Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-январы № 35 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2005-жылдын 5-сентябрында Москва шаарында кол коюлган Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйынтыктарына карата укуктарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосунда 2005-жылдын 5-сентябрында Москва шаарында кол коюл-ган Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө интеллек-туалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйынтыктарына каратаукуктарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун 16-статьясына ылайык мам-лекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында,
"Кыргыз Республикасы-нын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана
"Кыргыз Республикасынын норма-тивдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыныннегизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосунда 2005-жылдын 5-сентябрында Москва шаарында кол коюл-ган Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө интеллек-туалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйынтыктарына каратаукуктарды өз ара коргоо жөнүндө тиркелген
макулдашуу бекитилсин. 2. Жогоруда аталган Макулдашуудан келип чыккан милдеттенмелердиаткаруу боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист-рлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына, КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Экономикажана финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдарминистрлигине, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм ми-нистрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдыкменчик боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясына жүктөлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулда-шуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордуКыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө россиялык тарапка билдирсин. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 5. Ушул Макулдашуунун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агент-тикке жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов