Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт үйү 2006-жылдын 3-февралы, №62 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатыМ.А.Султанов тарабынан демилге кылынган "Жергиликтүү өз алдынчабашкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбооруна тиркелген
корутундунун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинежиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Бишкек шаары, Өкмөт үйү2006-жылдын 3 февралы, №24-57/29 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилгекылынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүүмамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунжетекчиликке алуу менен аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздербоюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт. Мыйзам долбоорунда республиканын бийик тоолуу жанаалыскы зоналарында эмгек акысы республикалык бюджеттенкаржылана турган айыл башчысынын кызматын киргизүүсунушталат. "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизгипринциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37статьясына ылайык республикалык бюджеттен жалпы мамлекеттикмааниси бар иш-чаралар каржыланат, бул боюнча жоопкерчиликтиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары аркылуу толугуменен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт. Жергиликтүүбюджеттердин каражаты жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын жергиликтүү маанидеги иштерди чечишинежумшалат. Айыл башчысынын кызматы жергиликтүү иштердиоперативдүү башкаруу үчүн айыл өкмөтүнүн чечими менен берил-ген фуњкцияны аткарат. Ушуну менен катар бул мыйзам долбоорун кабыл алууреспубликалык бюджеттен кошумча 2006-жылга 12,93 млн. сомбөлүүнү талап кылат, бул республикалык бюджеттин тартыштыганкөбөйтөт. Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жылсайын жогорулатууга байланыштуу финансы ресурстарынынчектелүү экендигине, ошондой эле Экономикалык саясат боюнчамеморандумдун көрсөткүчтөрүнө ылайык фискалдык дефициттикыскартуу зарылдыгына байланыштуу бул мыйзам долбоорун кабылалуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Премьер-министр Ф.Кулов