Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 17-февралы N 102
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чегара маселеси боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 553,2010-жылдын 28-январындагы №40 токтомунун редакциясыяларына ылайык)
"Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чегара маселеси боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ра- тификациялоо тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Чегара кыз- маты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегараны күзөтүү жана коргоо жагын- дагы башка нормативдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республи- касынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы (макулдашуу боюнча)Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чегара маселеси боюнча кыз- матташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууда кыргыз тараптын өкүлү болуп аыыкталсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 553, 2010-жылдын 28-январындагы №40 токтомунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы(макулдашуу боюнча) Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Кыргыз Республикасындагы оперативдүү Чегара тобу бошоткон, Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген кыймылсыз мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзам- дарына ылайык кабыл алууну жүзөгө ашырсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 553, 2010-жылдын 28-январындагы №40 токтомунун редакциясыяларына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасы- нын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов