ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылынын 15-февралындагы № 96 «Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

                               КР Өкмөтүнүн              2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512 токтомуна ылайык                               КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 15-февралы № 96

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

            Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим

             берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын

             материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону

                            бекитүү жөнүндө

 

     "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-

рлигинин баштапкы кесиптик билим берүү тутумун реформалоо жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнун 2004-жылдын 20-сентябрындагы № 700 токто-

му менен бекитилген 2010-жылга чейин  Кыргыз  Республикасынын  баштапкы

кесиптик билим берүү тутумун реформалоо боюнча иш-чаралардын планын иш-

ке ашыруу жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү  уюмдарынын

окуучуларын материалдык жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим

берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан  камсыз  кылуу  жөнүндө

тиркелген Жобо бекитилсин.

     2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан  коргоо  ми-

нистрлигинин  баштапкы  кесиптик билим берүү башкармалыгы ушул токтомду

аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

     3. Кыргыз  Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги баш-

тапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын реабилитациялык борборлорун  жана

чыгымдарынын  корголгон статьяларын өз убагында жана толук көлөмдө кар-

жылоону камсыз кылсын.

     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий  өнүктүрүү  баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов