Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 9-февралындагы № 82 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-мартындагы №145 «Эмгек келишиминин жана отпуска жөнүндө каттын болжолдуу түрүнбекитүү жөнүндө»
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Преамбуладагы «95» жана «170» деген сандар тиешелүү түрдө «53»жана «127» деген сандарга алмаштырылсын; Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эмгек келишимининболжолдуу түрүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - түрдү жөндөмөлөрдөгү «жалдоочу» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө«жумуш берүүчү» деген сөздөр менен алмаштырылсын; - «199» деген сан «200» деген санга алмаштырылсын;- 8-пункттун экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Эмгеккодексинин 203-статьясына ылайык» деген сөздөр алып салынсын;- 12-пункттагы «116» дегн сан «79». 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-декабрындагы №820 «Иштөөдө материалдык толук жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгүкелишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызматтар менен жумуштардынБолжолдуу тизмесин жана Материалдык толук жеке жоопкерчилик жөнүндөболжолдуу келишимди бекитүү тууралуу»
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөркиргизилсин: - токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: «Иштөөдө толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдыкжоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндө келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгонкызматтар менен жумуштардын болжолдуу тизмесин бекитүү жөнүндө»; - преамбулдагы "390" деген сан "284" деген санга алмаштырылсын; - 1-пункттун экинчи абзацтагы "толук" деген сөз "жекече, жамааттык(бригадалык)" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "2. Бардык чарбакер субъекттер менчигинин түрүнө жана формасына карабастан ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Тизмени жетекчиликке алышсын. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдарБолжолдуу тизмени эске алуу менен толук жекече, жамааттык (бригадалык)материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишим түзүлүшү мүмкүн болгон кызматкерлер ээлөөчү же аткаруучу кызмат орундарынын жана жумуштардын тизмесин өз алдынча бекитүүгө укуктуу.". - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштөөдө толук матери-алдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызматтар менен жумуштардын Болжолдуу тизмесинин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: "Иштөөдө толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкер-чилик жөнүндө жазуу жүзүндө келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызмат-тар менен жумуштардын болжолдуу тизмеси". - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жекече материалдык толук жоопкерчилик жөнүндө болжолдуу келишимге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталышында "толук жекече" деген сөздөрдөн кийин ", жамааттык (бригадалык)" деген сөздөр менен толукталсын; - преамбуладагы "390" деген сан "284" деген санга алмаштырылсын; - бүткүл текст боюнча "толук жекече" деген сөздөрдөн кийин ", жамааттык (бригадалык)" деген сөздөр менен толукталсын; - бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "жалдоочу" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "жумуш берүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 "Сезондук жумуштардын Тизмегин бекитүү жөнүндө"
токтомуна төмөн-күдөй өзгөртүү киргизилсин: - преамбуладагы "490" деген сан "341" деген санга алмаштырылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 "Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча баракформасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө"
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 2-пункттун экинчи абзацындагы "2004-жыл" деген сөздөр "2005-жыл"деген сөздөр менен алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эмгек китепчелеринин формасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: "Иштеген иши жөнүндөгү маалыматтар/Сведения о работе" деген IIIбөлүмдөгү "(8 барак/8 разворотов)" деген сөздөр "(11 барак/11 разво-ротов)" деген сөздөр менен алмаштырылсын. "Сыйлыктары жөнүндөгү маалыматтар/Сведения о награждении" деген IVбөлүмдөгү "(6 барак/6 разворотов)" деген сөздөр "(4 барак/4 разво-рота)" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - жогоруда аталган
токтом менен бекитилген Эмгек китепчелеринжүргүзүү
тартибине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - V бөлүм төмөнкү мазмундагы 5.3-пункт менен толукталсын: "5.3. Эгерде эмгек китепчеси (кошумча барак) жумуш берүүчүнүнкүнөөсү менен жоголуп кетсе, анда эмгек китепчесинин (кошумча барактын) экинчи нускасын жана андагы болгон жазууларды жумуш берүүчү өзүнүн эсебинен калыбына келтирүүгө милдеттүү. 5. Бул токтом жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов