Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-февралы № 78
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Жогорку экономикалык кењеш жөнүндө
(2008-жылдын 16-августундагы № 452 токтомунун
редакцияларына ылайык)
Натыйжалуу экономикалык саясат түзүү жана жүргүзүү максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык
кењеш түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык
кењештин курамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку экономикалык
кењеш жөнүндө жобо.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аталган Кењештин ишине
көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо "Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө"
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 8-февралындагы
№ 78 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Жогорку экономикалык кењештин
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 16-августундагы № 452 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кызматы боюнча:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кењештин төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Кењештин тө-
рагасынын орун басары,
кењеш берүүчү добуш укугу менен:
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министри;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу
кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчилери.
Жекече:
Шадиев Аскарбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Алимбаевич Экономика, бюджет жана финансы боюнча коми-
тетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ормонов Улугбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Зулпукарович Өнөржайды, сооданы, туризмди, чакан, орто
бизнести, транспортту, коммуникацияны, куру-
лушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча
комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Данилов Юрий - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Анатольевич Отун-энергетика комплекси жана кен казынала-
рын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Салин Данияр - "Кант цемент заводу" ачык акционердик коому-
Равильевич нун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Абилдаев Болот - "Газпром Нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген
Ералханович коомунун башкы директору (макулдашуу боюн-
ча);
Сыдыков Бактыбек - "Манас" эл аралык аэропортунун президенти -
Үсөнович башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жаныбеков Женишбек - "Интергласс" жоопкерчилиги чектелген коому-
Эмилбекович нун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Ким Татьяна - Салык консультанттары палатасынын Коомдук
Михайловна бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макул-
дашуу боюнча);
Байгуттиев Жењиш - "Толубай" акционердик коммерциялык банкынын
башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Басс Константин - "Вимм-Билль-Данн - Борбордук Азия" компания-
Борисович сынын региондук дирекциясынын региондук ди-
ректору (макулдашуу боюнча);
Эгембердиев Жумадыл - "Шоро" жабык акционердик коомунун башкы ди-
Бердигулович ректору (макулдашуу боюнча);
Турсунбеков Чыныбай - "Акун" жабык акционердик коомунун башкы ди-
Акунович ректору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов