана жөнөтүү өтө кылдаттыкта жүргүзүлөт жана лабораторияга ылдам жиберилет.
Инфекцияны лабораториялык диагностикалоого чейинки алдын ала процедуралар.
Райондук ветеринардык врач инфекция чыккан жерге дароо келүүгө жана малдын бардык которулуштурулушун токтотушу керек. Канаттуулардын жаңы өлгөндөрүнүн бештен кем эмес үлгүсү лабораторияга жиберүү үчүн пластикалык пакетке таңгакталат. Лабораторияга (муздаткыч орнотмодо үзгүлтүксүз сактоо менен атайын транспорт каражатында) кошумча тирүү жаныбардын канынын 20 сынамыгы, ошондой эле канаттуулар азыктандырылуучу тоют менен ичүүчү суунун үлгүлөрү жиберилет.
Үлгүлөрдү алууда жана канды жыйноодо коргоочу кийим, бет кеп, шапка, бут кийим жана мээлей колдонулат. Канаттуулар фермасына кирүүдө колдор жана буттар кылдат дезинфекцияланат.
Мамлекеттик ветеринардык врач канаттуулардын тобунда инфекциянын болушун аныктайт жана оору жуккандарын (болжолдуу), соолорун жана өлгөндөрүн өзүнчө бөлөт. Ветеринардык врачтар түзүлгөн кырдаалды каттайт. Өлгөндөрү дароо жок кылынууга тийиш.
Канаттуулар фермасынын жайы кылдат тазаланат жана ичинен жана сыртынан дезинфекцияланат, ал эми калдыктар жок кылынат. Өлгөн канаттуулар тиешелүү өлчөмдөгү терең казылган чуңкурларга көмүү жолу менен жок кылынат. Көмүүнүн алдында өлгөн канаттуулардын денесине акиташ көп себилет. Бул процедура расмий бийликтер тарабынан көзөмөлдө болуп, лабораториялык анализдин натыйжасы ишканага келгенге чейин күн сайын кайталанат. Ошол эле учурда аргандай жаныбарларды же жаныбарлардан алынган азыктарды (тоютту, жабдууларды, дары-дармек препараттарын ж.б.у.с. кошкондо) ишкананын чегинен чыгарууга жол бербеш үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керек.
Андан сырткары ишкананын ветеринарларына жана техникалык персоналдарына беш күн бою кандайдыр бир башка канаттуулар фермасына же ишканага барууга тыюу салынат.
Тоют жана жумуртка ташуу үчүн пайдаланылуучу жүк тартуучу машинеге ишкананын аймагына кирүүгө жана андан чыгууга тыюу салынат. Бирден бир өзгөчө тартип болуп канаттуулар үчүн тоют жеткирүү зарылдыгы эсептелет. Бул учурда алынып келинген тоют ташып келүүчү жүк тартуучу машинелерден ишкананын аймагына кирбестен түшүрүлөт. Ишкананын аймагына тоюттарды бөлүштүрүү ички транспорт каражаттары менен жүргүзүлөт. Жүк тартуучу машинелер кылдат тазаланат жана дезинфекцияланат.
Лабораториялык диагностикадан кийинки процедуралар.
Лаборатория ооруну аныктагандан жана ырастагандан кийин канаттуулардын бардык түрлөрү союлууга тийиш.
Союу (өлтүрүү) процедурасы:
Канаттуулар газ менен ууландырылып өлтүрүлөт, андан кийин атайын чуңкурларга көмүлөт. Калган тоют (жем), таарынды, саман, калдыктар жана башка жабдуулар дагы жок кылынууга тийиш. Канаттуулар фермасындагы бардык канаттууларды жок кылуу процедурасы аяктагандан кийин канаттуулар фермасынын бардык бөлүмдөрү кылдат тазаланат жана жуулат. Токтоп калган суулар септикалык резервуарга чогултулат жана айлана-чөйрөгө туш болуудан качуу үчүн өзүнчө бөлүнөт. Вирус химиялык препараттар менен жок кылынат. Жогоруда белгиленген процедуралар жүргүзүлгөндөн кийин үч ай бою ушул канаттуулар фермасына жаңы канаттууларды жайгаштырууга тыюу салынат. Ишкана өз ишин убактылуу токтотот. Ишкана оору толук боюнча жок кылынгандан кийин гана расмий бийликтердин уруксаты менен жаңы канаттууларды бага башташы мүмкүн.
Оору жуккан региондогу бардык ишканалар (инфекция жуккандан башкасы) 3 км диаметр участкада оору жуккан региондун зонасына тиешелүү болот; диаметри 10 км участкадагы бардык ишканалар контролдонуучу зонага кирет. Оору жуккан региондун зонасындагы жана контролдонуучу зонадагы ишканалардын бардык канаттуулары учурдагы абалына байкоо жүргүзүү жана инфекцияны аныктоо менен эпизоотиялык көзөмөлдүн объектиси болуп калат.
КТ инфекциясы табылган учурдагы процедураларды жүргүзүү сценарийи:
1) 1-күн: ишканадагы канаттуулардын бир же бир нече тобунда канаттуулар арасында же канаттуулар тобунда КТ инфекциясынын алгачкы белгилери.
2) 1-күн: ишкананын жетекчилери же канаттуулардын ээлери тиешелүү органдарга түзүлгөн кырдаал жөнүндө билдирет.
3) 1-2-күндөр: райондук башкармалыктын мамлекеттик ветеринардык врачтары оору жуккан участокко келишет жана РЦГВЛга жиберүү үчүн бардык зарыл болгон үлгүлөрдү жана сынамыктарды жыйнашат.
4) 1-2-күндөр: үлгүлөр жана сынамыктар РЦГВЛга келип түшөт.
5) 1-2-күндөр: келген үлгүлөрдү алгачкы изилдөө жана (союу, бөлүүчү материалды жыйноо, кан топтоо ж.б.у.с.) жүргүзүлөт.
6) 3-күн: зарыл болгон серологиялык тесттерди жүргүзүү. Эгерде сыворотка бар болсо гемагглютинацияны ингибирлөөгө (HI) жана/же катуу фазалуу иммунносорвенттик анализ (ЕLISА) жана агардык гели бар иммуннодиффузия реакциясы (АGID) жүргүзүлөт. Тиешелүү материалдар болсо, эмбриондорду кармаган жумурткаларга вирусту бөлүүчү материал (изолят) куюлат.
7) 3-күн: НI жана ЕLISА тесттеринин натыйжасын алуу. Эгерде материал лабораторияга биринчи күнү келип түшсө, бул этапта НI жана ELISА тесттеринин натыйжалары алынат. Серопозитивдүүлүк учурунда икфекциянын болушуна карата маанилүү корутунду алуу.
8) 3-күн: эгерде эмбриону бар жумурткалар болсо, аларга вирусту бөлүү үчүн эмдөө жасалат.
9) 6-7-күндөр: АGID тестинин натыйжасын алуу. Серопозитивдүүлүк учурунда инфекциянын болушуна карата маанилүү корутунду алуу.
10) 7-14-күндөр: эмбриону бар жумурткаларды эмдөө үчүн биринчи бөлүүнүн натыйжаларын алуу. Натыйжалар тиешелүү жергиликтүү башкарууга жана Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигине диагностикалык процедуралар аяктар замат дароо билдирилет.
11) 11-18-күндөр: эмбриону бар жумурткаларда вирусту бөлүүнүн алгачкы натыйжаларын алуу.
12) 19-күн: эгерде биринчи бөлүүнүн натыйжалары оң болуп чыкса жана вирусту бөлүү ийгиликтүү жүргүзүлүшү мүмкүн болгондо, алар ырастоо үчүн Уэйбридждеги Эпизоотия боюнча эларлык башкармалыктын (ОIЕ) маалымдама (референттик) лабораториясына жиберилет.
13) 21-күн: маалымдама лаборатория тарабынан изолятты алуу.
14) 30-42-күндөр: ырастоонун натыйжаларын алуу жана эл арлык деңгээлде билдирүү жөнүндө кулактандырууга даярдануу.
15) 42-45-күндөр: инфекциянын табылгандыгы жөнүндө эл арлык билдирүү.
Эскертүү: Кыргызстандын шартында вирусту бөлүп алуу аракети көрүлбөйт, бирок патматериалдар чет өлкөлүк лабораторияга жиберилет. Мындай схема алгачкы эпидемияны аныктоо үчүн иш-чаралар менен берилген. Эпизоотиялык оору чыккан кийинки учурларда процедуралар 10-кадамда токтотулат (оорунун диагностикасы).
Оору менен өтө өзгөрүп турган кырдаалды анализдөө:
Оору өтө тез тарагандыктан (анын мүнөздөмөсү боюнча) инфекция жуккан канаттуулардын географиялык абалына жана кошуна ишканалардын абалына кылдат жана үзгүлтүксүз көз салып туруу керек. Андан дагы ушул ишканалардын эсепке алуу документацияларына дагы үзгүлтүксүз көз салып туруу зарыл. Эгерде керек болсо канаттууларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды которуштурууга тыюу салынат.
Оору жуккан канаттууларды союу.
Оору жуккан канаттуулар союлууга тийиш. Ушул максатта:
Инфекция жуккан канаттууларды союу ушул процедура менен тааныш кызматкер же ишкананын персоналы тарабынан жүргүзүлөт. Ушул процедураны аткарууда коргоочу кийимди, баш кийимди, атайын бет кепти (персоналды аба, тамчы жолу менен оору жугуудан коргоого жөндөмдүү), мээлей жана бут кийимди кызматкерлердин ден соолугун коргоо үчүн пайдалануу зарыл.
Союу процедурасы эки ыкма менен аткарылышы мүмкүн.
Союуга тиешелүү канаттуулар ушул максатка атайын арналган контейнерге жайгаштырылат. Контейнер жылчыксыз жабылат жана ага атайын ууландыруучу газ берилет.
Чоң нейлон мүшөктөрүн пайдалануу: ушул максат үчүн нейлон мүшөктөр пайдаланылышы мүмкүн, анын ар бирине 15-20 канаттуу салынат (бул сан канаттуулардын чоңдугуна жараша болот; мисалы, ушундай мүшөктөрдүн ар бирине бир суткада жумурткадан жарылып чыккан 250-300 балапан салынышы мүмкүн).
Пластикалык мүшөктөрдү пайдалануу айлана-чөйрөнү оору жугуудан/булгануудан коргоо үчүн практикалык ыкма болуп эсептелет. Мүшөктөр бекем буулат. Канаттуулар аба жетпегендиктен тез эле тумчугуп өлүшөт.
Оору жуккан өлүктөрдү жок кылуу.
Өлгөн жана союлган канаттуулардын денелери контейнерлерге жана самосвалдарга жүктөлөт, ал көмүлүүчү чуңкурларга жеткирилет, мында дароо эле аларды көмүү жүргүзүлөт.
Өлүктөрдү көмүү.
Өлгөн же союлган канаттуулардын денесин көмүү ишкананын аймагында, ошондой эле анын чегинен сыртта жайгашкан тиешелүү өлчөмдөгү чуңкурларга көмүлөт.
Чуңкурлар суу аккан жерлерден же суулуу катмарлардан алысыраак жайгашууга тийиш. Чуңкурдун тереңдиги 2 метрден кем болбошу керек. Эгерде өтө көп сандагы өлгөн канаттууларды көмүү зарыл болсо, чуңкурдун тереңдиги минимум катары 3-5 метр болушу керек.
Чуңкурдун түбүнө 1-2 см калыңдыкта акиташ төшөлөт. Акиташ ошондой эле чуңкурга ташталган канаттуулардын өлүктөрүнө да себилет. Көмүлгөн жерден жердин үстүнө чейинки калыңдык минимум катары 1 метр болууга тийиш.
Калдыктарды жок кылуу.
Канаттуулар фермасынан өлгөн жана союлган канаттуулардын денеси жок кылгандан кийин фундаментти жээктөөчү материал жана кык атайын даярдалган дезинфекциялоочу каражаттар менен айлана-чөйрөгө оору жугузуунун/булгоонун алдын алуу үчүн нымдалат. Бул процедура аяктагандан кийин жээктөөчү материал жүк ташуучу машинага чогултулат.
Малды союуга даярдануу.
Бул маселе боюнча чечим өзүнчө кабыл алынат.
Канаттуулар фермасына жаңы канаттууларды жеткирүү:
Жаңы канаттуулар региондо инфекция түп тамырынан жок кылынгандан 21 күндөн кийин (канаттуулар фермаларын тазалоо жана дезинфекциялоо) Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү министрлик тарабынан контролдонуу менен канаттуулар фермасына алып келинет.
КТ эпидемиясынан кийин мониторинг процедурасы.
КТ эпизоотиясы токтотулгандан жана жок кылынгандан кийин кырдаалды мониторингдөө максатында контролдоо боюнча ишмердик уюштурулат. Ушул иш чараларды пландоодо үй канаттууларынын бардыгын камтуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл.
Бройлердик канаттуулар фабрикалары: канаттууларды союуда ар бир цехтен/тооканадан кандын сывороткасынан 20 үлгүсүн алуу жүргүзүлөт.
Жумуртка чыгаруу боюнча ишканалар: 3 айда бир жолу ар бир цехтен/тооканадан кандын сывороткасынан 20 үлгүсүн алуу жүргүзүлөт.
Менчик үйлөр: зарыл учурда коркунучу жогорку райондо жайгашкан ар бир айылдан кандын сывороткасынын 20дан үлгүсүн алуу жүргүзүлөт.
II БӨЛҮК
ТУМООГО КАРШЫ ЧАРА КӨРҮҮ БОЮНЧА
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЖАНА
МЕДИЦИНАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
I. Киришүү
1. Канаттуулар тумоосу боюнча Борбордук Азиядагы эпидемиологиялык абал.
Бир аз мурдараак канаттуулар тумоосу чыккан учурлар Түштүк-Чыгыш-Азия менен чектелип келген. Бирок 2005-жылы вирус түндүк-батыш тарапка жайылды. Июлда Россиянын жети регионунда жапайы жана үй канаттуулар, августта - Монголиянын түндүгүндө жапайы канаттуулар жапырт ооруганы катталды. Июлдун аягында үй канаттуулар тумоого чалдыкканы Казакстандын төрт: Павлодар, Түндүк-Казакстан, Түштүк-Казакстан жана Акмоло облустарында катталды.
Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдө (Кытай, Казакстан) эпидемиологиялык абал жакшы эместигине, ошондой эле бул өлкөлөрдүн калкынын ургаалдуу миграциясына байланыштуу канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча даярдык иштерди жүргүзүү зарыл.
Кыргыз Республикасында канаттуулар тумоосун эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасынын потенциалы жетишсиз, анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалды мониторингдөө жана баалоо, лабораториялык диагностика, вируска каршы атайын препараттар жок, канаттуулар тумоосу падемияга айланган учурда элге клиникалык жардам көрсөтүү жана профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр начар.
2. Пландын жалпы максаты
Кыргыз Республикасынын канаттуулар тумоосуна каршы туруу жана чара көрүү потенциалын арттыруу.
II. Пандемия коркунучу бар мезгил (ДСУнун классификациясы боюнча 3,4,5-фазалар)
1. Координация, өз ара байланышта аракеттенүү жана пландоо боюнча иш-чаралар
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет (ӨКСКК) аркылуу тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин иштерин оперативдүү жетектөө, координациялоо жана өз ара байланышта иштөөлөрүн камсыздоо;
- ӨКСККтүн алдында тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун алдыңкы адистеринен каршы чара көрүүнүн пландары кандай ишке ашырылып жатканына баа берүү жана мониторингдөө үчүн көчмө оперативдүү топ түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн, тийиштүү министрликтер менен ведомстволорду жана мамлекеттик администрацияларды канаттуулар тумоосу боюнча абал жөнүндө ыкчам маалымдоону камсыздоо;
- бардык тийиштүү министрликтер менен ведомстволор үчүн милдеттерди жана функцияларды так аныктоо менен иш-аракеттин стандарттарын иштеп чыгуу;
- ыйгарым укуктуу министрликтер менен обсервация режимдери киргизилишин камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик администрациялардын карантиндик режим киргизүүсү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө канаттуулар тумоосунун пандемиясы учурунда каржылоону төмөнкүдөй максаттар үчүн камсыздоо зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүү, ал максаттар:
а) калктын бардык аялуу топторун Мамлекеттик гарантиялар программасы менен камтууну кеңейтүү;
Ь) кошо төлөө саясатына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ОМС) кошумча программасын киргизүү;
- эл аралык уюмдар (Дүйнөлүк банк, ДСУ, ЮСАИД, FАО ж.б.) жана донор агенттиктер менен техникалык өнөктөштүктү орнотуу;
- өкмөттүк эмес уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом менен өз ара байланыштагы аракетти орнотуу.
Керектүү ресурстар:
- оперативдүү аракеттердин стандарттарын түзүүдө техникалык координациялоо үчүн тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, жарандык коомдун өкүлдөрү менен кеңешмелерди, заседаниелерди, тегерек үстөлдөрдү өткөрүү;
- финансылык каражаттардын өзгөчө резервдик фондун түзүү жана аны канаттуулар тумоосунун пандемиясы күчөгөн учурга карата пайдалануу механизмин иштеп чыгуу.
2. Канаттуулар тумоосуна эпидемиологиялык көзөмөлдү жана лабораториялык контролду өркүндөтүү.
2.1. Эпидемиологиялык көзөмөл.
Проблемалар:
- республикада гриппти жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды (ОРВИ) эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн учурдагы системасы канаттуулар тумоосуна карата натыйжасыз;
- канаттуулар тумоосу болгон учурду аныктоонун стандарты жок, эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасы, анын ичинде шектүү учурлар жөнүндө тез кабарлоо системасы, канаттуулар тумоосун лабораториялык диагностика, контактташчу адамдарга карата иш-чаралар, профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралар иштелип чыккан эмес.
Иш-чаралар:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги канаттуулар тумоосун эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын түзүү: канаттуулар тумоосу болгон учурду стандарттуу аныктоону киргизүү, эсепке алуу жана отчет, канаттуулар тумоосуна шек туулган учурдан баштап тез маалымдоо системасынын натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо жөнүндө буйрукту иштеп чыгат;
- канаттуулар тумоосун эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын автоматташтыруу;
- эпидемиологиялык көзөмөл мекемелерин электрондук байланыш менен камсыздоо, Интернетке кошуу;
- жаныбарлар жана адамдар гриппке чалдыккан, ошондой эле өлүмгө дуушарланган учурларды изилдөө;
- дарылоо-алдын алуу мекемелеринин персоналы үчүн грипп жана пневмония ооруларын эсепке алуу жана отчет берүү боюнча тренингдерди өткөрүү;
- эпидемиологдор үчүн эпидемиологиялык көзөмөлдөө, эпидемиологиялык маалыматтарды талдоо жана оору чыккан учурларды изилдөө боюнча тренингдер;
- канаттуулар тумоосунун чордондорунда профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча машыктыруучу көрсөтмө окууларды өткөрүү;
- канаттуулар тумоосуна каршы эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды уюштуруу тажрыйбасы бар өлкөлөр менен канаттуулар тумоосун эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча тажрыйба алмашуу;
- техникалык маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана эл аралык деңгээлдеги уюмдар жана тармактар менен байланышып туруу үчүн тийиштүү адистерди (эпидемиологдорду, клиницисттерди, вирусологдорду) англис тилине үйрөтүү;
- ишке тартылган министрликтер менен ведомстволордун адистерин компьютерди билүүгө үйрөтүү.
Керектүү ресурстар:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологиялык көзөмөл системасын жана башка нормативдик-методикалык документтерди өркүндөтүү жөнүндө буйругун тираждоо жана таратуу (10 миң нуска);
- эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасынын мекемелерин компьютер менен камсыздоо (100 комплект);
- модемдерди сатып алуу (150 даана), эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемелеринде Интернетке жана электрондук байланышка акы төлөө (1 жылда 1 компьютерге 150 АКШ доллары);
- канаттуулар тумоосуна чалдыккандыкты мониторингдөөнүн компьютердик программасын иштеп чыгуу (1500 АКШ доллары);
- эпидемиологдор жана клиницисттер үчүн тренингдерди жана машыктыруучу окууларды өткөрүү (600 катышуучуга 16 тренинг, 2000 медициналык персоналды окутуу);
- эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасынын адистерин өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздоо (атайын кийим - 1000 даана, бир жолку мээлейлер - 150000 даана, маскалар - 150000 даана);
- зпидемиологдордун канаттуулар тумоосуна каршы эпидемияга каршы жана профилактикалык иштерди уюштуруу тажрыйбасы бар өлкөлөргө баруусу (2-3 адам).
2.2. Канаттуулар тумоосун лабораториялык аныктоону киргизүү
Проблемалар:
- канаттуулар тумоосунун вирусун бөлүү үчүн биологиялык коопсуздуктун үчүнчү деңгээли зарыл, анда бокстардан келүүчү абаны чыпкалап жана тазалоочу автономдуу желдеткич система менен камсыздоо керек. Азыркы учурда республиканын бир да микробиологиялык лабораториясы үчүнчү деңгээлдеги микробиологиялык коопсуздук талаптарына жооп бере албайт;
- канаттуулар тумоосун иммундук-ферменттик талдоо (ИФА) жана полимераздык-удаалаш реакция (ПЦР) методу менен изилдөө үчүн реагенттер жок;
- медициналык персонал канаттуулар тумоосу менен ооруган үлгүлөрдү коопсуз чогултуу, ташуу жана сактоо ыкмаларын билбейт;
- канаттуулар тумоосу менен ооруган үлгүлөрдү топтоо жана ташуу үчүн жабдыктар жок;
- лабораториянын персоналы ПЦР ыкмасы менен реалдуу убакыт режиминде (Rеаl-time РСR) изилдөөлөрдү жүргүзүүгө даярдалган эмес;
- лабораториялардын персоналында өздүк коргонуу каражаттары жетишсиз;
- канаттуулар тумоосу менен ооругандардан алынган пробаларды региондук вирусологиялык лабораторияларга жеткирүү системасы иштелип чыккан эмес;
- Улуттук вирусологиялык лабораториянын ишин грипптин ЕРБ/ДСУ тармагында координациялоо системасы жок.
Иш-чаралар:
- керектүү ремонт жумуштарын жүргүзүү жана вирусологиялык лабораторияны биологиялык коопсуздуктун 3-деңгээли менен жабдуу;
- ПЦР ыкмасы менен реалдуу убакыт режиминде (Rеаl-time РСR) изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жабдуу сатып алуу;
- вирусологиялык лабораторияны ИФА жана ПЦР методу менен изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн керектүү реагенттер жана сарптоочу материалдар менен камсыздоо;
- медициналык мекемелерди жана вирусологиялык лабораторияны канаттуулар тумоосу менен ооруган үлгүлөрдү коопсуз топтоо жана ташуу үчүн жабдуулар менен камсыздоо;
- вирусологдорду канаттуулар тумоосун диагностикалоого окутуу;
- медициналык персоналды вирусологиялык изилдөө үчүн материалды коопсуз алуунун жана ташуунун эрежелерине окутуу;
- пробаларды жана вирустун изоляттарын европадагы региондук референс-лабораторияга жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдар;
- Кыргыз Республикасынын аймагында канаттуулар тумоосун лабораториялык мониторингдөө боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүшүн камсыздоо;
- Улуттук вирусологиялык лаборатория менен грипптин ЕРБ/ДСУ тармагындагы ишти координациялоо зарыл;
- канаттуулар тумоосунун вирустарын жана вируска каршы туруктуулукту молекулалык-генетикалык изилдөө.
Керектүү ресурстар: 3-4-тиркемелерди караңыз.
2.3. Телекоммуникация, байланыш жана транспорт системасын өркүндөтүү
Проблемалар:
- эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасынын мекемелеринде оперативдүү байланыш каражаттары: телефон жана мобилдүү байланыш, электрондук почта жок;
- пробаларды вирусологиялык лабораторияга жеткирүүгө, канаттуулар тумоосу чыккан учурларды текшерүүгө, эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө транспорт жетишсиз.
Иш-чаралар:
- эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасынын мекемелерин телефон, спутниктик жана электрондук байланыш каражаттары менен камсыздоо;
- пробаларды вирусологиялык лабораторияга жеткирүү, канаттуулар тумоосу чыккан учурларды текшерүү, эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн транспорт сатып алуу.
Керектүү ресурстар:
Санитардык автомашиналарды, компьютерлерди, мобилдүү байланыш каражаттарын сатып алуу. 9-тиркемени караңыз.
3. Канаттуулар тумоосунун таралышын болтурбоо
3.1. Ветеринар кызматкерлерди жана фермерлерди сактоо
Проблемалар:
Инфекция жуккан жаныбарлар менен контакт болгон ветеринар кызматкерлердин жана фермерлердин корголушу жетишсиз.
Иш-чаралар:
Инфекция жуккан жаныбарлар менен контакт болгон ветеринар кызматкерлерди жана фермерлерди камсыздоо үчүн өздүк коргонуу каражаттарынын резервдик запасын түзүү.
Керектүү ресурстар: караңыз: 1-бөлүк. Тумоого каршы чара көрүү боюнча эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы.
3.2. Тумоого каршы мезгилдик вакцинация
Проблемалар:
Опурталдуу топтогу калкты (5 жашка чейинки балдар, 65 жаштан улуулар, өнөкөт респиратордук оорудан жабыркагандар, медициналык жана ветеринар кызматкерлер) тумоого каршы эмдөө үчүн вакциналар жетишсиз.
Иш-чаралар:
- тумоого каршы мезгилдик эмдөө стратегиясын иштеп чыгуу, опурталдуу топторду аныктоо, вакцинанын керектүү санын эсептөө;
- вакцинаны чыгаруучулардын өзү же вакцина чыгарылчу өлкөлөр менен эки тараптуу макулдашуу жолу менен пандемиялык вакцинаны алуу мүмкүндүгүн кеңейтүү;
- вакцинаны ырааттуу муздак шартта сатып алууну, сактоону жана ташууну уюштуруу;
- опурталдуу топтогу калкты тумоого каршы мезгилдик эмдөө жүргүзүү.
Керектүү ресурстар:
- тумоого каршы мезгилдик эмдөө үчүн вакцина сатып алуу (100000 доза);
- муздаткыч жабдууларды (50 даана), бир жолку шприцтерди (100000 даана) кошумча сатып алуу.
3.3. Санитардык-карантиндик өткөрүү пункттары
Проблемалар:
- инфекциянын Кыргыз Республикасынын аймагына киришин болтурбоо үчүн санитардык-карантиндик өткөрүү пункттарында мүмкүнчүлүк жетишсиз;
- материалдык-техникалык база эскирген, байланыш жана транспорт каражаттары, канаттуулар тумоосуна чалдыкты деп шек туулган оорулууларды изоляциялоого мүмкүнчүлүктөр жок;
- мамлекеттик чегарадан өткөрүүдө инфекция оорулууларды аныктоо үчүн заманбап жабдуулар жок;
- персоналда канаттуулар тумоосу маселеси боюнча даярдыгы жетишсиз.
Иш-чаралар:
- санитардык-карантиндик пункттарды ремонттоо, байланыш каражаттары жана транспорт менен камсыздоо;
- канаттуулар тумоосуна чалдыкты деп шек туулган оорулууларды изоляциялоо үчүн бөлмөлөрдү даярдоо жана жабдуу;
- чек арадан өткөрүүдө калтырап-титиреген оорулууларды аныктоо үчүн заманбап жабдуу менен камсыздоо;
- персоналды канаттуулар тумоосу маселеси боюнча окутуу.
Керектүү ресурстар:
- санитардык-карантиндик пункттар үчүн жабдууларды жана шаймандарды (10 даана кушетка, 5 муздаткыч, 10 дистанциялык термометрия аппаратын, 10 чачыраткыч) сатып алуу;
- радио байланыш каражаттарын сатып алуу (5 даана);
- аныкталган сыркоолорду ооруканага жаткыруу үчүн транспорт сатып алуу (атайын автомашина - 2 даана);
- санитардык-карантиндик пункттардын персоналы үчүн тренингдерди колдоо (30 адамга 4 тренинг).
4. Саламаттык сактоо системасынын аракети
Проблемалар:
инфекциялык стационарлардын жана соматикалык стационарлардын инфекция бөлүмдөрүнүн кубаттуулугу пандемия учурунда дарылоого муктаж оорулуулардын баарын жаткырууга жетишсиз болушу мүмкүн;
- интенсивдүү терапия үчүн керектүү вируска каршы жана башка дары каражаттардын запасы жок;
- райондук аймактык ооруканалардын реанимация бөлүмдөрү жетиштүү жабдылган эмес;
- дээрлик бардык стационарлар медициналык персоналдын өздүк коргонуу каражаттары менен жетишсиз камсыздалган;
- медициналык кызматкерлер канаттуулар тумоосуна чалдыккан оорулуулар менен иштөөнүн жана профилактикалык иштерди уюштуруунун тактикасына окутууга жана канаттуулар тумоосу боюнча методикалык колдонмолорду, нускамаларды алууга муктаж;
- медициналык кадрлар жетишсиз;
- пандемия учурунда пациенттерди акысыз дарылоого каражат жетишсиз.
Иш-чаралар:
- вируска каршы атайын препараттардын запасын түзүү;
- медициналык персоналды өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздоо (РРЕ);
- клиника жана дарылоо боюнча методикалык колдонмолорду жана нускамаларды иштеп чыгуу;
- медициналык кызматкерлерди окутуу.
Керектүү ресурстар:
- болжол менен 100 оорулуу үчүн вируска каршы атайын препараттардын запасы;
- өздүк коргонуу каражаттары (15000 даана);
- алдыңкы адистерди (клиницисттерди, эпидемиологдорду, лабораториялык адистерди) оорулуулар менен иштөөгө окутуу (60 адам).
5. Калкты маалымдоо
Проблемалар: калктын жетишсиз маалымдуулугу.
Иш-чаралар:
- ар кайсы министрликтердин жана ведомстволордун басма сөз кызматтарынын жетекчилеринен турган Маалымат комитетин түзүү, ал пандемия учурунда коомчулукка расмий жана координацияланган маалымат берилишине жооптуу болот. Бул комитет ӨКСККкө отчет берет;
- коомчулуктун гриппке чалдыгууну болтурбоо жана жекече профилактика маселелеринде маалымдуулугун жогорулатууга арналган маалыматтарды жана өнөктүктү жарыялоо. Медициналык кызматкерлер, коомдук саламаттык сактоо кызматкерлери жана башка кызыкдар адистер үчүн маалыматтарды жарыялоо;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын канаттуулар тумоосуна каршы даярдык боюнча иш-чаралардын улуттук планына тийиштүү иштер, ошондой эле тумоонун мезгилдик жана пандемиялык таралышына каршы күрөшкө арналган чечимдер менен тааныштыруу;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин жана ишке тартылган министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерин канаттуулар тумоосу боюнча окутуу;
- калктын пандемиялык тумоо жөнүндө билиминин деңгээлин, ошондой эле коомчулуктун тынчсыздануу деңгээлин аныктоо үчүн "аркы-терки байланыш" механизмдерин өнүктүрүү. Имиштерди жана дезинформацияны токтотуу боюнча натыйжалуу ишти камсыздоо;
- ӨКСККтүн Маалымат комитетинин контролу астында Интернетте тийиштүү маалыматтык сайттарды түзүү жана кармоо;
- айылдык кеңештин кызматтарын маалымдоо өнөктүгүн жүргүзүүгө тартуу;
- маалымдоочу-билим берүүчү материалдарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык координация;
- "IRIS" тармаган маалымдоочу-билим берүүчү иш-чараларга тартуу;
- жергиликтүү коомчулуктарга негизделген тажрыйбалуу уюмдарды жана башка эл аралык уюмдарды (ПРООН, Швейцариянын кызматташуу боюнча бюросу ж.б.) тартуу.
Керектүү ресурстар:
- калк үчүн маалымдоочу өнөктүктөрдү (бир айлыктар, зоок-көрсөтмөлөр)өткөрүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифингдерди өткөрүү;
- жергиликтүү бийликтерди, эл аралык жана канаттуулар тумоосуна каршы иш-чараларга тартылган уюмдарды катыштырып тегерек үстөлдөрдү өткөрүү;
- баракчаларды (100000 нуска), буклеттерди (100000 нуска), телекөрсөтүүдө социалдык роликтерди чыгаруу (3 ролик).
III. Пандемиянын фазасы
Пандемия фазасынын учурундагы башкы проблема саламаттык сактоо системасынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген шартта ооруга чалдыгуунун жана өлүмгө учуроонун жогору деңгээлинен улам медициналык жардамга муктаж пациенттердин потенциалдуу саны көп болгондугунан чыгат. Кырдаал андан ары ден соолугу таза жумушчу күчтүн азайышы жана адамдык ресурстун жетишсиздиги менен татаалдашы ыктымал. Негизги персоналдын 30%ке жакыны тумоо жуктуруп алышы мүмкүн, бул аларды алмаштыруучу чара көрүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрүн тартуу жана кечиктирилгис чукул чараларды көрүү зарылдыгы чыгат.
1. Координация жана пландоо
Иш-чаралар:
Пандемия коркунучунун фазасында көрсөтүлгөндөй:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет (ӨКСКК) аркылуу тийиштүү министрликтер менен ведомстволорду, мамлекеттик мекемелерди оперативдүү жетектөөнү, координациялоону жана өз ара байланышта иш жүргүзүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн, тийиштүү министрликтер менен ведомстволорду жана мамлекеттик администрацияларды канаттуулар тумоосу боюнча абал жөнүндө оперативдүү маалымдоону камсыздоо;
- ыйгарым укуктуу министрликтердин обсервация режимин киргизишин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карантин режимин киргизишин камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин обсервациялык-карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө коомдук тартипти камсыздоого тартуу.
Мындан тышкары төмөнкүлөр зарыл:
- кырдаалга жараша приоритеттерди жана стратегияларды кайра карап чыгуу;
- ресурстарды жана каражаттарды артыкчылыктуу маселелерди чечүүгө кайрадан бөлүштүрүү;
- милдеттерди аныктоо жана Кыргыз Республикасынын ИИМи, ӨКМи, Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өнөржай, соода жана туризм министрлиги, Экономика жана финансы министрлиги сыяктуу тийиштүү министрликтер менен ведомстволорду ж.б.аларды чечүүгө тартуу.
2. Эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасынын пандемия режимине өтүшү
Эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасынын приоритеттерин жана багыттарын кайра кароо жана аларды пандемия режимине багыттоо зарылдыгы чыгат.
Пандемия коркунучунун фазасында көрсөтүлгөндөй, атап айтканда:
- адамдар арасында канаттуулар тумоосу чыгуу мүмкүндүгүн өз учурунда аныктоо максатында бардык деңгээлдерде эпидемиологиялык көзөмөлдүн маалыматтарын системалуу талдоо;
- адамдар гриппке чалдыккан, ошондой эле өлүмгө дуушарланган учурларды изилдөө;
- дарылоо-алдын алуу мекемелеринин персоналы үчүн грипп жана пневмониялар менен ооруга чалдыккандыкты эсепке алуу жана отчет берүү боюнча тренингдерди өткөрүү;
- эпидемиологдор үчүн эпидемиологиялык көзөмөлдөө, эпидемиологиялык маалыматтарды талдоо жана оору чыккан учурларды текшерүү боюнча тренингдер;
- канаттуулар тумоосунун чордондорунда профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча машыктыруучу көрсөтмө окууларды өткөрүү;
- өлгөндөрдүн, ооруканага жаткырылгандардын, ооруканадан чыгарылгандардын, коюлган койкалардын, жумшалган дары каражаттардын жана эмделгендердин санын эске алып, ресурстарды учурдагы керектөөлөргө жараша кайрадан бөлүштүрүү үчүн кырдаалды мониторингдөө жана баалоо;
- ооруканага жаткыруу талап кылынган оор учурларды аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруу максатында кошумча адамдык ресурстарды тартуу;
Керектүү ресурстар:
- оперативдүү көчмө топтун иштеши үчүн каражат бөлүү;
- кошумча тартылган адамдык ресурстардын эмгегине акы төлөө;
- системалуу окутуу үчүн каражаттарды бөлүү.
3. Канаттуулар тумоосунун таралышын алдын алуу
Пандемияда инфекция көп элдин арасында тез жайылып, эпидемияга каршы чоң иш жүргүзүү талап кылынат. Кошумча каражаттарды тартуу зарылдыгы пайда болот (атайын фонддор).
Иш-чаралар:
Пандемиянын биринчи толкуну мезгилинде социалдык обочолоо системасын киргизүү (мектептерди жабуу, жапырт жана оюн-зоок иш-чараларды токтотуу, туристтик делегациялардын барыш-келишин чектөө жана башка карантиндик иш-чаралар);
- вакцина чыгаруучулардын өзү же вакцина чыгарылчу өлкөлөр менен зки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу;
- пандемиялык вакциналарды колдонуу стратегиясын киргизүү үчүн материалдык запастарды жана оперативдүү керектөөлөрдү (вакциналардын запасын, аларды бөлүштүрүү мүмкүндүгүн, ырааттуу муздатуу бар экендигин, эмдөөчү кабинеттерди, вакцина куюу үчүн жабдууларды жана сарптоочу материалдарды) баалоо;
- пандемиялык вакцина бар болгон шартта гриппке каршы эмдөө стратегиясы үчүн улуттук стратегияны иштеп чыгуу, эпидемиялык кырдаалга жараша калктын артыкчылыктуу топторун (балдар, улгайгандар, медициналык кызматкерлер, тейлөө чөйрөсүнүн, транспорттун кызматкерлери, ж.б. аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун структуралары аркылуу опурталдуу жана артыкчылыктуу топторду пандемиялык вакцина менен жапырт эмдөө өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү.
Керектүү ресурстар:
- вакцина жана шприцтерди ташууга, сактоого жана эмдөө жүргүзүүгө иньекторлорду сатып алууга чыгымдар (атайын фонддун каражаттары);
- ишке тартылган кызматкерлердин эмгегине акы төлөө.
4. Саламаттык сактоо системасынын аракети
Пандемия учурунда калктын 30%ине инфекция жугушу, анын ичинен 10%и ооруканага жаткырууга муктаж болоору болжолдонууда. Койкалардын санын, реанимациялык иш-чараларды кескин көбөйтүү, чыгып калган медициналык кызматкерлердин ордуна кошумча адамдык ресурстарды тартуу керек болот, мындан тышкары өлгөндөрдүн саны көбөйгөнүнө байланыштуу проблемалар чыгат.
Иш-чаралар:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Гриппке каршы республикалык комитет аркылуу саламаттык сактоо мекемелерин оперативдүү жетектөө жана координациялоо;
- пандемия учуруна карата оперативдүү пландарды ишке киргизүү;
- дары каражаттардын азайтылбачу запастарын брондон чыгаруу, резервдеги койкаларды пайдалануу, жумшак жана катуу инвентарь менен камсыздоо, өздүк коргонуу, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо жана кошумча адамдык ресурстарды тартуу;
- ооруканалардын реанимация бөлүмдөрүн кеңейтүү жана жабдуу;
- эпидемиологиялык фонддун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордоштурулган иш-чаралар үчүн каражаттарын республикалык бюджеттен жана донорлук каражаттардан кошумча каржылоо менен пайдаланып, пандемия учурунда пациенттерди акысыз дарылоо үчүн каражаттар же фонддор болушун камсыздоо;
- калктын аялуу топторун эмдөө менен камтууну камсыздоо;
- методикалык колдонмолорду жана нускамаларды толуктап иштеп чыгуу жана кайра кароо;
- өлгөндөрдү патологоанатомиялык текшерүүнүн, сөөктөрдү сактоонун жана берүүнүн тартибин улуттук салттарды эске алып иштеп чыгуу.
Керектүү ресурстар:
- стационардык (155000 сыркоо), амбулаториялык ооруларды (150000 сыркоо) дарылоо үчүн дары каражаттарды жана медициналык арналыштагы буюмдарды сатып алуу;
- реанимациялык бөлүмдөр үчүн медициналык жабдууларды сатып алуу;
- жумшак жана катуу инвентарь сатып алуу;
- тартылган адамдык ресурстарга эмгек акы төлөө;
- методикалык колдонмолорду жана нускамаларды иштеп чыгуу үчүн эл аралык/улуттук консультанттарды/эксперттерди тартуу;
- методикалык колдонмолорду жана нускамаларды тираждоого жана таратууга чыгымдар;
- вирустардын вируска каршы препараттарга туруктуулугун изилдөө үчүн, ошондой эле молекулалык-генетикалык изилдөөлөр үчүн сарптоочу материалдар жана диагностикалык препараттар менен камсыздоо;
- вирусологдорду вирустардын вируска каршы препараттарга туруктуулугун изилдөөнүн методдору боюнча стажировкалоо;
- сурап алынбаган сөөктөрдү көмүү үчүн каражат караштыруу.
5. Калкты маалымдоо
Проблемалар:
- калктын маалымдуулугу аздыгы жана пандемия күчөгөн учурда калктын туура эмес жүрүм-турум мамилеси;
- маалымдоочу-билим берүүчү материалдардын жетишсиздиги;
- маалыматтык агымды координациялоо жетишсиз болуу мүмкүндүгү.
Иш-чаралар:
Пандемия коркунучунун фазасында көрсөтүлгөндөй, атап айтканда:
- ар кайсы министрликтердин жана ведомстволордун басма сөз кызматтарынын жетекчилеринен турган ӨКСККтүн алдындагы Маалымат комитетинин ишин камсыздоо, ал пандемия учурунда коомчулукка расмий жана координацияланган маалымат берилишине жооптуу болот;
- маалыматтык материалдарды жарыялоону жана коомчулуктун гриппке чалдыгууну болтурбоо жана анын жекече алдын алуу маселесиндеги маалымдуулугун жогорулатууга арналган өнөктүктөрдү, веб-сайттарды жана маалымат таратуучу башка каналдарды көбөйтүү;
- калктын пандемия жөнүндө билиминин деңгээлин аныктоо үчүн "аркы-терки байланыш" механизмдерин иштетүү. Имиштерди жана дезинформацияны токтотуу боюнча иштин натыйжалуулугун камсыздоо.
Керектүү ресурстар:
- маалымат комитети үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу (компьютердик жана офистик жабдуулар);
- көчмө радиоберүүчү станцияларды сатып алуу (20 атайын автомашина - ар бир облус жана Бишкек, Ош шаарлары үчүн 2ден);
- калк үчүн бир айлык маалымдоо өнөктүгүн өткөрүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифингдерди өткөрүү (такай жана зарылдыгына жараша);
- баракчаларды, эскерткичтерди, буклеттерди, телекөрсөтүүдөгү социалдык роликтерди чыгарууну көбөйтүү.
1-тиркеме
Канаттуулар тумоосун аныктоо үчүн лабораториялык жабдуулардын жана материалдардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин санэпид кызматынын вирусологиялык лабораториялары)
┌───────────────────────────────────────────────────────┬─────────────┐
│ Аталышы │ Саны │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Лабораториянын ВSL-3 талаптарына ылайыктыгын камсыздоо │2 лаборатория│
│(абаны зыянсыздоо менен автономдуу желдетүү системасы, │ │
│бөлмөлөрдү капиталдык ремонттоо ж.б.) │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Реалдуу убакыт режиминдеги ПЦР үчүн жабдуу │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│А-гриппти аныктоо үчүн ПЦР тест-системалар (Н5№1) │ 50│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Жаныбарлар жана адамдар арасында АН гриппти аныктоо │ 20│
│үчүн ПЦР тест-системалар │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Гриппти аныктоо үчүн ДСУнун жабдыктар тобу │ 16│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Еliх 5 Мilliроге чыпкалоо системасы үчүн Рrogardё2 │ 4│
│алдын ала тазалоочу картридж │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Чөйрөнү стерилдөө системасы үчүн Стерифил 500 │ 2│
│"Мilliроrе" фильтр кармагыч │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│"Терцик" көп каналдуу программаланчу амплификатор │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Медициналык соргуч │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Горизонтаддуу электрофорез үчүн камера SЕ-1 │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Кыпчыгыч, SЕ-1 камерасын кармагыч │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│SЕ-1 камерасы үчүн гельдүү рамка │ 1000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Электрофорез үчүн агароза │ 20│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Боегуч буфер │ 20│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Молекулалык таразанын маркери │ 20000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│200 мкл чейин дозаторлор үчүн чөйчөктүү универсаль │ 20000│
│учтар │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│1000 мкл чейин дозаторлор үчүн универсаль учтар │ 20000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│0,5-10 мкл дозаторлор үчүн чыпкалуу универсаль учтар │ 20000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│200 мкл чейин дозаторлор үчүн чыпкалуу универсаль учтар│ 20000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│0,5-10 мкл дозаторлор үчүн чыпкалуу универсаль учтар │ 20000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│1000 мкл чейин дозаторлор үчүн чыпкалуу универсаль │ 20000│
│учтар │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│1,5 мл микроцентрифугалык пробиркалар, илгичтүү, │ 20000│
│градустарга бөлүнгөн │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Микрошшеткалар үчүн 5 орундуу койгуч │ 4│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Латекс мээлейлер 6-7 размер │ 20000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Дезинфекциялоочу каражат ДП-2Т │ 8│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Өзгөрмө көлөмдүү 0,5-100 мкл пипетка "Biohit" │ 8│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Өзгөрмө көлөмдүү 10-100 мкл пипетка "Biohit" │ 8│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Өзгөрмө көлөмдүү 20-200 мкл пипетка "Biohit" │ 8│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Өзгөрмө көлөмдүү 100-ЮООмкл пипетка "Biohit" │ 8│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Урацил ДНК-гликозилаза │ 40│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Электрофорез үчүн ЭФ-300 │ 20│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│ДНК-сорб Б │ 40│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Рибо-сорб │ 40│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Суюк азоттуу Дюар идиши │ 8│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Дюар идиштерин техникалык тейлөө (суюк азот толтуруу) │ 96│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Тоңдуруу үчүн пробиркалар, көлөмү 2 мл, "Соr№i№g" │ 20000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Мурун-кеңилжээр үчүн тампон, полистирен │ 20000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Компьютерлик камсыздалган ридер (ИФА) │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Муз үчүн машина (ПЦР) │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Жумурткалар үчүн инкубатор │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Кайчылардын тобу │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Керектүү шаймандары бар компьютер (принтер, модем, │ 2│
│ж.б.) │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Интернет менен камсыздоо │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Лабораториялык кийим │ 1000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Экспресс-системалар │ 1000│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Үлгүлөрду алуу үчүн шаймандар тобу │ 200│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Жабдууларды сервистик техникалык тейлөө │ 2│
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Тондуруу үчүн пробиркалар, көлөмү 5 мл, "Соr№i№g" │ 20000│
└───────────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘
2-тиркеме
Вирусологдорду окутуу (2 вирусологду 1 ай СDСде окутуу, Атланта, АКШ)
┌─┬───────────────────────────────────────────────────────┬───────────┐
│№│ Арналышы │ саны │
├─┼───────────────────────────────────────────────────────┼───────────┤
│1│Алматы-Амстредам-Атланта авиабелеттер │ 2 адам │
├─┼───────────────────────────────────────────────────────┼───────────┤
│2│Медициналык камсыздандыруу │ 2 адам │
├─┼───────────────────────────────────────────────────────┼───────────┤
│3│Визалык колдоо │ 2 адам │
