Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы № 96
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан кор-гоо министрлигинин баштапкы кесиптик белим берүү тутумун реформалоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 20-сентябрындагы№ 700 токтому менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынынбаштапкы кесиптик белим берүү тутумун реформалоо боюнча иш-чаралардынпланын аткарууда баштапкы кесиптик билим берүү тутумунун билим берүүуюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу маселелерин тар-типке келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн"Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларында жетим балдар үчүн билимберүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө"
1999-жылдын 15-октябрындагы № 566, "Кем-карч үй-бүлөдөн, жетим балдар-дан, майыптардан, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынан жана башка со-циалдык аялуу категориялардан чыккан жашы жетпегендерди социалдык-эм-гектик реабилитациялоо чаралары жөнүндө"
1999-жылдын 2-декабрындагы №658, "Социалдык-маданий мекемелердеги тамак-аштын нормалары жөнүндө"(мындан ары - эсептик нормалар)
2002-жылдын 31-июлундагы № 510 токтом-дорунан ылайык иштелип чыккан. 1. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучуларына акысыз тамак-аш уюштуруу 1.1. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучулары(камкордукта, көзөмөлдүктө тургандарды кошкондо) эсептик нормаларгаылайык бекер тамак-аш менен камсыз кылынат. 1.2. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын аш-каналарында окуучулардын тамак-ашынын рационунун наркы ашкананын чыгым-дарын жабууга кошулуучу бааны эсепке албастан белгиленген. 1.3. Өндүрүштүк практиканын мезгилинде окуучуларга тамак-аштын ор-дуна акчалай компенсация же бекитилген норма боюнча кургак поек бери-лет. 1.4. Тамак-аштын ордуна окуучуларга накталай акча төлөө окуу жайбоюнча буйрук менен бекитилген тизме боюнча жүргүзүлүшү керек. 2. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окуган жетим балдардын жана реабилитациялык борборлордун окуучуларынын тамак-ашын уюштуруу 2.1. Жашы жетпеген (18 жашка) жана ата-энесинин жоктугун ырастоочутөмөнкүдөй документтерди көрсөткөн окуучулар жетимдер болуп саналат: - ата-энесинин өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн; - баланы таштап кеткендигин ырастоочу документтерди; - балдар мекемелеринен же билим берүү бөлүмүнөн маалымкатты. 2.2. Реабилитациялык борборлордо кем-карч үй-бүлөлөрдүн балдары,жетим балдар, майыптар, балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардынтарбиялануучулары, көзөмөлсүз калган жана башка социалдык аялуу катего-риялардын балдарынан турган окуучулар окушат. 2.3. Реабилитациялык борборлордун окуучулары жана жетим балдарүчүн тамак-аштын рационунун наркы, окуу мөөнөтүнө карабастан эсептикнормаларга ылайык аныкталат. 2.4. Ооруп калган мезгилдерде, каникул күндөрүндө, эгерде окуучу-лар уюштурулган эс алуучу жерлерге барбаса, ошондой эле ысык тамак-ашуюштурууга мүмкүнчүлүк болбогондо, окуучуларга накталай акча же эсептикнормаларга ылайык кургак паек берүүгө уруксат берилет. 3. Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тамак-ашын уюштуруу 3.1. Билим берүү уюмдарынын ашканаларында кызматкерлердин тамакта-нуусу накталай эсептешүү менен жүргүзүлөт. 3.2. Окуу жайлардын кызматкерлеринин тамактануусу үчүн ашканагабилдирүү окуучулардын тамактануусуна билдирүүдөн өзүнчө берилет жанакызматкерлердин жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде түзүлөт. 4. Ашкананы кармоо 4.1. Билим берүү уюмдарынын ашканаларын кармоо накталай каражаттарменен берилүүчү сумманын кошпогондо "Тамак-аш" деген 1.3.2.3-статьядантамак-аш азыктарын сатып алууга багытталган иш жүзүндөгү суммадан окуужайдын атайын эсебине 20 пайыздык чегерүүнүн эсебинен ишке ашырылат. 4.2. Окуу жайда ашкана жок болгон же иштебеген учурларда окуучу-ларга накталай акча же эсептик нормаларга ылайык кургак паек берүүгөуруксат берилет, бирок 20 пайыз өлчөмүндө чегерүү жүргүзүлбөйт. 4.3. Бул чегерүүлөр окуу жайдын атайын эсебинин максаттуу каражат-тары болуп саналат, ал пайда алууну же киреше түзүүнү көздөбөйт жанаашкананын төмөнкүдөй чыгымдарын жабууга багытталат: - шеф-ашпозчунун же ашканадагы коомдук тамактануунун кызматкерле-рине эмгек акы төлөөгө; - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүгө; - идиш-аяк жана ашкана приборлорун сатып алууга; - эмерек, технологиялык жана башка жабдууларды сатып алууга. 5. Окуучу-спортсмендердин тамак-ашын уюштуруу 5.1. Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары(спортсмендери) эсептик нормаларга ылайык бекер тамак-аш менен камсызкылынат. 6. Реабилитациялык борборлордун окуучуларын жана жетим балдарды инвентарлар жана башка материалдар менен камсыз кылуу 6.1. Реабилитациялык борборлордун окуучулары жана жетим балдарэсептик нормаларга ылайык кийим, бут кийим, төшөнчү-орун, дары-дармек,жабдуулар, окуу китептери, окуу материалдары, ошондой эле кењсе буюмда-ры менен камсыз кылынат.