Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 19-январы № 31
"Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 21-ноябрындагы № 392 "Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмү 50 процентке көбөйтүлсүн.
2. "Эл" жана "эмгек сиңирген" ардактуу наамдары үчүн үстөк акысы негизги иштеген жери боюнча, Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган кызмат акыга жана тарифтик ставкага карата белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги 2006-жылга каралган эмгекке акы төлөө фондунун чектеринде зарыл ассигнование жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ф.Кулов
|