├─┼───────────────────────────────────────────────────────┼───────────┤
│4│Отелде жашоо │ 60 күн │
├─┼───────────────────────────────────────────────────────┼───────────┤
│5│Суткалык чыгымдар │ 61 күн │
└─┴───────────────────────────────────────────────────────┴───────────┘
Биопробаларды жана вирустардын изоляттарын ташуу (4 жылгы)
┌─┬───────────────────────────────────────────────────────┬───────────┐
│№│ Арналышы │ саны │
├─┼───────────────────────────────────────────────────────┼───────────┤
│1│Региондук референс лабораторияга жеткирүү │16 жеткирүү│
├─┼───────────────────────────────────────────────────────┼───────────┤
│2│Биопробаларды кургак жерде жүрүүчү транспорт менен │96 жеткирүү│
│ │Улуттук жана субнационалдык вирусологиялык │ │
│ │лабораторияларга региондордон жеткирүү │ │
└─┴───────────────────────────────────────────────────────┴───────────┘
3-тиркеме
Оор кагын менен ооруган бир сыркоону стационарда дарылоого керектүүлөр
┌─┬───────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐
│№│ Аталышы │ Дарылоо курсуна │
│ │ │ керектүүлөр │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│1│Антибактериялык терапия │ │
│ │- Амоксиклав 375 мг. │ 20 фл. │
│ │- Цефтриаксон 1 г. │ 20 фл. │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│2│Инфузиондук терапия │ │
│ │- Глюкоза 5%, натрий хлорид 0,9% │ 6 фл. │
│ │- Реополеглюкин 200 мл. │ 1 фл. │
│ │- Гемодез 400 мл. │ 3 фл. │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│3│Гормондор │ │
│ │- Преднизолон 1 x 3 30 мг. │ 6 уп. │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│4│Эттин ысыганын басуучулар │ │
│ │- Анальгин 50% - 2,0 │ 1 уп. │
│ │- Димедрол 1% - 1,0 │ 1 уп. │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│5│Башкалар │ │
│ │- Дофамин - 4% - 5,0 │ 2 уп. │
│ │- Диазепам - 2% № 5 │ 2 уп. │
│ │- Маннит - 15% - 200 мл. │ 3 фл. │
│ │- Фурасемид - 2% № 10 │ 1 уп. │
│ │- Дицинон - 2,0 № 5 │ 1 уп. │
│ │- Эуфиллин - 2,4% - 1 0,0 │ 1 уп. │
│ │- Амбросан № 30 │ 1 уп. │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│6│Медициналык арналыштагы буюмдар │ │
│ │- венага куюучу системалар │ 6 даана │
│ │- шприцтер │ 20 даана │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│7│Койкада жатуу (тамактануу, кислород, жасалма │ │
│ │вентиляция ж.б.) │ │
└─┴───────────────────────────────────────────────┴───────────────────┘
4-тиркеме
Тумоо менен ооруган бир сыркоону амбулаториялык дарылоого керектүүлөр
┌─┬───────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐
│№│ Аталышы │ Дарылоо курсуна │
│ │ │ керектүүлөр │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│1│Вируска каршы препарат │ │
│ │Тамифлю 75 мг. № 10 │ 5 уп. │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│2│Башкалар │ │
│ │Парацетомол 500 мг. № 10 │ 1 уп. │
│ │Амбросан № 30 │ 1 уп. │
└─┴───────────────────────────────────────────────┴───────────────────┘
5-тиркеме
Кагындын орточо оордуктагы түрү менен ооруган бир сыркоону стационарда дарылоого керектүүлөр
┌─┬───────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐
│№│ Аталышы │ Дарылоо курсуна │
│ │ │ керектүүлөр │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│1│Антибиотиктер │ │
│ │- Амоксациллин 25 мг. № 20 │ 4 уп. │
│ │- Спирамицин 3 млн. │ 3 уп. │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│2│Башкалар │ │
│ │- Парацетомол 500 мг. № 10 │ 1 уп. │
│ │- Амбросан № 30 │ 1 уп. │
└─┴───────────────────────────────────────────────┴───────────────────┘
6-тиркеме
Тумоо пандемияга айланган учурда стационарлардын жумшак жана катуу инвентарга муктаждыгы
┌─┬───────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐
│№│ Аталышы │ Керектүүлөр │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│1│Керебет │ 100 даана │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│2│Матрац │ 500 даана │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│3│Жаздык │ 300 даана │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│4│Жууркан-төшөк │ 300 даана │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│5│Тумбочка │ 100 даана │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│6│Идиштер │ │
│ │Биринчи тамак үчүн тарелка │ 300 даана │
│ │Экинчи тамак үчүн тарелка │ 300 даана │
│ │Стакандар │ 300 даана │
│ │Кашыктар │ 300 даана │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│7│Дезинфекциялагыч эритмелер үчүн челектер │ 120 │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│8│Атайын кийим (медициналык халаттар, чепчиктер) │ 1000 даана │
├─┼───────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│9│Өздүк коргонуу каражаттары (костюм) │ 15000 комп. │
└─┴───────────────────────────────────────────────┴───────────────────┘
7-тиркеме
Эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүгө керектүү материалдар
┌──┬─────────────────────────┬────────────┬───────────────────────────┐
│№ │ Аталышы │Бирдиктердин│ Арналышы │
│ │ │ саны │ │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│1 │Санитардык автомашиналар │ 10 │Мамлекеттик │
│ │ │ │санэпидкөзөмөлдүн райондук │
│ │ │ │жана шаардык 50 борбору │
│ │ │ │үчүн эпидемияга каршы │
│ │ │ │оперативдүү иш-чаралар, │
│ │ │ │пробаларды жеткирүү үчүн │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│2 │Комплектилүү компьютерлер│ 100 даана │Мамлекеттик │
│ │ │ │санэпидкөзөмөлдүн райондук │
│ │ │ │жана шаардык 50 борбору │
│ │ │ │үчүн жана 50 үй-бүлөлүк │
│ │ │ │медицина борбору үчүн │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│3 │Портативдик компьютер │ 2 │ │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│4 │Мультимедиялык каражаттар│ 2 │ │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│5 │Интернетке кошуу │ 150 даана │Мамлекеттик │
│ │ │ │санэпидкөзөмөлдүн райондук │
│ │ │ │жана шаардык 50 борбору │
│ │ │ │үчүн жана 50 үй-бүлөлүк │
│ │ │ │медицина борбору жана 50 │
│ │ │ │аймактык оорукана үчүн │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│6 │Радиобайланыш каражаттары│ 5 даана │Санитардык контролдоо │
│ │(зымсыз) │ │пункттары үчүн │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│7 │Тренингдер │ 66 │600 катышуучу │
│ │ │ │(эпидемиологдор, │
│ │ │ │ветеринарлар, аңчылар), │
│ │ │ │2000 медициналык кызматкер │
│ │ │ │ПМСП │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│8 │Программалык камсыздоо │ │Канаттуулар тумоосуна │
│ │ │ │чалдыккан учурларды │
│ │ │ │мониторингдөө үчүн │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│9 │Өздүк коргонуу │ 5000 │ │
│ │каражаттары (комплект) │ │ │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│10│Басып чыгаруу жана │Ар бири 100 │Эпидемиологиялык көзөмөлдөө│
│ │таратуу │барактан │системасын жакшыртуу боюнча│
│ │ │10000 нуска │Өкмөттүн буйругу жана башка│
│ │ │ │нормативдик жана │
│ │ │ │методологиялык документтер │
├──┼─────────────────────────┼────────────┼───────────────────────────┤
│11│Окуу сапарлары │ 2-3 адам │Эпидемиологиялык көзөмөлдү │
│ │ │ │уюштуруу боюнча тажрыйба │
│ │ │ │алуу жана канаттуулар │
│ │ │ │тумоосунун алдын алуу │
│ │ │ │боюнча чаралар үчүн │
└──┴─────────────────────────┴────────────┴───────────────────────────┘